WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:03.279
Баа эмне үчүн керек?

2
00:00:03.319 --> 00:00:06.321
Баа системасы маалымат жаратуу,
топтоо жана жайылтуу жүрүмүн сунуштайт.

3
00:00:06.361 --> 00:00:09.392
Бул жүрүм жеке кишини мындай коёлу,
борбордон башкарчу мекеме да

4
00:00:09.432 --> 00:00:12.335
биле албаган, ээлик кыла албаган

5
00:00:12.375 --> 00:00:13.720
жана көзөмөлдөй албаган
өтө кеңири жайылган

6
00:00:13.760 --> 00:00:16.368
маалыматты багыттоого жөндөмдүү.

8
00:00:20.339 --> 00:00:23.879
Экономикалык маалыматты жайылтууда
баа негизги ролду ойнойт.

9
00:00:23.919 --> 00:00:26.222
Өндүрүлгөн жана керектелген товарлар
менен кызматтардын базардагы чаташкан 

10
00:00:26.262 --> 00:00:28.222
татаал шарттарын жана аларды өндүрүүгө
сарпталчу бардык ресурстар жаатында

11
00:00:28.262 --> 00:00:30.222
эч кабардар болушпаса деле,
дүйнөнүн чар тарабындагы

12
00:00:30.262 --> 00:00:33.620
өндүрүүчүлөр менен кардарлар базар
шартындагы кымындай өзгөрүүлөргө

13
00:00:33.660 --> 00:00:36.884
карата өз жүрүм-турумун дагы баа
системасы аркылуу өзгөртүп турат.

14
00:00:36.924 --> 00:00:39.746
Мисалы, калай - күнүмдүк
керектөөбүздө ар кыл өңүттө 

15
00:00:39.786 --> 00:00:41.661
колдонулган өнүмдөр
үчүн сарпталган зат.

16
00:00:41.701 --> 00:00:43.661
Арийне, кардарлардын көбү жана,
жада калса, өндүрүүчүлөр деле

17
00:00:43.701 --> 00:00:45.556
калай базары тууралуу аз билишет.

18
00:00:45.596 --> 00:00:47.833
Калай базарындагы шарттарды
билбесе деле, 

19
00:00:47.873 --> 00:00:50.496
өндүрүүчүлөр менен кардарлар баа
системасындагы өзгөрүүлөрдөн улам

20
00:00:50.536 --> 00:00:52.496
дароо өз жүрүм-турумун өзгөртөт.

21
00:00:52.536 --> 00:00:55.920
Калай менен камсыздоодогу үзгүлтүк,
мисалы, кендеги кыйроо,

22
00:00:55.960 --> 00:00:58.047
калайдын жана андан жасалган
товарлардын баасын

23
00:00:58.087 --> 00:01:00.712
дароо көтөрүп жиберет.

24
00:01:00.752 --> 00:01:02.712
Өндүрүүчүлөр баалар эмнеге
өскөнүн билүүсү шарт эмес, 

25
00:01:02.752 --> 00:01:04.712
алар калай үчүн көбүрөөк акча
сурашы керектигин билишсе болду.

26
00:01:04.752 --> 00:01:08.133
Бул кабар калай өндүрүүчүлөрдү көбүрөөк
санда калай чыгарууга түртөт.

27
00:01:08.173 --> 00:01:09.967
Мисалы, иш убактысын узартууга 

28
00:01:10.007 --> 00:01:12.768
же казуунун ургаалдуураак
технологиялык ыкмаларына өтүшөт.

29
00:01:12.808 --> 00:01:16.535
Анын сыңарындай, баанын
өскөнүн көргөн кардарлар 

30
00:01:16.575 --> 00:01:19.261
эми калай буюмдарды
азыраак колдонушат.

31
00:01:19.301 --> 00:01:21.808
Мындан бизге айгинеленгендей,
өндүрүүчүлөр менен кардарлар 

32
00:01:21.848 --> 00:01:23.180
баанын өзгөргөнүнө жооп кылып, 

33
00:01:23.220 --> 00:01:25.180
өз жүрүм-турумун калайдын базардагы

34
00:01:25.220 --> 00:01:28.157
жаңы шарттарына ылайыкташты.

35
00:01:28.197 --> 00:01:30.519
Баалар маалыматты жаратууда,
топтоодо жана 

36
00:01:30.559 --> 00:01:33.515
бүткүл дүйнөдө кеңири жайылтууда
негизги ролду ойнойт.

37
00:01:33.555 --> 00:01:36.205
Өкмөт жетекчилери сакталган
кендердеги учурдагы

38
00:01:36.245 --> 00:01:39.224
өндүрүштүк кубаттуулукту аныктоо,
жаңы технологияларды баалоо

39
00:01:39.264 --> 00:01:42.123
жана кайсы кендин көбүрөөк калай
өндүрө алаарын чечүү үчүн  

40
00:01:42.163 --> 00:01:45.100
бир нече ай, ал түгүл көп
жылдар жумшоосу ыктымал.

41
00:01:45.140 --> 00:01:47.769
Андан тышкары, мамлекеттик мекемеге
бардык калай кардарларынын эсебин алуу

42
00:01:47.809 --> 00:01:51.215
жана артыкчылык берилчү нукту
аныктоо дээрлик мүмкүн эмес.

43
00:01:51.255 --> 00:01:53.558
Эркин базарда баалар шарттардын
өзгөрүүсүнө, артыкчылыктарга 

44
00:01:53.598 --> 00:01:56.485
жана жаңы технологияларга
дароо ылайыкташып, 

45
00:01:56.525 --> 00:02:00.681
өндүрүүчүлөр менен кардарларды
тиешелүү маалымат менен жабдыйт.

46
00:02:00.721 --> 00:02:03.723
Өкмөттөр баа системасын борбордук
пландаштыруу түзүмүнө алмаштыруу 

47
00:02:03.763 --> 00:02:04.780
же бааларды көзөмөлдөө

48
00:02:04.820 --> 00:02:07.860
усулу менен товардын баасын
шайкеш келтирүү аркылуу 

49
00:02:07.900 --> 00:02:10.542
баа системасына кийлигишүүгө
көп аракет кылат.

50
00:02:10.582 --> 00:02:12.692
Бул аргалар таңкыс ресурстарды
өтө туура эмес жайгаштырууга

51
00:02:12.732 --> 00:02:14.903
себеп болоорун тарых тастыктады.

52
00:02:14.943 --> 00:02:17.316
Ошондуктан баа системасы кайсы
бир өкмөт тарабынан

53
00:02:17.356 --> 00:02:22.716
эч кийлигишүү жасалбастан,
эркин иштеши зарыл.

