WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:01.381
ФРОСТ & САЛЛИВАН

2
00:00:01.381 --> 00:00:02.786
Унаа тармагынын келечеги

3
00:00:02.786 --> 00:00:04.518
МЕГА ТРЕНДДЕР
Ишкердигиңиздеги үзгүлтүккө учуроонун
токтошунун жана кайра түзүлүүнүн айлампасы

4
00:00:04.518 --> 00:00:06.071
-Шаардын коомдук унаасынын
келечеги деген эмне?

5
00:00:06.071 --> 00:00:08.848
[музыка ойноодо]

6
00:00:08.848 --> 00:00:11.773
Биз транспорттун мындай ыкмасын

7
00:00:11.773 --> 00:00:13.120
даректүү мүнөзгө ээ деп эсептейбиз,

8
00:00:13.120 --> 00:00:15.120
ал кыймылдуулуктун жаңы
ишкердик өрнөгүн да,

9
00:00:15.120 --> 00:00:17.028
кыйла тыгыз байланышкан
инфратүзүмдү да колдонот. 

10
00:00:17.028 --> 00:00:18.562
Ал шаар аймактарындагы

11
00:00:18.562 --> 00:00:21.503
кишилердин унаага болгон
көз карашын чындап өзгөртөт.

12
00:00:22.171 --> 00:00:26.317
-Бизде иштелип чыккан
көп каражат бар.

13
00:00:26.317 --> 00:00:29.178
Эгерде бизде эмгиче топтолгон
нерселер жөнүндө

14
00:00:29.178 --> 00:00:31.015
көбүрөөк маалымат берип,
токтолчу болсок,

15
00:00:31.015 --> 00:00:32.709
анда, иш жүзүндө,

16
00:00:32.709 --> 00:00:35.009
азыркы тапта колубузда болгон
автоунаа үлөшүү өрнөктөрүн 

17
00:00:35.032 --> 00:00:37.851
пайдалануу менен эле шаарлардын
унаа системасына

18
00:00:37.851 --> 00:00:39.568
таасир эте алаарыбыз бышык.

19
00:00:40.075 --> 00:00:42.605
-Альфа Сити - корпорациялык
унаа үлөшүүнүн жаңы түрү. 

20
00:00:42.605 --> 00:00:44.677
Бул түр унааларга ачкычсыз
жетүүгө жана компаниянын

21
00:00:44.677 --> 00:00:47.462
ижаралык унааларын майнаптуу
колдонууга мүмкүндүк берет.

22
00:00:47.462 --> 00:00:49.462
Ал чын эле кызматкерлерге
жаңы өнүм берүү,

23
00:00:49.462 --> 00:00:51.098
жаңыча тейлөө аркылуу азыраак

24
00:00:51.158 --> 00:00:54.231
пайдаланылган бойдон кала
берген унаалардын, 

25
00:00:54.231 --> 00:00:55.953
- кызматкерлер ансыз да 

26
00:00:55.953 --> 00:00:57.836
корпорациялык тейлөөнүн алкагында
колдоно алчу унаалардын, -

27
00:00:57.836 --> 00:00:59.836
натыйжалуулугун чыңдайт.

28
00:01:00.297 --> 00:01:01.925
-Азыркы тапта бардыгы

29
00:01:01.925 --> 00:01:03.807
корпорациялык унаа үлөшүү,
электр унаасы,

30
00:01:03.807 --> 00:01:07.276
жана да ийкемдүү ташуучу өнүмдөр
жөнүндө айтып жатышат.

31
00:01:07.276 --> 00:01:10.908
Бул агымдардын бардыгы үчүн
Alphabet компаниясы 

32
00:01:10.908 --> 00:01:14.134
туура кардарларга туура өнүмдү
туура убакытта сунуштап жатат.

33
00:01:14.134 --> 00:01:17.193
-Демек, бул - унаа үлөшүү технологиясына
буга чейин ылайыкталган унаалардан,

34
00:01:17.193 --> 00:01:19.564
маселен, жаңы BMW i3 унаасынан
турушу мүмкүн.

35
00:01:19.564 --> 00:01:22.069
Бул - өтө ыңгайлуу: сиз экрандан
унаа кайсы мезгилде сиз үчүн

36
00:01:22.069 --> 00:01:24.735
канчага тураарын көрө аласыз
жана сиз муну

37
00:01:24.735 --> 00:01:26.243
башка кеңселердеги кызматкерлериңиз
эмне жасап жатса,

38
00:01:26.243 --> 00:01:29.356
ошону менен да байланыштыра
башташыңыз мүмкүн.

39
00:01:29.817 --> 00:01:32.894
-Унаа - шаар турмушунун
күрөө тамыры.

40
00:01:32.894 --> 00:01:34.360
Эгерде кишилер каалаган
жагына бара албаса,

41
00:01:34.360 --> 00:01:36.360
товарлар жана кызматтар
жеткирилбесе,

42
00:01:36.360 --> 00:01:38.219
анда шаар турмушу өчөт.

43
00:01:38.219 --> 00:01:40.830
Демек, эгерде биз кишилер келип,

44
00:01:40.830 --> 00:01:42.971
иш менен алектенчү,
байырлоого кумарланткан

45
00:01:42.971 --> 00:01:44.971
шаардык борборлорго ээ
болгубуз келсе, 

46
00:01:44.971 --> 00:01:49.591
анда унаа көйгөйлөрүн чечүү -
кишинин жашоо жана эмгектенүү

47
00:01:49.591 --> 00:01:52.152
сапатын аныктоодо өзгөчө
зор мааниге ээ.

48
00:01:52.950 --> 00:01:54.517
-Шаардык кыймылдуулук - 

49
00:01:54.517 --> 00:01:57.618
бул сиз түшкөн унаа каражаттары
жөнүндө эмес, 

50
00:01:57.618 --> 00:02:00.199
сиз сунуштаган тейлөө
кызматы жөнүндө.

51
00:02:00.199 --> 00:02:02.199
Бул - Адан Бга кантип жетүү

52
00:02:02.199 --> 00:02:05.294
жана бул - бир эле унаа түрү эмес, 

53
00:02:05.294 --> 00:02:06.665
алардын жыйындысы.

54
00:02:06.941 --> 00:02:09.992
Car2Go - эркин өзгөрүп турчу
унаа үлөшүү калыбы;

55
00:02:09.992 --> 00:02:12.262
ал ар дайым ишкердик
чөйрөдө жайгашат 

56
00:02:12.262 --> 00:02:14.603
жана сиз Smart унааcына
чейин жөө басып барасыз. 

57
00:02:14.603 --> 00:02:16.971
Сиз алдыңкы айнекке мүчөлүк
картаңызды жакын кармасаңыз, 

58
00:02:16.971 --> 00:02:19.617
унаанын эшиги ачылат, анан сиз
аны жөн эле айдап кете аласыз.

59
00:02:19.617 --> 00:02:21.893
Сиз мүнөтүнө төлөйсүз,
башка эч төлөмдөр жок.

60
00:02:21.893 --> 00:02:24.784
Демек, ал чынында да ийкемдүү,
оңой жана ыңгайлуу тейлөө.

61
00:02:25.229 --> 00:02:27.672
Бул кыймылдуулуктун жаңы
ишкердик үлгүлөрү, асыресе, 

62
00:02:27.672 --> 00:02:30.845
унаа өндүрүүчүлөр үчүн зор
мүмкүнчүлүк деп ишенебиз.

63
00:02:30.845 --> 00:02:32.985
Бул - мыкты марка өндүрүүчүлөргө
гана тиешелүү эмес.

64
00:02:32.985 --> 00:02:34.637
Биз буга чейин мындай үлгүлөрдөн

65
00:02:34.637 --> 00:02:36.004
BMW менен Daimler'ден
көп нерсени көрдүк.

66
00:02:36.004 --> 00:02:37.912
Бирок келечекте бул ыкма - жалпы унаа

67
00:02:37.912 --> 00:02:39.608
базарына да таандык болчу
мүмкүнчүлүккө айланат деп ишенебиз.

68
00:02:39.608 --> 00:02:42.442
Биз эмитеден жаңы венчурдук капиталдын
же анын өңүрүнүн кантип өнүккөнүнө,

69
00:02:42.442 --> 00:02:45.410
же General Motors жана Ford сыяктуу
компаниялар ушул жаңы компаниялардын

70
00:02:45.410 --> 00:02:47.778
айрымдарына кантип инвестиция
салганына күбө болдук.

71
00:02:47.778 --> 00:02:50.837
Биз, мисалы, GM жана Relay Rides
компанияларынын өнөктөштүгүн көрдүк.

72
00:02:50.837 --> 00:02:53.363
Эми унаа үлөшүүгө, такси
колдонмолоруна жана

73
00:02:53.363 --> 00:02:55.944
айдоочулуктагы үлөшүүгө
кызыгуу зор экендигин, 

74
00:02:55.944 --> 00:02:57.733
асыресе, алардын келечектеги
кардарлар менен алектенүүнүн 

75
00:02:57.733 --> 00:02:59.384
ушул ыкмасына көңүл бура
башташкандыгын билебиз.

76
00:02:59.637 --> 00:03:03.487
-Ушул тапта "кыймылдуулук
кызматтары" - эл оозунда.

77
00:03:03.487 --> 00:03:05.326
Демек, бул жөнүндө талкуу көп

78
00:03:05.326 --> 00:03:07.467
жана бул, албетте,
өнүгө турган нерсе. 

79
00:03:07.467 --> 00:03:12.533
Ири өндүрүүчүлөрдө бир гана
табигый суроо жаралат:

80
00:03:12.533 --> 00:03:16.403
биз тейлөө кызматтарын канчалык
деңгээлде сунушташыбыз керек,

81
00:03:16.403 --> 00:03:20.273
же, мурда салтка айлангандай,
жабдууларды, кызмат сунуштоочу өнүмдөрдү

82
00:03:20.273 --> 00:03:23.114
жасап чыгаруу ролу менен эле
чектелишибиз керекпи?

83
00:03:24.105 --> 00:03:25.683
-Автоунаа өнөр жайында

84
00:03:25.683 --> 00:03:27.776
технологиялар тездеп өнүгүүдө,

85
00:03:27.776 --> 00:03:30.959
мында айдоочуга кеңеш
берүүчү системалардан

86
00:03:30.959 --> 00:03:33.888
автоунаанын өзүн өзү толук
башкаруу системасына чейин,

87
00:03:33.888 --> 00:03:37.743
анын ичинде кырсык маалында автоматтык
токтотуу, ылдамдыкты кырдаалга ылайык

88
00:03:37.743 --> 00:03:40.711
автоматтык жөнгө салуу, жол тилкесин
сактоо көмөгү сыяктуулар бар.

89
00:03:40.711 --> 00:03:42.874
Алар улам өнүгүп, автоунаанын

90
00:03:42.874 --> 00:03:45.734
зарыл өңүттөрүнө айлана бермекчи.

91
00:03:45.734 --> 00:03:47.804
-Бул - кыймылдуулуктун жаңы
ишкердик үлгүлөрүнө 

92
00:03:47.804 --> 00:03:49.268
катышуу үчүн шыктандырчу доор.

93
00:03:49.268 --> 00:03:51.057
Биз шаардык кыймылдуулуктун келечеги -

94
00:03:51.057 --> 00:03:52.754
сунушталган унаа кызматтарынын
алда канча тыгыз байланышып, 

95
00:03:52.754 --> 00:03:55.202
алда канча ширелтилишинде,

96
00:03:55.202 --> 00:03:57.815
алда канча даректүү тейлөөсүндө,
деп ишенебиз.

97
00:03:57.815 --> 00:03:59.441
Биз бул жагдай - баарынан мурун
кардарлардын жана корпорациялардын

98
00:03:59.441 --> 00:04:02.577
кыймылдуулук сегменттерин
кызыктырат деп ишенебиз.

99
00:04:02.577 --> 00:04:04.923
Ал эми болочокто

100
00:04:04.923 --> 00:04:07.344
биз үйдөн чыгаар замат Адан Бга
чейин кантип жетүү керек экенин

101
00:04:07.344 --> 00:04:08.552
так түшүнө алабыз.

102
00:04:08.552 --> 00:04:09.900
• Дүйнөлүк унаа үлөшүү базары 2012-2013-жж.
болжол менен 50%га, б.а. 3,5 млн катышуучуга өскөн.
Ал 2020-ж. 26 миллионго чейин өсүшү күтүлөт.

103
00:04:09.900 --> 00:04:13.164
• Автоунаага жетүү: автоунаа үлөшүү, ижаралоо
жана лизинг тармактарынын өсүшү жана чырмалышуусу
орун алган сайын автоунааны түз сатып алуунун
үлүшү кыскарууда (лизинг 2012-ж. 19 миллиондон
2020-ж. 31 миллионго чыкмакчы).

104
00:04:13.164 --> 00:04:15.550
• Ички корпорациялык унаа үлөшүү: Бул жаңы
бучкак 2020-ж. карата 2000 унаадан
100 000 унаага чейин өсөт деп күтүлүүдө.

105
00:04:15.550 --> 00:04:19.382
• Корпорациялык кыймылдуулук: Автопарк, иш сапар
жана кыймылдуулук менеджерлеринин иши биригет;
бул IT платформалардын жана тейлөөнү сунуштагандардын
корпорациялык кыймылдуулуктун бардык муктаждыктарын
бириктирүүсүнө таянат; бул кызматтык унаалар үчүн
жөлөкпулдардан кыймылдуулук жөлөкпулдарына өтүүгө шарт түзөт.

106
00:04:19.382 --> 00:04:22.307
• Жогорку ылдамдыктагы темир жол: 2025-ж. чейин
дүйнөлүк ылдам темир жол долбоорлоруна жалпылай
алганда 800 млрд доллардан ашуун каражат жумшалат.

107
00:04:22.307 --> 00:04:24.858
• Микрокыймылдуулук: Өндүрүүчүлөр 115тен ашык
чакан унаа түрүн сунушташты; алардын 50%ы
2018-ж. чейин өндүрүүгө даяр болот деп күтүлүүдө.

108
00:04:24.858 --> 00:04:28.898
• Токтотмо: 2020-ж. карата 1 миллионго жакын унаа
токтотмолорунда учурдагы бош орун жөнүндө маалымат
сенсордун көмөгү аркылуу дароо маалымдалат; орунду
кардарга тикелей маалымдачу токтотмодо жана уюлдук
телефон колдонмолорунда саамалыктар арбын киргизилет.

109
00:04:28.898 --> 00:04:32.730
• Такси: 2020-ж. карата 50дөн ашык шаарда атайын
такси паркы көмүр кычкыл газын аз чыгарчу унаа
менен жаңыланат (учурда мындай таксилер
дүйнөнүн мыкты 100 шаарында 2 миллионго жетти).

110
00:04:32.730 --> 00:04:36.396
• Чогуу сапар: Европанын сапар үлөшүү тармагы
2020-ж. 13 миллиондон 30 миллиондон ашуун
мүчөгө көбөйөт; буга технология жана
коомдук тандоолордун өзгөрүшү шарт түзөт.

111
00:04:36.396 --> 00:04:40.315
• Шаар логистикасы: Дүйнөлүк чыгымдар 2020-ж.
карата 2,5 триллион доллардан 5,9 триллион
долларга чейин эки эсе өсүп, дүйнөлүк логистикалык
чыгымдардын 30%ынан 45%ына чейин жогорулайт.

112
00:04:40.315 --> 00:04:43.444
• Кыймылдуулуктун ширелиши: Келечекте ич ара
ширелген, даректүү сапар түзгүч калыптанып,
ал болсо жергиликтүү жана эл аралык кынтыксыз
кыймылдуулук жаатында бирдиктүү санарип
билетине ылайык өз каттамын сунуштайт.

113
00:04:43.444 --> 00:04:47.490
• Автоөндүрүүчүлөрдүн ролунун өзгөрүшү: Автоөндүрүүчүлөр
келечекте кыймылдуулукту жабдуучунун ролун көбүрөөк аткарып,
унаа тиркемелери (мисалы, ага уюлдук телефонду байлоо),
унаага байланыштуу (мисалы, автоунаа үлөшүү, токтотмолор)
жана унаага байланышсыз (мисалы, коомдук унаа түрлөрүнүн
ширелиши) кызматтарды сунуштайт.

114
00:04:48.075 --> 00:04:49.825
Сиз даярсызбы?
Сиздин компанияңыз бул
өзгөрүүдөн аман чыга алабы?


