﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:03.083
Эмне үчүн өлкөлөр карызын төлөө,

2
00:00:03.123 --> 00:00:04.412
үй-жайсыздарды багуу,

3
00:00:04.452 --> 00:00:05.524
жумушсуздукту азайтуу же

4
00:00:05.564 --> 00:00:06.530
башка маселени чечүү үчүн

5
00:00:06.570 --> 00:00:07.815
көбүрөөк акча

6
00:00:07.855 --> 00:00:10.108
басып чыгара алышпайт деп
ойлонуп көрдүңүз беле?

7
00:00:10.148 --> 00:00:11.111
Бул бир кыйла акылсыз суроо сыяктуу

8
00:00:11.151 --> 00:00:12.111
сезилиши мүмкүн,

9
00:00:12.151 --> 00:00:13.489
бирок, менимче, бул -

10
00:00:13.529 --> 00:00:15.254
кишилер бергенден уялышы мүмкүн
болгон суроолордун бири.

11
00:00:15.294 --> 00:00:17.821
Бирок бул суроого кызыккан
кишилердин саны арбын.

12
00:00:17.861 --> 00:00:20.500
Кыска жоопту бир сөз
менен айтса болот -

13
00:00:20.540 --> 00:00:21.951
инфляция.

14
00:00:21.991 --> 00:00:23.134
Инфляция дегенде

15
00:00:23.174 --> 00:00:24.659
"акча көлөмүнүн өсүшүнө байланыштуу

16
00:00:24.699 --> 00:00:26.409
баалардын жалпы деңгээлинин туруктуу,

17
00:00:26.449 --> 00:00:27.813
олуттуу өсүшүн, анын натыйжасында

18
00:00:27.853 --> 00:00:30.191
валютанын кунунун кетишин" түшүнөбүз.

19
00:00:30.231 --> 00:00:31.519
Бирок биз буга дагы кайрылабыз.

20
00:00:31.559 --> 00:00:33.209
Биринчиден, биз акча эмне экенин

21
00:00:33.249 --> 00:00:36.855
так аныкташыбыз керек.

22
00:00:36.895 --> 00:00:37.993
Бул ачык-айкын сыяктуу
сезилиши мүмкүн,

23
00:00:38.033 --> 00:00:40.347
бирок сиз түшүнүшүңүз
керек болгон жагдай -

24
00:00:40.387 --> 00:00:44.487
акчанын эч кандай ички баалуулугу жок.

25
00:00:44.527 --> 00:00:46.145
Бул акчанын өзүндө эч кандай

26
00:00:46.185 --> 00:00:47.333
чыныгы нарк жок дегенди билдирет.

27
00:00:47.373 --> 00:00:48.577
Ал болгону баалуу деп эсептелет,

28
00:00:48.617 --> 00:00:50.097
анткени ага башка нерселерди
сатып алса болот.

29
00:00:50.137 --> 00:00:51.910
Бирок, эгер сиз ээн аралда
обочодо калсаңыз,

30
00:00:51.950 --> 00:00:54.946
акча таптакыр пайдасыз болмок.

31
00:00:54.986 --> 00:00:56.111
Биз анын баалуулугуна
ишенгенибиз үчүн гана

32
00:00:56.151 --> 00:00:58.011
акчанын наркы бар.

33
00:00:58.051 --> 00:01:00.111
Бул - Тинкербелл таасири деп аталат
(«Питер Пен» аттуу жомоктогу фея),

34
00:01:00.151 --> 00:01:02.402
мен муну "Vsauce"
интернет-каналынан көрдүм.

35
00:01:02.442 --> 00:01:03.620
Тинкербелл таасири биз бар экенине

36
00:01:03.660 --> 00:01:05.410
ишенгендиктен гана бар болгон

37
00:01:05.450 --> 00:01:07.811
нерсени сыпаттоо үчүн колдонулат.

38
00:01:07.851 --> 00:01:09.409
Бул - акчага да тиешелүү.

39
00:01:09.449 --> 00:01:10.460
Жоромол иретинде гана айтканда,

40
00:01:10.500 --> 00:01:11.960
кишилер күтүлбөгөн жерден акчанын

41
00:01:12.000 --> 00:01:13.728
эч кандай наркы жок деп ишене баштаса,

42
00:01:13.768 --> 00:01:16.208
анда анын наркы болмок эмес.

43
00:01:16.248 --> 00:01:18.028
Албетте, бул дайыма эле
мындай болгон эмес.

44
00:01:18.068 --> 00:01:19.560
Акча миңдеген жылдардан
бери болуп келген

45
00:01:19.600 --> 00:01:20.614
жана ал алгачкы жолу колдонулганда

46
00:01:20.654 --> 00:01:23.587
товардык акча түрүндө болгон.

47
00:01:23.627 --> 00:01:25.894
Туз, татымалдар, жылкылар
жана курал-жарактар

48
00:01:25.934 --> 00:01:28.503
сыяктуу чыныгы баалуулугу бар

49
00:01:28.543 --> 00:01:30.836
ошондой эле, өзүнчө эч кандай
ички баалуулугу жок,

50
00:01:30.876 --> 00:01:32.006
бирок сейрек кездешкен

51
00:01:32.046 --> 00:01:33.310
алтын жана күмүш сыяктуу

52
00:01:33.350 --> 00:01:34.838
баалуу металлдар

53
00:01:34.878 --> 00:01:37.767
универсалдуу акча катары
кабыл алынган.

54
00:01:37.807 --> 00:01:39.678
Анан өкүл акча пайда болду.

55
00:01:39.718 --> 00:01:42.071
Сизге таандык нерселердин баарын
алып жүрүү кыйын болгондуктан,

56
00:01:42.111 --> 00:01:44.128
өкүл акча жөндүүдөй сезилет.

57
00:01:44.168 --> 00:01:46.082
Сиз алтыныңызды банкка бересиз,

58
00:01:46.122 --> 00:01:47.557
алар аны сиз үчүн сакташат,

59
00:01:47.597 --> 00:01:49.414
анын ордуна алар сизге
ошол алтынга ээ экениңизди  

60
00:01:49.454 --> 00:01:51.534
тастыктаган документ беришет.

61
00:01:51.574 --> 00:01:52.996
Ошондуктан бул кагаздар

62
00:01:53.036 --> 00:01:54.345
акча катары колдонулушу мүмкүн,

63
00:01:54.385 --> 00:01:56.565
анткени каалаган убакта аны
алтынга айландырууга болот.

64
00:01:56.605 --> 00:01:57.565
Бирок бүгүнкү күндө

65
00:01:57.605 --> 00:01:58.938
дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү

66
00:01:58.978 --> 00:02:00.861
фиат акчаны колдонушат.

67
00:02:00.901 --> 00:02:03.416
Фиат акча мамлекетке ишенимди жана

68
00:02:03.456 --> 00:02:05.151
акча баалуу болот деген
ишенимди талап кылат.

69
00:02:05.191 --> 00:02:06.582
Салыштырмалуу жаш өлкө катары

70
00:02:06.622 --> 00:02:07.499
Кошмо Штаттарды алсак,

71
00:02:07.539 --> 00:02:09.112
200 жылдын ичинде ал 3 акча системасынын

72
00:02:09.152 --> 00:02:12.156
баарын басып өттү.

73
00:02:12.196 --> 00:02:14.156
1792-жылы АКШ

74
00:02:14.196 --> 00:02:15.518
европалык акчаны колдонууну токтоткондо,

75
00:02:15.558 --> 00:02:17.049
1792-жылы кабыл алынган Тыйын мыйзамы

76
00:02:17.089 --> 00:02:19.049
АКШ долларынын пайда болушуна алып келди.

77
00:02:19.089 --> 00:02:20.664
АКШ доллары алгач

78
00:02:20.704 --> 00:02:22.062
товардык акча түрүндө,
алтын, күмүш жана

79
00:02:22.102 --> 00:02:24.434
жез тыйын түрүндө болгон.

80
00:02:24.474 --> 00:02:26.169
Тыйындар чынында эле накта алтындан,

81
00:02:26.209 --> 00:02:27.176
күмүштөн жана жезден жасалган

82
00:02:27.216 --> 00:02:28.234
жана тыйын жасалган металлдын баасы

83
00:02:28.274 --> 00:02:29.956
алардын номиналдык наркына

84
00:02:29.996 --> 00:02:32.142
дал келген.

85
00:02:32.182 --> 00:02:33.792
Андан кийин 1900-жылы

86
00:02:33.832 --> 00:02:35.406
алтын стандарт мыйзамынын
кабыл алынышы менен

87
00:02:35.446 --> 00:02:38.102
өлкө товар жана өкүл акчанын
аралашмасына өттү.

88
00:02:38.142 --> 00:02:39.487
Мамлекет каалаган убакта

89
00:02:39.527 --> 00:02:42.466
алтынга алмаштырууга мүмкүн болгон
кагаз долларды чыгарды.

90
00:02:42.506 --> 00:02:44.535
Алтын стандарт – бул көптөгөн өлкөлөр

91
00:02:44.575 --> 00:02:46.535
ошол убакта колдонгон
өкүл акчанын бир түрү.

92
00:02:46.575 --> 00:02:47.729
Бул - өлкөлөр ортосундагы алмашуу курсун

93
00:02:47.769 --> 00:02:48.794
так эсептөөнүн

94
00:02:48.834 --> 00:02:50.638
натыйжалуу жолу болгон.

95
00:02:50.678 --> 00:02:52.298
Мисалы, Британияда бир грамм
алтын 1 фунт стерлинг,

96
00:02:52.338 --> 00:02:55.190
ал эми Америкада 1,50 доллар болсо,

97
00:02:55.230 --> 00:02:58.792
анда 1 фунт стерлингдин 1,50 долларга
барабар болоорун оңой эле чыгара аласыз.

98
00:02:58.832 --> 00:03:00.566
Алтын тыйындар токтотулган

99
00:03:00.606 --> 00:03:01.609
жана күмүш да башка тыйындардан

100
00:03:01.649 --> 00:03:02.548
алынып салган,

101
00:03:02.588 --> 00:03:03.910
ошентип, АКШда товардык акча

102
00:03:03.950 --> 00:03:05.646
иш жүзүндө токтотулган.

103
00:03:05.686 --> 00:03:07.316
1971-жылы Ричард Никсон

104
00:03:07.356 --> 00:03:08.901
расмий түрдө Алтын стандарттан
баш тартып,

105
00:03:08.941 --> 00:03:11.362
АКШ фиат акчага өткөн.

106
00:03:11.402 --> 00:03:13.145
Ошентип, бүгүнкү күндө акча алтын же

107
00:03:13.185 --> 00:03:16.615
башка баалуу нерселер менен бекемделбейт.

108
00:03:16.655 --> 00:03:18.166
Ошентип, каралып жаткан
маселеге кайра келели.

109
00:03:18.206 --> 00:03:20.274
Суроо-талап менен сунуштун
графиги эмне үчүн

110
00:03:20.314 --> 00:03:21.597
бул баалардын өсүшүнө алып
келээрин көрсөтүп турат.

111
00:03:21.637 --> 00:03:22.848
Экономикада акчанын көбөйүшү

112
00:03:22.888 --> 00:03:24.246
товар жана кызматтарга болгон
суроо-талап ийри сызыгынын

113
00:03:24.286 --> 00:03:25.412
жылышына себеп болот.

114
00:03:25.452 --> 00:03:26.636
Бирок бул жагдай экономикалык

115
00:03:26.676 --> 00:03:28.220
өндүрүштүн өсүшү менен
дал келбегендиктен,

116
00:03:28.260 --> 00:03:30.059
баалар өсүүгө тийиш.

117
00:03:30.099 --> 00:03:31.059
Муну бул өңүттөн деле карап көрүңүз:

118
00:03:31.099 --> 00:03:32.823
эгерде өкмөт бир миллион доллар чыгарып,

119
00:03:32.863 --> 00:03:34.581
өлкөдөгү кишилердин баарына таратса,

120
00:03:34.621 --> 00:03:35.640
аны алгандардын баары

121
00:03:35.680 --> 00:03:37.046
спорттук унаа сатып алууну көздөсө...

122
00:03:37.086 --> 00:03:38.394
бирок өлкөдө спорттук унаалардын

123
00:03:38.434 --> 00:03:39.854
саны чектелүү эмеспи,

124
00:03:39.894 --> 00:03:41.010
мындан улам спорттук унаанын баасынын

125
00:03:41.050 --> 00:03:44.347
кымбатташы кадыресе көрүнүш болмок.

126
00:03:44.387 --> 00:03:46.347
Муну чагылдыруу үчүн башка
бир мисалды алсак:

127
00:03:46.387 --> 00:03:47.496
ээн аралдагы

128
00:03:47.536 --> 00:03:48.562
4 кишини элестетиңиз.

129
00:03:48.602 --> 00:03:50.706
Алардын ар биринде 10 даана мөмө бар.

130
00:03:50.746 --> 00:03:53.180
Бардык мөмөлөрдүн наркы -
бирдей деп каралсын.

131
00:03:53.220 --> 00:03:55.960
Эми алар алма бактуу бүтүндөй бир
токойду таап алышты деп элестетиңиз.

132
00:03:56.000 --> 00:03:57.960
Алманын номиналдуу баасы

133
00:03:58.000 --> 00:03:59.364
анын саны көбөйгөндүктөн өстү,

134
00:03:59.404 --> 00:04:00.979
бирок сунуш көбөйгөнү үчүн

135
00:04:01.019 --> 00:04:01.979
алманын

136
00:04:02.019 --> 00:04:03.980
иш жүзүндөгү наркы төмөндөдү.

137
00:04:04.020 --> 00:04:05.177
Ошондуктан азыр

138
00:04:05.217 --> 00:04:06.660
1 банан 10 алма турат,

139
00:04:06.700 --> 00:04:08.260
анткени алмага суроо-талап аз,

140
00:04:08.300 --> 00:04:10.260
ал эми бананга - көп талап бар.

141
00:04:10.300 --> 00:04:11.959
Бул салыштырууда

142
00:04:11.999 --> 00:04:13.802
кишилер өлкөлөрдү,

143
00:04:13.842 --> 00:04:15.499
мөмөлөр алардын валюталарын,

144
00:04:15.539 --> 00:04:18.639
ал эми алма болсо басып чыгарылган
акчаларды чагылдырат.

145
00:04:18.679 --> 00:04:20.591
Бирок биз өтө көп акча басуунун
туура эмес экенин

146
00:04:20.631 --> 00:04:22.683
экономикалык теориясыз эле билебиз.

147
00:04:22.723 --> 00:04:25.470
Жакынкы тарыхтан деле мунун
бир канча мисалдары белгилүү.

148
00:04:25.510 --> 00:04:28.663
Эң акыркы мисал - Зимбабве;
ал 2008-жылы

149
00:04:28.703 --> 00:04:31.886
акча басып чыгаруунун айынан өтө
жогорку инфляцияга кириптер болгон.

150
00:04:31.926 --> 00:04:34.972
Бул - президент Мугабенин айрым өтө
жарамсыз чечимдеринин кесепети болду.

151
00:04:35.012 --> 00:04:36.732
Экономика туңгуюкка багытталганда,

152
00:04:36.772 --> 00:04:38.043
Мугабе мамлекеттик чыгымдарды төлөө үчүн

153
00:04:38.083 --> 00:04:39.875
көбүрөөк акча басып чыгарды.

154
00:04:39.915 --> 00:04:41.694
Бул - инфляциянын асмандап
өсүшүнө алып келди

155
00:04:41.734 --> 00:04:43.694
жана 2008-жылы ноябрдын орто ченинде

156
00:04:43.734 --> 00:04:45.694
Зимбабведе инфляция туу чокусуна жетти...

157
00:04:45.734 --> 00:04:47.284
Ашыкпаңыз, бир аз күтө туруңуз.

158
00:04:47.324 --> 00:04:49.790
Адегенде мен бир нерсени айта кетейин.

159
00:04:49.830 --> 00:04:52.224
АКШда инфляция - 2%дын тегерегинде.

160
00:04:52.264 --> 00:04:53.602
Экономисттер жалпысынан 1-3%дык инфляция

161
00:04:53.642 --> 00:04:56.380
оптималдуу дегенге макул болушат.

162
00:04:56.420 --> 00:05:00.212
Дүйнөнүн алдыңкы саптагы өлкөлөрүндөгү
инфляциянын деңгээли азыр 0-5%ды түзөт.

163
00:05:00.252 --> 00:05:02.212
Инфляция деңгээли 50%дан ашканда,

164
00:05:02.252 --> 00:05:05.587
өлкө гиперинфляцияга кирет
деп кабыл алынат.

165
00:05:05.627 --> 00:05:07.587
Ошентип... ушуну эске алганда,

166
00:05:07.627 --> 00:05:09.587
Зимбабвенин инфляциясы
туу чокусунда турганда...

167
00:05:09.627 --> 00:05:15.334
6,5... секстиллион %га жетти!

168
00:05:15.374 --> 00:05:19.854
Же, башкача айтканда, бул 22 орундуу сан!

169
00:05:19.894 --> 00:05:21.841
Жагдайдын алааматтуулугунан улам баалар

170
00:05:21.881 --> 00:05:23.601
ар 24 саат сайын эки эсеге өстү!

171
00:05:23.641 --> 00:05:25.250
Өкмөт бул көйгөйдү чечүүгө аракеттенип,

172
00:05:25.290 --> 00:05:26.535
улам андан да жогорку номиналдагы

173
00:05:26.575 --> 00:05:28.535
акчаларды басып чыгара берди.

174
00:05:28.575 --> 00:05:30.444
Алар мындан тышкары Зимбабве долларын

175
00:05:30.484 --> 00:05:32.955
3 жолу кайра баалап,
4 башка ISO коду менен

176
00:05:32.995 --> 00:05:34.446
4 башка валютаны киргизип,

177
00:05:34.486 --> 00:05:36.840
нөлдөрдү жоюп турушту.

178
00:05:36.880 --> 00:05:38.912
Акыркы деноминациянын
алдында Зимбабведе

179
00:05:38.952 --> 00:05:41.395
номиналы 100 триллион доллар болгон
акча басып чыгарылды.

180
00:05:41.435 --> 00:05:44.099
Калайык бир нан сатып алуу үчүн,
кол араба толо

181
00:05:44.139 --> 00:05:45.862
акча сүйрөп жүрүштү.

182
00:05:45.902 --> 00:05:48.709
Өкмөт бир учурда инфляцияны
мыйзамсыз деп жарыялап,

183
00:05:48.749 --> 00:05:52.138
бааны көтөргөн кишилер чындап
эле камакка алынышкан.

184
00:05:52.178 --> 00:05:54.012
2009-жылы алар Зимбабве
долларынан баш тартышкан

185
00:05:54.052 --> 00:05:55.292
жана бүгүнкү күнгө чейин

186
00:05:55.332 --> 00:05:57.292
аларда улуттук валюта жок.

187
00:05:57.332 --> 00:05:59.580
Алардын эли АКШ доллары,
Британия фунт стерлинги

188
00:05:59.620 --> 00:06:02.041
жана евро сыяктуу
валюталарды колдонушат.

189
00:06:02.081 --> 00:06:03.462
Бул гиперинфляцияга чейин

190
00:06:03.502 --> 00:06:04.618
биринчи Зимбабве доллары

191
00:06:04.658 --> 00:06:07.203
1,25 долларга барабар болгон.

192
00:06:07.243 --> 00:06:08.975
Эгерде тиги 100 триллион
долларлык банкнота

193
00:06:09.015 --> 00:06:10.630
ошол курска барабар болгондо,

194
00:06:10.670 --> 00:06:13.098
анда ошол бир эле банкнота
бүткүл дүйнөдөгү акчадан...

195
00:06:13.138 --> 00:06:20.413
эки эсе кымбат болмок.

196
00:06:20.453 --> 00:06:22.102
Бирок канчалык таң калычтуу болсо да,

197
00:06:22.142 --> 00:06:23.736
бул окуя - тарыхтагы эң жогорку

198
00:06:23.776 --> 00:06:25.537
экинчи инфляция болуп эсептелет,

199
00:06:25.577 --> 00:06:28.329
ага чейинки орунда 1946-жылкы
Венгриядагы инфляция турат.

200
00:06:28.369 --> 00:06:29.926
Зимбабвенин инфляциясы 2008-жылы

201
00:06:29.966 --> 00:06:31.654
ноябрдын ортосунда туу чокуга
жеткенине карабастан,

202
00:06:31.694 --> 00:06:35.885
алардын жалпы эң жогорку айлык
инфляциясы 79,6 миллиард %ды түзгөн,

203
00:06:35.925 --> 00:06:39.789
ал эми Венгрияда 1946-жылы июльда
эң жогорку айлык инфляция 

204
00:06:39.829 --> 00:06:46.040
41,9 квадриллион %ды түзүп, баалар
ар бир 15 саат сайын эки эсеге өскөн.

205
00:06:46.080 --> 00:06:47.522
Салыштыруу үчүн:

206
00:06:47.562 --> 00:06:50.361
болжол менен 3%дык туруктуу
инфляция менен өлкөдө

207
00:06:50.401 --> 00:06:54.168
баалар ар бир 23 жылда
эки эсеге өсөт.

208
00:06:54.208 --> 00:06:56.168
Алардын валютасы пенго деп аталып,

209
00:06:56.208 --> 00:06:58.799
инфляциянын өсүшү менен
б.-пенго киргизилген

210
00:06:58.839 --> 00:07:00.799
(миллиард пенго дегендин кыскасы),

211
00:07:00.839 --> 00:07:04.623
бул чындыгында кыска масштабда
1 триллион пенгого тең болгон.

212
00:07:04.663 --> 00:07:05.716
Айлык эң жогорку инфляциянын

213
00:07:05.756 --> 00:07:07.136
рекорду менен бирге Венгрия

214
00:07:07.176 --> 00:07:08.301
буга чейин чыгарылган эң жогорку

215
00:07:08.341 --> 00:07:09.951
номиналдагы банкнот боюнча да рекордго ээ

216
00:07:09.991 --> 00:07:13.486
100 миллион б.-пенголук банкнота,

217
00:07:13.526 --> 00:07:15.608
б.а., 100 миллион миллиард,

218
00:07:15.648 --> 00:07:17.512
бул кыска масштабда

219
00:07:17.552 --> 00:07:19.138
100 квинтиллион пенго болот.

220
00:07:19.178 --> 00:07:23.062
1 миллиард б.-пенголук акча басылган,
бирок эч качан чыгарылган эмес.

221
00:07:23.102 --> 00:07:27.884
1941-жылкы алмашуу курсу боюнча,
1 доллар 5 пенгого жакын болгон.

222
00:07:27.924 --> 00:07:30.438
1946-жылы, валюта токтотулгандан кийин,

223
00:07:30.478 --> 00:07:32.438
жагдай ушунчалык көзөмөлдөн
чыгып кеткендиктен,

224
00:07:32.478 --> 00:07:36.389
эгер сиз бүткүл өлкөдөгү
ар бир банкнотту алсаңыз,

225
00:07:36.429 --> 00:07:41.655
алардын жалпы баасы АКШ центинин
ондон бирине барабар болмок.

226
00:07:44.002 --> 00:07:45.841
Андан кийин Венгрия форинтке өттү,

227
00:07:45.881 --> 00:07:50.073
мында 1 форинт 400 октиллион
пенгого барабар болду

228
00:07:50.113 --> 00:07:54.363
(бул санда 29 нөл бар).

229
00:07:54.403 --> 00:07:56.363
Мындан улам мамлекет
өз карызын төлөө үчүн

230
00:07:56.403 --> 00:07:58.965
жөн эле акча басып чыгара албайт.
Мунун аягы жакшы бүтпөйт.

231
00:08:01.085 --> 00:08:04.548
Мамлекеттик карыз эмне экенин
так түшүнүү да маанилүү.

232
00:08:04.588 --> 00:08:07.373
Мамлекеттик карыз жеке карызга
караганда алда канча татаал болот.

233
00:08:07.413 --> 00:08:10.391
Бул жөн эле «сен кишилерге
карызсың» деген сөз эмес.

234
00:08:10.431 --> 00:08:13.165
Эң көп мамлекеттик карызы бар өлкөнү
алалы, учурда бул өлкө АКШ,

235
00:08:13.205 --> 00:08:16.611
17 триллион долларга жакын карызы бар.

236
00:08:16.651 --> 00:08:20.165
Балким, билет чыгарсыз, Америкага
эң көп карыз берген өлкө...

237
00:08:20.205 --> 00:08:21.729
Кытай болуп саналат.

238
00:08:21.769 --> 00:08:22.895
Бул чын болгону менен

239
00:08:22.935 --> 00:08:24.400
жаңылтышы деле мүмкүн.

240
00:08:24.440 --> 00:08:27.842
Жалпы карыздын 8%га жакыны гана
Кытайга туура келет.

241
00:08:27.882 --> 00:08:29.842
Карыздын көбү, чындыгында,

242
00:08:29.882 --> 00:08:31.842
Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнө,

243
00:08:31.882 --> 00:08:35.774
Социалдык камсыздоо же Федералдык резерв
сыяктуу уюмдарга таандык.

244
00:08:35.814 --> 00:08:39.791
Мындан тышкары, дагы 30%ы
АКШ жарандарына таандык.

245
00:08:39.831 --> 00:08:42.618
17 триллиондун 8%ы да
көп акча болгону менен,

246
00:08:42.658 --> 00:08:44.673
Кытай Ак үйдүн эшигин каккылап,

247
00:08:44.713 --> 00:08:47.084
1,2 триллион долларын талап кыла албайт.

248
00:08:47.124 --> 00:08:49.640
Бул - башкача иштейт.

249
00:08:49.680 --> 00:08:53.324
Негизинен АКШнын Каржы министрлиги
казыналык облигацияларды чыгарат.

250
00:08:53.364 --> 00:08:54.441
Сиз бул насыя кагаздарын
сатып алсаңыз болот

251
00:08:54.481 --> 00:08:55.851
жана өкмөт жыл сайын
ал облигация боюнча

252
00:08:55.891 --> 00:08:57.363
үстөк пайыздарды төлөп берет.

253
00:08:57.403 --> 00:08:58.948
Анан облигациялардын мөөнөтү
бүткөндөн кийин,

254
00:08:58.988 --> 00:09:01.795
алар сизден казыналык облигацияны
кайра сатып алышат.

255
00:09:01.835 --> 00:09:04.064
Эгерде өлкө каржылык
кыйынчылыкка кабылса,

256
00:09:04.104 --> 00:09:05.579
анда ал карызын төлөй
албай калышы мүмкүн;

257
00:09:05.619 --> 00:09:08.240
бул, негизинен, акчаңызды кайра
кайтарып албайсыз дегенди билдирет.

258
00:09:08.280 --> 00:09:11.267
Бирок АКШ жалпысынан абдан коркунучсуз
инвестиция болуп эсептелет,

259
00:09:11.307 --> 00:09:13.267
анткени АКШ доллары дүйнөдөгү
эң кеңири колдонулган

260
00:09:13.307 --> 00:09:15.753
жана эң ишенимдүү валюта болуп саналат.

261
00:09:15.793 --> 00:09:17.663
Ал тургай Конституцияда
АКШ өз карызы боюнча

262
00:09:17.703 --> 00:09:21.218
дефолт жарыялай албайт деп жазылган.

263
00:09:21.258 --> 00:09:22.999
Мен сизди төмөндөгү акыркы
ой менен калтырам

264
00:09:23.039 --> 00:09:25.126
жана менимче, бул - эмне үчүн өкмөттөр
чексиз көлөмдөгү акчаны

265
00:09:25.166 --> 00:09:29.130
басып чыгара албастыгын
жыйынтыктоонун эң жакшы жолу.

266
00:09:29.170 --> 00:09:31.348
«Эгерде акча дарактарда өссө...

267
00:09:31.388 --> 00:09:35.120
анда анын наркы жалбырактардай болмок».

268
00:09:35.160 --> 00:09:38.697
Көргөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

