WEBVTT

00:00:00.060 --> 00:00:03.240
- Менде коомдук транспорттун
жаңы системасы боюнча идея бар.

00:00:03.240 --> 00:00:06.060
Ал жапайы бир мүйүздүү керемет аттардын күчүнө негизделген.

00:00:06.060 --> 00:00:08.010
Алар көчөлөрдөн
вагондорду сүйрөп,

00:00:08.010 --> 00:00:09.930
жүргүнчүлөрдү ташышат.

00:00:09.930 --> 00:00:12.000
Бул идеянын ушунчалык
сонун болушунун себеби,—

00:00:12.000 --> 00:00:13.260
жапайы керемет аттар абдан күчтүү,

00:00:13.260 --> 00:00:15.810
ошондуктан алар көп жүргүнчүнү тарта алышат.

00:00:15.810 --> 00:00:18.870
Алар  жаандын аркасынан чыккан асан-үсөндү
гана жешет, а бизде алар абдан көп.

00:00:18.870 --> 00:00:21.750
Эң негизгиси, алар булганууну аз чыгарышат.

00:00:21.750 --> 00:00:23.970
Жапайы керемет аттардын
желдери, жаңы бышкан кулпунайдын

00:00:23.970 --> 00:00:27.180
жыты сыяктуу, бул экологияга
жана жыттанган шаарларга жакшы.

00:00:27.180 --> 00:00:28.530
Таза жеңиш.

00:00:28.530 --> 00:00:29.940
Сиз, албетте, менин планымда

00:00:29.940 --> 00:00:32.130
көйгөй бар деп каршы болушуңуз мүмкүн.

00:00:32.130 --> 00:00:34.110
Чынында жапайы керемет аттар жок.

00:00:35.280 --> 00:00:37.050
Ооба, бирок алар бар.

00:00:37.050 --> 00:00:39.180
Жапайы керемет аттар бар экени анык.

00:00:39.180 --> 00:00:41.490
Жөн эле көзүңдү жумуп, бирин элестетиңиз.

00:00:42.390 --> 00:00:45.330
Сиздин жапайы керемет аттын элеси
меникине абдан жакын экенине ишенем.

00:00:45.330 --> 00:00:47.850
Маңдайында кызгылт сары мүйүзү бар,

00:00:47.850 --> 00:00:50.790
асан-үсөнгө курчалган татынакай ак боз ат.

00:00:50.790 --> 00:00:52.560
Түшкү маал болсо керек.

00:00:52.560 --> 00:00:55.680
Мааниси, сиз үчүн жапайы
керемет атты элестетүү оңой,

00:00:55.680 --> 00:00:58.950
ал мен элестеткен жапайы
керемет атка абдан окшош.

00:00:58.950 --> 00:01:01.260
Биздин жалпы көз карашыбыз бар.

00:01:01.260 --> 00:01:04.380
Азыр бул жапайы керемет аттар жөнүндө
айтканда күлкүлүү угулушу мүмкүн,

00:01:04.380 --> 00:01:06.510
бирок чындыгында көп адамдар реалдуу

00:01:06.510 --> 00:01:10.560
дүйнөдөгү көйгөйлөргө коомдук
чечимдерди ошондой эле элестетишет.

00:01:10.560 --> 00:01:12.720
Алар өкмөт керектүү
маалыматка ээ болуп,

00:01:12.720 --> 00:01:16.230
коомдун пайдасына
иш-аракет кыларына ишенишет.

00:01:16.230 --> 00:01:18.330
Мисалы, саламаттык сактоо тармагын алсак,

00:01:18.330 --> 00:01:21.060
адамдар камсыздандырууну
универсалдуу жана арзан

00:01:21.060 --> 00:01:25.770
кылган жаңы программаны түзүү
оңой болот деп элестетишкен,

00:01:25.770 --> 00:01:28.950
бирок чыныгы шарттар биздин
элестеткенге дал келген жок,

00:01:28.950 --> 00:01:31.620
жана бул реалдуу дүйнөдө
өкмөттүн аракеттери

00:01:31.620 --> 00:01:33.390
дайыма ошондой болот.

00:01:33.390 --> 00:01:36.450
Биз ойлойбуз: "Бул каталар,
адаттан тыш жагдайлар" деп.

00:01:36.450 --> 00:01:40.170
Эгер биз кийинки жолу жакшы адамдарды
тандап, тез арада зарыл реформаларды

00:01:40.170 --> 00:01:43.170
жасасак, кийинки жолу баары туура болот деп ойлойбуз.

00:01:43.170 --> 00:01:45.570
Эгерде сиздин өкмөт
жөнүндөгү түшүнүгүңүз сиз

00:01:45.570 --> 00:01:50.370
элестете турган саясаттан келип чыкса,
анда чыныгы саясатчылар менен

00:01:50.370 --> 00:01:53.790
чиновниктердин дарегине айтылган
сындар маанисиз көрүнөт.

00:01:53.790 --> 00:01:58.410
Идеалдуу өкмөт системасы,
айтор, идеалдуу.

00:01:58.410 --> 00:02:01.410
Эркиндиктин жактоочулары көп
кылган ката — өздөрүнүн

00:02:01.410 --> 00:02:05.640
жапайы керемет атын, идеалдуу
базарларды коргоого аракет кылуу.

00:02:05.640 --> 00:02:08.250
Бул элес мамлекеттей
чындыкка дал келбейт

00:02:08.250 --> 00:02:10.260
жана коомду уюштурууда да пайдалуу

00:02:10.260 --> 00:02:12.300
аргумент эмес.

00:02:12.300 --> 00:02:14.850
Идеалдуу базарлар да көп
учурда каталарды кетирет.

00:02:14.850 --> 00:02:18.930
Адамдар чындап эле жакырчылыктан жана
саламаттыкты сактоонун жетишсиздигинен

00:02:18.930 --> 00:02:22.080
жапа чегишет, бирок базарлар
базар кемчиликсиз болгондуктан эмес,

00:02:22.080 --> 00:02:25.080
дүйнө жеткиликтүү эмес болгондуктан пайдалуу.

00:02:25.080 --> 00:02:28.860
Базарлар баалар аркылуу ресурстар
тууралуу маалымат берип, кирешелер

00:02:28.860 --> 00:02:31.350
менен чыгашалар аркылуу
кайсы продукцияларды чыгаруу

00:02:31.350 --> 00:02:32.610
керектигин көрсөтөт.

00:02:32.610 --> 00:02:34.770
Бул сигналдар идеалдуу болбосо да,

00:02:34.770 --> 00:02:38.100
бизде бар эң мыкты
маалымат булагы.

00:02:38.100 --> 00:02:40.140
Базарлар биз жөн гана элестете алган

00:02:40.140 --> 00:02:42.780
жапайы керемет аттарга таянуудан жакшыраак.

00:02:42.780 --> 00:02:45.610
Көбүрөөк видеолорду көрүңүз!
Эркиндикти үйрөнүңүз