WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:03.730
[музыка ойноодо]
Franklin Templeton Investments

2
00:00:03.751 --> 00:00:06.669
ҮЛҮШТӨШ САЛЫМ ФОНДУ деген эмне?

3
00:00:06.709 --> 00:00:09.343
Үлүштөш салым фонду инвесторлорго
акчаларын башка инвесторлор

4
00:00:09.383 --> 00:00:11.970
менен бирге кесипкөй инвестициялык
менеджерлер башкарган

5
00:00:12.010 --> 00:00:14.260
инвестицияга бириктирүү
мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

6
00:00:14.300 --> 00:00:17.660
Үлүштөш салым фонддору ар бир фонддун
максатына ылайык акцияларга,

7
00:00:17.700 --> 00:00:19.952
насыя кагаздарына же башка баалуу
кагаздарга капиталдык салымдарды жасайт.

8
00:00:19.992 --> 00:00:21.862
Инвесторлор үлүштөш салым
фондуна кайрылышат,

9
00:00:21.902 --> 00:00:24.386
анткени алар жеке баалуу кагаздарга
инвестициялоого караганда

10
00:00:24.426 --> 00:00:27.305
4 өзгөчө артыкчылыкка ээ.

11
00:00:27.345 --> 00:00:29.886
Бул артыкчылыктар -
кесипкөй башкаруу,

12
00:00:29.926 --> 00:00:33.799
түркүмдөштүрүү, жеткиликтүүлүк жана
накта акчага айлануу жөндөмү.

13
00:00:33.839 --> 00:00:35.799
Биринчиден, кесипкөй башкаруу.

14
00:00:35.839 --> 00:00:38.226
Үлүштөш салым фонду
инвесторлорго капиталдарын

15
00:00:38.266 --> 00:00:41.630
жигердүү сатып алуу, сатуу
жана көзөмөлдөө үчүн адистиги, 

16
00:00:41.670 --> 00:00:43.484
тажрыйбасы жана ресурстары бар

17
00:00:43.524 --> 00:00:46.946
толук штатта иштеген кесипкөй
акча менеджерлерин сунуштайт.

18
00:00:46.986 --> 00:00:49.324
Экинчиден, түркүмдөштүрүү.

19
00:00:49.364 --> 00:00:51.658
Үлүштөш салым фондунда үлүш сатып
алуу - бул көптөгөн баалуу кагаздар

20
00:00:51.698 --> 00:00:54.613
боюнча инвестицияларды
түркүмдөштүрүүнүн оңой жолу;

21
00:00:54.653 --> 00:00:56.304
башкача айтканда, сиз

22
00:00:56.344 --> 00:00:58.447
жумурткаларыңыздын бардыгын
бир баштыкка салбайсыз.

23
00:00:58.487 --> 00:01:00.755
Эгерде куржундагы бир инвестициянын
наркы төмөндөсө,

24
00:01:00.795 --> 00:01:05.086
башка бир инвестиция өсүшү ыктымал.

25
00:01:05.126 --> 00:01:06.740
Үчүнчүдөн, жеткиликтүүлүк.

26
00:01:06.780 --> 00:01:09.915
Көп кишилер үчүн бирдиктүү
фондго таандык болгон бардык

27
00:01:09.955 --> 00:01:13.335
баалуу кагаздарды түздөн-түз
сатып алуу кымбатыраак болмок.

28
00:01:13.375 --> 00:01:17.017
Тескерисинче, көпчүлүк үлүштөш салым
фонддорундагы баштапкы минималдуу

29
00:01:17.057 --> 00:01:18.755
инвестиция үлүшүн сатып
алууга акча жетет.

30
00:01:18.795 --> 00:01:20.611
Соңунда, накта акчага
айландыруу мүмкүнчүлүгү.

31
00:01:20.651 --> 00:01:23.248
Көпчүлүк үлүштөш салым фонддору
өз үлүшүңүздү каалаган күнү 

32
00:01:23.288 --> 00:01:25.570
баалуу кагаздар базары ачык кезде
сатууңузга мүмкүнчүлүк берет.

33
00:01:25.610 --> 00:01:27.784
Ошентип, сиз акчаңызга оңой жетесиз.

34
00:01:27.824 --> 00:01:30.455
Албетте, кайра сатканыңызда,
сиздин акцияңыздын баасы 

35
00:01:30.495 --> 00:01:34.234
баштапкы баасынан көбүрөөк
же азыраак болушу мүмкүн.

36
00:01:34.274 --> 00:01:36.246
Үлүштөш салым фонддорунун
ар кыл инвесторлордун 

37
00:01:36.286 --> 00:01:38.746
таламына төп келүү үчүн негизделген
көптөгөн түрлөрү бар.

38
00:01:38.786 --> 00:01:42.306
Баалуу кагаздар фонддору, насыя кагаздар
фонддору жана көп активдүү фонддор да

39
00:01:42.346 --> 00:01:45.590
негизделген. Мында ар түрдүү баалуу
кагаздар камтылган куржунга акча салынат.

40
00:01:45.630 --> 00:01:47.301
Бүгүн каржы кеңешчиңиз менен
үлүштөш салым фондунун 

41
00:01:47.341 --> 00:01:49.721
сизге төп келээри же ылайык
эместиги тууралуу кеңешиңиз.

42
00:01:49.761 --> 00:01:52.273
[музыка ойноодо]

