﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:01.881
- Сизге бир суроо.

2
00:00:01.921 --> 00:00:04.148
Кимдир-бирөө канча акча берсе,

3
00:00:04.188 --> 00:00:06.680
өмүрүңүздүн аягына чейин интернеттен
баш тартаар элеңиз?

4
00:00:06.720 --> 00:00:07.776
-Ой, коюңузчу!

5
00:00:07.816 --> 00:00:09.924
- Бул - фантастикалык суроо го.

7
00:00:12.490 --> 00:00:14.257
1 миллион доллар сизге интернеттен

8
00:00:14.297 --> 00:00:15.809
баш тартууңуз үчүн жетиштүүбү?

9
00:00:15.849 --> 00:00:16.658
-Магабы? Жок.

10
00:00:16.698 --> 00:00:18.549
- Мен андай чакырыкты эч
кабыл албайм го деп ойлойм.

11
00:00:18.589 --> 00:00:20.576
- Менин бүткүл жашоом дээрлик
ошол жакта болуп жатпайбы.

12
00:00:20.616 --> 00:00:21.951
-Бул акча 15-20 миллион доллардан

13
00:00:21.991 --> 00:00:26.030
ашык болгондой сунушталышы керек го.

14
00:00:26.070 --> 00:00:27.317
-Эки миллион, миллиард.

15
00:00:27.357 --> 00:00:29.790
-Менимче, бул миллиарддаган
акчага тете го.

16
00:00:29.830 --> 00:00:31.669
-Бул суроого студенттерим:

17
00:00:31.709 --> 00:00:33.313
"Мага төлөөгө Сиздин
акчаңыз жетпейт да",

18
00:00:33.353 --> 00:00:37.060
"5 миллион, жок, 10 миллион болсун".
"Миллиард доллар", дешти.

19
00:00:37.100 --> 00:00:39.078
-Түштүк методист университетинин
профессору Майкл Кокс

20
00:00:39.118 --> 00:00:41.926
жаңы технология жөнүндө көп ойлонот.

21
00:00:41.966 --> 00:00:43.419
- Анда мен сизге башка суроо берейин.

22
00:00:43.459 --> 00:00:46.102
Интернетти колдонуу үчүн
канча төлөшүңүз керек?

23
00:00:46.142 --> 00:00:49.580
Он миллион? Миллион? Жүз миң?

24
00:00:49.620 --> 00:00:50.986
Миң элеби? Жок.

25
00:00:51.026 --> 00:00:53.900
-Интернеттин баасы күнүнө
бир аз цент эле болот.

26
00:00:53.940 --> 00:00:57.184
-Ошентип, базарда баалуулук, б.а. сиз
төлөөгө даяр болгон баа менен,

27
00:00:57.224 --> 00:01:00.467
чыгымдын ортосунда чоң
айырма келип чыкты.

28
00:01:00.507 --> 00:01:04.107
-Интернетти пайдалануу арзан жана
бул барган сайын арзандап келет.

29
00:01:04.147 --> 00:01:06.823
Иш жүзүндө, акыркы 2 жылда

30
00:01:06.863 --> 00:01:10.977
жогорку ылдамдыктагы Интернеттин
баасы 50%дан ашык төмөндөдү.

31
00:01:11.017 --> 00:01:12.965
Бардык жагдайлар арзандап баратат.

32
00:01:13.005 --> 00:01:15.955
-"Юнивак" электрондук эсептөө
тармагында көч баштап келет.

33
00:01:15.995 --> 00:01:18.823
-Алгачкы компьютерлер чоң болуп,
жай иштечү

34
00:01:18.863 --> 00:01:20.811
жана алардын баасы миллиондогон
доллар болчу.

35
00:01:20.851 --> 00:01:24.183
-Мына бул - көңүл ачуу үчүн
жасалган фотоаппарат.

36
00:01:24.223 --> 00:01:27.439
-Бир аз мурун эле мындай
фотоаппарат кол жеткис болчу.

37
00:01:27.479 --> 00:01:30.142
Видеокамералар да анын сыңарындай эле.

38
00:01:30.182 --> 00:01:33.256
Ал эми бүгүн смартфондор ичине
орнотулган видеокамера, фотоаппарат

39
00:01:33.296 --> 00:01:38.009
жана башка бардык тейлөө
кызматтары менен сунушталат.

40
00:01:38.049 --> 00:01:40.553
1980-жылдардын ортосунда
базарга чыккан

41
00:01:40.593 --> 00:01:42.458
алгачкы уюлдук телефондор
ушундай көрүнчү.

42
00:01:42.498 --> 00:01:45.790
Баасыбы? 4000 доллар.

43
00:01:45.830 --> 00:01:50.369
-Опей! 4000 доллар? Жо-ок.

44
00:01:50.409 --> 00:01:54.398
-Мен жакында көргөн бул өнүм,
бул 3G телефону, 39 доллар болчу.

45
00:01:54.438 --> 00:01:56.463
-Товарды сатып алардан
мурун анын баасынын

46
00:01:56.503 --> 00:01:58.129
төмөндөшүн күткөн
учурларыңыз болобу?

47
00:01:58.169 --> 00:02:00.478
- Ооба, карындаш. Айпадды күттүм.

48
00:02:00.518 --> 00:02:03.058
-Көпчүлүгүбүз арзаныраак бааны күтөбүз.

49
00:02:03.098 --> 00:02:05.163
Бирок эмне үчүн буюмдар арзандайт?

50
00:02:05.203 --> 00:02:07.434
-Жаңы өнүм базарга чыкканда,
баарыбыз кезекке турабыз.

51
00:02:07.474 --> 00:02:08.922
Баарыбыз ал үчүн кезекке тизилебиз.

52
00:02:08.962 --> 00:02:11.188
Алдыда өзгөчө бай кишилер турат.

53
00:02:11.228 --> 00:02:12.555
Алар эң жогорку бааны төлөшөт да,

54
00:02:12.595 --> 00:02:14.172
жаңы өнүмдүн эң начар вариантын алышат.

55
00:02:14.212 --> 00:02:15.755
-Акылыма, билесизби, "Уолл-стрит"

56
00:02:15.795 --> 00:02:18.793
тасмасындагы Майкл Дуглас келди.
Деңиз жээктеген учуру.

57
00:02:18.833 --> 00:02:20.040
-Мени бир таң калтырчы, дос.

58
00:02:20.080 --> 00:02:24.032
-Дуглас 1987-жылкы тасмада Гордон Геко
деген шүмшүктүн ролун аткарат.

59
00:02:24.072 --> 00:02:25.383
Ал - чириген бай.

60
00:02:25.423 --> 00:02:29.437
Бирок анын телефонунда эч кандай
эс тутум, колдонмолор, музыка жок болчу.

61
00:02:29.477 --> 00:02:31.860
Ал басчу седептери бар кирпичтей эле.

62
00:02:31.900 --> 00:02:34.522
-Ошентип, алгачкы бир нече жыл ичинде
өнүмдөр абдан кымбатка турат,

63
00:02:34.562 --> 00:02:36.516
анткени өнүктүрүүгө кеткен
чыгымдар төлөнөт.

64
00:02:36.556 --> 00:02:39.467
- Иштеп чыгуучулар жаңы технологияны
сынактан өткөрүп,

65
00:02:39.507 --> 00:02:41.924
аны көбүрөөк кишилерге
сатуу аркылуу

66
00:02:41.964 --> 00:02:44.089
кантип чоң акча табуунун
жолдорун издешет.

67
00:02:44.129 --> 00:02:47.183
Бирок көпчүлүк уюлдук телефон
үчүн миңдеген доллар

68
00:02:47.223 --> 00:02:50.057
сарптоону каалашпайт да,
тек күтө турушат.

69
00:02:50.097 --> 00:02:53.832
-Эгер баары күтө берчү болсо, анда
жаңы өнүм чыкпай жатып жоголот.

70
00:02:53.872 --> 00:02:55.975
Ал эч качан базарга чыкпай калмак.

71
00:02:56.015 --> 00:02:59.163
Демек, кимдир бирөө туңгуч өнүмдү
өлүмдөн сактап туруш үчүн

72
00:02:59.203 --> 00:03:00.886
анын наркын төлөп турат,
бул кимдир бирөө - бай кишилер.

73
00:03:00.926 --> 00:03:04.505
-Чыныгы турмуштагы Гордон Гекколор
өнүмдү кымбат кезинде сатып алат

74
00:03:04.545 --> 00:03:07.812
жана натыйжада биз анын кыйла арзан,
мыкты нускасы менен ыракаттанабыз.

75
00:03:07.852 --> 00:03:11.583
-Капитализм өзүнө орнотулчу жыргалчылыкты
өткөрүп туруу системасына ээ.

76
00:03:11.623 --> 00:03:16.376
Эми уюлдук телефондор дагы эле
4000 доллар турат деп элестетели.

77
00:03:16.416 --> 00:03:19.364
Бүгүнкү күндө уюлдук телефондор ушунча
кымбат турса, сизде анын бири болот беле?

78
00:03:19.404 --> 00:03:20.943
-Жок.
-Андайды алмак эмесмин.

79
00:03:20.983 --> 00:03:24.935
-Бирок бүгүн биз баарыбыз дүйнөдөгү
эң бай кишилер жакында эле колдонгон

80
00:03:24.975 --> 00:03:26.677
нерселерден алда канча жогору турган

81
00:03:26.717 --> 00:03:28.690
товарлардын ыракатын көрүүдөбүз.

82
00:03:28.730 --> 00:03:32.513
Ал эми аспирин, аба жөндөгүч жана
мыкты жабдылган автоунаалар сыяктуу

83
00:03:32.553 --> 00:03:36.478
көптөгөн нерселер мындан бир кылым
мурда таптакыр жок болчу.

84
00:03:36.518 --> 00:03:38.180
- Бул абдан күлкүлүү.

85
00:03:38.220 --> 00:03:40.619
- Бул күлкү келтирүү менен чектелбейт.

86
00:03:40.659 --> 00:03:44.784
Жаңы технологияны колдонуп бүт тараптагы
жакындарыбыз менен баарлашабыз.

87
00:03:44.824 --> 00:03:48.600
Ал сансыз жолдор менен турмушту
жакшыртып, өмүрлөрдү сактап келет.

88
00:03:48.640 --> 00:03:51.378
-Мунун баарын сизге жеке
менчик тармак алып келди.

89
00:03:51.418 --> 00:03:53.964
-Кокстун айтымында, бул иш
миллиондогон америкалыктардын

90
00:03:54.004 --> 00:03:55.717
күн сайын ишке чыгып,

91
00:03:55.757 --> 00:03:58.795
өздөрүнүн жана үй-бүлөлөрүнүн турмушун
жакшыртуу далаалатынан башталат.

92
00:03:58.835 --> 00:04:01.559
-Жагдай жакшырып баратат, анткени
мен ийгиликке жетүүм үчүн

93
00:04:01.599 --> 00:04:04.333
оболу сиздин муктаждыктарыңызды жана
эңсөөңүздү эске алышым керек.

94
00:04:04.373 --> 00:04:07.093
Мен сиз өз ыктыярыңыз менен сатып
ала турган өнүмдү жаратышым керек;

95
00:04:07.133 --> 00:04:08.840
демек, мен сизге пайда келтирбей туруп,

96
00:04:08.880 --> 00:04:10.722
өзүмө эч пайда таба албайм.

97
00:04:10.762 --> 00:04:13.931
-Apple компаниясы сизди өз өнүмдөрүн
сатып алууга мажбурлай албайт.

98
00:04:13.971 --> 00:04:15.872
Бул компания абдан көп акча табат,

99
00:04:15.912 --> 00:04:19.093
анткени ал калайыкка чынында эмне
жагаарын мыкты аныктай алат.

100
00:04:19.133 --> 00:04:22.940
-Дал ошондуктан капитализм парадоксалдуу
түрдө жеке кызыкчылыктан башталат,

101
00:04:22.980 --> 00:04:26.749
бирок ал эркиндик аркылуу коомдун
жыргалчылык деңгээлин улам жогорулатат.

102
00:04:26.789 --> 00:04:29.121
-Ал түгүл экономикалык
катаал мезгилде да

103
00:04:29.161 --> 00:04:33.181
америкалыктар мурдагы муундарга
караганда алда канча бай жашашат.

104
00:04:33.221 --> 00:04:35.216
Анткен менен өзүбүздү бай
деп эсептегендерибиз аз.

105
00:04:35.256 --> 00:04:36.858
- О-о-о!

106
00:04:36.898 --> 00:04:39.426
- Жок, эч бай эмеспиз. Мен, мен өзүм
ортоңку тапка кирем го.

107
00:04:39.466 --> 00:04:41.023
- Ортоңку тапта сыяктанам.
- Мен ортодо турам.

108
00:04:41.063 --> 00:04:44.856
-Бирок, балким, кай бир өңүттөн алсак,
эгерде бизде өзүбүз үчүн абдан баалуу

109
00:04:44.896 --> 00:04:47.714
бир нерсе бар болсо, баарыбыз миллионер
жана миллиардер болушубуз деле ыктымал.

110
00:04:47.754 --> 00:04:50.519
Бизде көп нерсе жасообузга
мүмкүнчүлүк берген бир нерсе бар.

111
00:04:50.559 --> 00:04:52.093
Эми бул жөнүндө ойлонуп көрүңүз.

112
00:04:52.133 --> 00:04:55.189
Мунун баары сиз үчүн канчалык баалуу?

113
00:04:55.229 --> 00:04:57.452
Сиз өзүңүз ойлогондон да
бай болушуңуз мүмкүн.

