﻿WEBVTT

00:00:00.000 --> 00:00:02.583
[көңүлдүү музыка]

00:00:03.830 --> 00:00:06.580
Экономика сөздүгү

00:00:07.970 --> 00:00:12.870
Акысыз жүргүнчү көйгөйү деген эмне?

00:00:13.710 --> 00:00:16.200
-"Акысыз жүргүнчү көйгөйү" деген эмне?

00:00:16.200 --> 00:00:18.900
Баарыбызга тааныш болгон
бир мисал келтирели.

00:00:18.900 --> 00:00:20.940
Классыңызда команда менен жасай
турган бир тапшырма берилсе,

00:00:20.940 --> 00:00:24.030
эч нерсе жасабай, бирок
сиз менен бирдей баа алган

00:00:24.030 --> 00:00:25.950
бир окуучу дайыма болот.

00:00:25.950 --> 00:00:28.200
Бул "акысыз жүргүнчү көйгөйү"
деп аталат.

00:00:28.200 --> 00:00:30.720
Бул түшүнүк кимдир бирөөнүн эч
кандай чыгым кетирбестен,

00:00:30.720 --> 00:00:34.500
бир товардан же кызматтан пайдаланышын
сүрөттөө үчүн колдонулат.

00:00:34.500 --> 00:00:36.030
Бул анча деле маанилүү
эместей сезилиши мүмкүн,

00:00:36.030 --> 00:00:39.690
бирок, келгиле, драмалык бир кырдаалды
алалы: астероиддерден коргонуу –

00:00:39.690 --> 00:00:42.690
Жерди астероидден коргоо үчүн төлөм.

00:00:42.690 --> 00:00:44.040
Жер менен астероиддин
сүзүшүү ыктымалдыгы

00:00:44.040 --> 00:00:47.940
төмөн болсо да, анын жыйынтыгы
кыйратуучу болушу мүмкүн.

00:00:47.940 --> 00:00:50.340
Ошондо сиз астероиддерден
коргонуу үчүн төлөмөк белеңиз?

00:00:50.340 --> 00:00:51.900
Келгиле, ойлонуп көрөлү.

00:00:51.900 --> 00:00:55.560
Биринчиден, астероиддерден
коргонуу бүт жерди коргойт,

00:00:55.560 --> 00:00:57.750
ошондуктан сиз коргонуу
үчүн төлөбөсөңүз да,

00:00:57.750 --> 00:00:59.460
баары бир корголо бермексиз,

00:00:59.460 --> 00:01:02.700
жана экинчиден, сиздин
төлөмүңүз, балким,

00:01:02.700 --> 00:01:06.360
коргонуунун ийгилигине
таасир деле тийгизбейт.

00:01:06.360 --> 00:01:08.010
Бул эки жагдайды эске алганда,

00:01:08.010 --> 00:01:10.740
сизде чындап эле аны
төлөөгө стимул болбойт.

00:01:10.740 --> 00:01:13.860
Демек, ойлонуу керек болгон
эки гана жагдай бар.

00:01:13.860 --> 00:01:17.220
Же жетиштүү санда башка адамдар
төлөп, сиз да корголосуз,

00:01:17.220 --> 00:01:19.770
же жетиштүү санда төлөм жасалбай,

00:01:19.770 --> 00:01:21.780
сиз да коргоосуз каласыз.

00:01:21.780 --> 00:01:25.470
Кандай болгон күндө да,
сиздин төлөп же төлөбөгөнүңүз

00:01:25.470 --> 00:01:27.540
сиздин коргонууңузга
таасир бербейт.

00:01:27.540 --> 00:01:29.820
Акысыз жүрүү азгырыгынын
себеби ушунда:

00:01:29.820 --> 00:01:33.030
төлөбөстөн коргонууга ээ болуу.

00:01:33.030 --> 00:01:35.860
Бирок адамдардын көпчүлүгү
акысыз жүргүнчүлүк кылса,

00:01:35.860 --> 00:01:37.440
астероиддерден коргонууга
акча жетпейт,

00:01:37.440 --> 00:01:41.130
эч ким корголбой калат, жана
рынок ийгиликсиздиги келип чыгат.

00:01:41.130 --> 00:01:42.930
Товар жана кызматтардын

00:01:42.930 --> 00:01:44.970
акысыз жүргүнчү көйгөйүнө
кабылуучу белгилүү түрлөрү бар.

00:01:44.970 --> 00:01:47.823
Андай товар жана кызматтарды биз
"коомдук товарлар" деп атайбыз.

00:01:49.700 --> 00:01:51.300
[көңүлдүү музыка]

00:01:51.300 --> 00:01:54.540
Коомдук товарлар жөнүндө көбүрөөк
маалымат алуу үчүн бул жерди басыңыз.

00:01:54.540 --> 00:01:57.060
Же, акысыз жүргүнчү көйгөйү боюнча
билимиңизди текшерүү үчүн

00:01:57.060 --> 00:01:57.934
бул жерди басыңыз.

00:01:57.934 --> 00:02:00.517
[көңүлдүү музыка]

00:02:01.560 --> 00:02:02.640
Дагы эле бул жердесизби?

00:02:02.640 --> 00:02:05.920
Маржиналдык революция университетинин
башка популярдуу видеолорун да көрүңүз.

00:02:06.260 --> 00:02:10.840
[көңүлдүү музыка]
