﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:03.364
Жашоодо иштерди жасоонун
эки гана жолу бар:

2
00:00:03.404 --> 00:00:06.282
ыктыярдуу түрдө же аргасыздан.

3
00:00:06.322 --> 00:00:08.483
Өкмөт - Америкада күч колдонууга
уруксат берилген,

4
00:00:08.523 --> 00:00:10.483
сизди бир нерсеге мажбурлоого 

5
00:00:10.523 --> 00:00:13.406
мыйзамдуу укугу бар жалгыз институт.

6
00:00:13.446 --> 00:00:14.959
Ал эми өкмөт кылган ар бир нерсе -

7
00:00:14.999 --> 00:00:19.099
ар бир жөнгө салуу, ал салган ар бир
салык күч менен же аны колдонуу

8
00:00:19.139 --> 00:00:22.081
опузасынын кайсы бир түрү
менен колдоого алынат.

9
00:00:22.960 --> 00:00:27.716
Кээде күч бульдозер түрүндө келет.

10
00:00:27.756 --> 00:00:29.962
Бул - Нью-Йорктогу Нью-Рошел конушуна

11
00:00:30.002 --> 00:00:31.537
коркунуч туудурган нерсе.

12
00:00:31.577 --> 00:00:33.702
Муну сиз аралаш конуш
деп атасаңыз болот.

13
00:00:33.742 --> 00:00:38.380
Эки гүлдөгөн чиркөө,
34 үй, 28 ишкана бар.

14
00:00:38.420 --> 00:00:42.346
Абдан түркүн турмуш. Бул жерде түрдүү
расалардын өкүлдөрү ынтымакта жашашат.

15
00:00:42.386 --> 00:00:45.786
Тургундар бизге алардын коңшулугу
ушул турушунда жагаарын айтышты.

16
00:00:45.826 --> 00:00:50.566
-Биз бул жерде бир чоң үй-бүлөдөйбүз.
-Анда көйгөй эмнеде?

17
00:00:50.606 --> 00:00:54.297
Ооба, көйгөй - мэрге окшогон шаардык
төбөлдөргө мунун жакпаганында.

18
00:00:54.337 --> 00:00:58.143
-Эч бир шаар куруучу өнөр жай
имараттарынын жанына,

19
00:00:58.183 --> 00:01:01.409
автобазанын жанына мындай
конушту долбоорлобойт.

20
00:01:01.449 --> 00:01:03.137
Бул - конуш эмес, менимче.

21
00:01:03.177 --> 00:01:04.737
-Шаардын чечимиби?

22
00:01:04.777 --> 00:01:08.480
Аймакты тегиздеп, анын ордуна
"Икеа" эмерек дүкөнүн куруу.

23
00:01:08.520 --> 00:01:10.550
-"Икеа" сыртка кетиши керек!

24
00:01:10.590 --> 00:01:13.512
-Бул жердегилердин көбү
буга нааразы болууда.

25
00:01:13.552 --> 00:01:16.959
-Алар бизди үйүбүздөн жана
ишкерлигибизден кууп чыгып,

26
00:01:16.999 --> 00:01:21.291
2 чиркөөнү талкалап, анан ушул
жерде эмерек саткылары келишеби?

27
00:01:21.331 --> 00:01:22.853
-Ооба.

28
00:01:22.893 --> 00:01:25.811
Бул кишилердин үйлөрү менен
ишканаларынын тиешелүү документтери

29
00:01:25.851 --> 00:01:28.664
болушу мүмкүн, бирок өкмөт дагы
деле үстөмдүк кылуучу

30
00:01:28.704 --> 00:01:31.086
менчик укугу каралган мыйзамды
колдонуу менен

31
00:01:31.126 --> 00:01:33.487
аларды өз мүлкүнөн баш тартууга
мажбурлай алат.

32
00:01:33.527 --> 00:01:37.345
Расмий жетекчилер сиздин мүлкүңүз
жалпы жыргалчылыкка кызмат кылат 

33
00:01:37.385 --> 00:01:40.376
деп эсептешсе, аны тартып
алып коюшу мүмкүн.

34
00:01:40.416 --> 00:01:42.376
Өкмөт жаңы автоунаа жолдоруна,
көпүрөлөргө, парктарга жер алуу үчүн

35
00:01:42.416 --> 00:01:45.600
биринчи кезекте үстөмдүк кылуучу
менчик укугун колдонот.

36
00:01:45.640 --> 00:01:48.046
Вирджиниядагы паркка орун
бошотуу үчүн бул аялды

37
00:01:48.086 --> 00:01:50.046
үйүнөн тим эле сүйрөп чыгышкан.

38
00:01:50.086 --> 00:01:51.041
-Рахмат. Отуруңуздар.

39
00:01:51.081 --> 00:01:51.929
-Ушул тапта

40
00:01:51.969 --> 00:01:55.357
расмий жетекчилер үстөмдүк кылуучу менчик
укугун түрдүү максаттарда колдонушат.

41
00:01:55.397 --> 00:01:59.597
Мисалы, жеке фирмалардын кеңейишине
жардам беришет. Жалаң Ikea эмес,

42
00:01:59.637 --> 00:02:02.826
K-Mart, Home Depot, бейсбол клубдары,
соода борборлору да бар.

43
00:02:02.866 --> 00:02:05.190
Техастагы бул соода борбору ишин
конуштун эсебинен кеңейткиси келгенде,

44
00:02:05.230 --> 00:02:08.666
шаар бийлиги баарына үйлөрүңөрдөн
кеткиле деп буйрук кылып,

45
00:02:08.706 --> 00:02:11.091
бүткүл конушту бульдозер
менен түрттүрүп салды. 

46
00:02:11.131 --> 00:02:13.091
Нью-Рошелди да ушул тагдыр күтүүдө.

47
00:02:13.131 --> 00:02:15.091
-Бизде эркиндик бар дейбиз,
бирок ал эркиндик кайда?

48
00:02:15.131 --> 00:02:16.856
Жаңы ишкер келип:

49
00:02:16.896 --> 00:02:18.856
"Эй, сен көчүшүң керек" деп турса,

50
00:02:18.896 --> 00:02:21.560
бизде кандай эркиндик болмок эле?
Эч кандай эркиндик жок.

51
00:02:21.600 --> 00:02:23.067
-Мен шаарымды өнүктүрүшүм керек,

52
00:02:23.107 --> 00:02:25.609
мында жараксыз абалга
келген жерлерди

53
00:02:25.649 --> 00:02:27.111
жаңыртууга туура келет.

54
00:02:27.151 --> 00:02:29.954
Менимче, мындай чоң шаарда муну
ишке ашыруунун бирден-бир жолу -

55
00:02:29.994 --> 00:02:31.954
бул айрым нерселерди кайрадан
жаңылантып уюштуруу.

56
00:02:31.994 --> 00:02:33.396
-Анда эркиндик кандай болот?

57
00:02:33.436 --> 00:02:36.545
Мындагы кишилер кайра уюштурууну
каалабастыгын айтууда.

58
00:02:36.585 --> 00:02:40.435
-М-м, менимче... мында өкмөттүн
өз коомчулугун кантип

59
00:02:40.475 --> 00:02:43.121
жакшырта алаарын түшүнүү
зарылдыгы бар.

60
00:02:43.161 --> 00:02:45.346
-Эми мойнума алам, мага
“Икеа” дүкөндөрү жагат.

61
00:02:45.386 --> 00:02:47.252
Анда сонун жана пайдалуу
нерселер бар.

62
00:02:47.292 --> 00:02:50.496
Бирок үй-бүлөлөр ага орун бошотууга
мажбур болушу керекпи?

63
00:02:50.536 --> 00:02:54.604
-Кишилерди өз үйлөрүнөн ажыратуу
туурабы? Ушул туура ишпи?

64
00:02:54.644 --> 00:02:57.915
-Доминик Гаталетто 2ге толгондон
бери анын үй-бүлөсү мында байырлайт.

65
00:02:57.955 --> 00:03:01.022
Ал апасынын ашканада макарон
бышырганын эстейт.

66
00:03:01.062 --> 00:03:03.788
Мурда атасы помидор өстүргөн тилкеге

67
00:03:03.828 --> 00:03:05.788
эми Доминик өзү помидор тигет.

68
00:03:05.828 --> 00:03:07.161
Ал жубайы Виржиния экөө бул үйдү

69
00:03:07.201 --> 00:03:09.410
балдарына мураска калтыргысы келет.

70
00:03:09.450 --> 00:03:12.043
-Ушул жылдардын баары эсимде турат.

71
00:03:12.083 --> 00:03:16.150
Мен бул жерде 67 жыл жашап
келдим, эмерек дүкөнү

72
00:03:16.190 --> 00:03:18.588
киргиси келгени үчүн эле
сиз аны жок кыла албайсыз.

73
00:03:18.628 --> 00:03:20.588
Деги ушул - Америкабы?
Мен андай деп ойлобойм.

74
00:03:20.628 --> 00:03:23.400
-Сиз өкмөттү ойлоп жатасыз. Сизге жардам
берчү өкмөт жөнүндө ойлоп жатасыз.

75
00:03:23.440 --> 00:03:25.245
-Бирок ал сизге жардам берчүдөй эмес.

76
00:03:25.285 --> 00:03:27.969
-Алар үйүңүздү тартып алып жатса,
бул - жардам эмес.

77
00:03:28.009 --> 00:03:30.746
-Алар үйүңөрдү жөн эле алып койбойт,
анын акчасын төлөп беришет.

78
00:03:30.786 --> 00:03:33.018
-Мырза, сиз эмнени айтып
жатканыңызды билбейсиз.

79
00:03:33.058 --> 00:03:34.057
-Ал айым туура айтат.

80
00:03:34.097 --> 00:03:38.347
Шаар бийлиги үйлөрдүн баасын өзү
канчага бааласа, ошончо гана төлөйт.

81
00:03:38.387 --> 00:03:40.087
-Биз алардан башка жакка көчүүсүн
гана суранып жатабыз.

82
00:03:40.127 --> 00:03:43.316
-Сиз элден суранган жоксуз.
Сиз аларга: "Кеткиле!" деп жатасыз.

83
00:03:43.356 --> 00:03:44.673
-Бирок биз аларга

84
00:03:44.713 --> 00:03:46.862
жетишерлик жакшы жай таап бермекчибиз.

85
00:03:46.902 --> 00:03:49.903
-Мен өмүрүмдө эч качан өзүмдү
мынчалык алсыз сезген эмесмин.

86
00:03:49.943 --> 00:03:52.138
Менин америкалык кыялымдын эмнеси жаман?

87
00:03:52.178 --> 00:03:55.567
Эмне үчүн "Икеанын" америкалык кыялы менин
америкалык кыялымдан жакшыраак болушу керек?

88
00:03:55.607 --> 00:03:57.990
-Себеби саясатчылар баарына
белендениши керек.

89
00:03:58.030 --> 00:04:01.202
Алар эмерек дүкөнү бул шаарга
керек деп жаңыдан чечишти.

90
00:04:01.242 --> 00:04:04.606
-Бүгүн - эмерек дүкөнү дейли,
эртең эмне болот?

91
00:04:04.646 --> 00:04:09.980
Сиздин үйүңүз болобу? Кимдин үйү?
Кийинки ишкерлик деги кимдики болот?

92
00:04:10.087 --> 00:04:12.585
-Саясатчылар баарынан жакшы
билебиз деп ойлошот.

93
00:04:12.625 --> 00:04:16.066
Ошентип, алар көйгөйдү жайгаруу
үчүн күч колдонууга акылуу.

