﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:09.680
[музыка ойноодо]

2
00:00:09.720 --> 00:00:17.336
-Өлчү кезең келди! Лазерди иштет!
Бул... иштебей жатат да.

3
00:00:17.376 --> 00:00:18.374
-Артым жылуулукту сезип турат,

4
00:00:18.414 --> 00:00:20.840
бирок, чынын айтсам,
бул жагып турат.

5
00:00:20.880 --> 00:00:25.027
-Шайтан алгыр десе! Лазер
министрлигинин башчысына жөнөтүңүз!

6
00:00:25.067 --> 00:00:28.137
-Салам! Менде көз айнек бар.
-Эмнеге лазер иштебей жатат?

7
00:00:28.177 --> 00:00:29.965
-Билбейм. Бул - менин
биринчи иш күнүм.

8
00:00:30.005 --> 00:00:35.381
-А-х! Лазер министринин
орун басарына жөнөтүңүз!

9
00:00:35.421 --> 00:00:38.868
-Мен - Лазер министринин
орун басарымын.

10
00:00:38.908 --> 00:00:41.541
Биз 2 аптадан бери маянабызды
ала элекпиз.

11
00:00:41.581 --> 00:00:43.368
-Баарыңыздар эмгек
акыңыздарды аласыздар.

12
00:00:43.408 --> 00:00:47.274
-Энди! Кечки тамак маалы келди го.
Ал жакта эмне кылып жатасың?

13
00:00:47.314 --> 00:00:49.880
-Апа, мен аткаминерлер оюнун
ойноп жатпаймынбы!

14
00:00:49.920 --> 00:00:59.396
[музыка ойноодо]

15
00:00:59.436 --> 00:01:02.322
-Салам! Мен - Эндрю Хитонмун, сиздер
EconPop берүүсүн - экономиканын

16
00:01:02.362 --> 00:01:04.916
жоголгон ийнесин табуу үчүн калайыкка
жагымдуу маданияттын үймөк чөбүн

17
00:01:04.956 --> 00:01:08.256
аңтарып караган шоуну көрүп жатасыздар.
Анан сиздерди ошол ийне менен саябыз.

18
00:01:08.296 --> 00:01:10.256
Балалуу болууну пландап
жатканымдын 80%ын анын эски

19
00:01:10.296 --> 00:01:12.681
"Лего" оюнчуктарымдын бардыгын
ата-энемдин үйүнөн табууга

20
00:01:12.721 --> 00:01:15.477
шылтоо болоору менен түшүндүрөм.
Калган 20%ы - сүйүү,

21
00:01:15.517 --> 00:01:17.598
салык жеңилдиктери жана
запастагы бөйрөк.

22
00:01:17.638 --> 00:01:20.878
Акыркы мезгилдерде "Лего" компаниясы
сепилдерди жана космостук кемелерди

23
00:01:20.918 --> 00:01:23.555
жасоонун чегинен чыгып, толук көлөмдөгү
кино тасмаларды тарта баштады.

24
00:01:23.595 --> 00:01:25.743
Эң сонун тасма, мен муну
келечектеги балдарыма

25
00:01:25.783 --> 00:01:27.057
мажбурлап болсо да көрсөтүүгө
ниеттенип турам.

26
00:01:27.097 --> 00:01:28.551
[музыка ойноодо]
-Оо, жараткан, мен бул ырды жакшы көрөм!

27
00:01:28.591 --> 00:01:34.767
"Сиз тобубузга мүчө болгон чакта,
баары укмуш, баары сонун!"

28
00:01:34.807 --> 00:01:39.941
"Сиз кыялыңыз менен жашап жаткан
чакта, баары керемет!"

29
00:01:39.981 --> 00:01:42.367
-Тасманын жаман каарманы -
"Президент Бизнес",

30
00:01:42.407 --> 00:01:45.727
ал эми анын досу жана пикирдеши - 
"Лорд Бизнес", аны Уилл Феррелл ойнойт.

31
00:01:45.767 --> 00:01:48.089
Эми Митт Ромнинин тегизделген чачы жана
"Лорд Бизнес" деген аталыш сизди

32
00:01:48.129 --> 00:01:51.336
"бул тасманын негизги идеясы -  соода
ишмердигин сындоо болчу" деген кызыктуу

33
00:01:51.376 --> 00:01:54.108
ойго түртүшү мүмкүн, бирок "Лего"
тасмасы чындыгында балдар оюнчуктарынын,

34
00:01:54.148 --> 00:01:57.039
товарлардын жана бренддердин рекламасы,
эки саатка созулган бир жарнамалык өнүм;

35
00:01:57.079 --> 00:01:59.039
буга чейин эле ал бренд
рекламасы бир нече

36
00:01:59.079 --> 00:02:00.985
миллион доллар киреше алып келген.

37
00:02:01.025 --> 00:02:04.927
Анын үстүнө, президент Бизнес
корпорацияны эле башкарбайт.

38
00:02:04.967 --> 00:02:09.133
Ал ошондой эле полицияны, өкмөттү жана
добуш берүүчү жабдууларды да көзөмөлдөйт.

39
00:02:09.173 --> 00:02:11.413
Ал - ишкер эмес, ал -
Леголенд "өлкөсүндөгү"

40
00:02:11.453 --> 00:02:13.865
ар бир кишинин турмушун
көзөмөлдөгүсү келген диктатор.

41
00:02:13.905 --> 00:02:15.664
Бул - тасманын негизги темасы.

42
00:02:15.704 --> 00:02:18.838
Мында борбордошкон пландоо башаламан
тартипке каршы салыштырылат.

43
00:02:18.878 --> 00:02:22.906
-Бардык жерлерде кишилер дайыма
менин тартибимди бузушат!

44
00:02:22.946 --> 00:02:25.743
Бирок менде муну оңдоонун жолу бар!

45
00:02:25.783 --> 00:02:29.971
Баары кандай болсо,
ошондой сактоонун жолу.

46
00:02:30.011 --> 00:02:31.356
Түбөлүккө.

47
00:02:31.396 --> 00:02:34.350
-Борбордошкон пландоо - бул
бир кишиге же адистер тобуна,

48
00:02:34.390 --> 00:02:37.762
Уилл Феррелдин кинодогу
каарманы сыяктууларга,

49
00:02:37.802 --> 00:02:39.762
татаал системаны же бүтүндөй коомду
башкаруу жоопкерчилиги жүктөлчү жай.

50
00:02:39.802 --> 00:02:41.841
Чыныгы турмушка келсек,
биз Уилл Ферреллди

51
00:02:41.881 --> 00:02:43.205
автобус каттамдары же билим берүү
стандарттары сыяктуу нерселерди

52
00:02:43.245 --> 00:02:45.205
жекече уюштуруу үчүн
сейрек колдонобуз.

53
00:02:45.245 --> 00:02:48.530
Мындай борбордук пландоо саясатчыларга
жана аткаминерлерге жагат.

54
00:02:48.570 --> 00:02:51.304
Жакында "технократ" деген
калайыкка жаккан сөз

55
00:02:51.344 --> 00:02:53.304
жалпы улуттук айлампага киргизилди.

56
00:02:53.344 --> 00:02:57.017
Технократтар - булар модалуу көз айнек
тагынган баягы эле аткаминерлер.

57
00:02:57.057 --> 00:02:58.890
Алар кандай гана аталбасын,

58
00:02:58.930 --> 00:03:00.850
идея эскисиндей эле:

59
00:03:00.890 --> 00:03:03.066
бардыгын жалпы эл эмес, адистер
уюштуруп, жетектөөгө тийиш.

60
00:03:03.106 --> 00:03:05.688
Акылы зирек кишилерге өздөрү
жакшы билген тармагын

61
00:03:05.728 --> 00:03:07.587
башкарууга уруксат берүү -
мыкты идеядай угулат,

62
00:03:07.627 --> 00:03:10.251
өзгөчө, алар модалуу көз айнек
тагынып алышса.

63
00:03:10.291 --> 00:03:12.251
Бирок, албетте, абал жолдон
чыгып кетиши деле мүмкүн.

64
00:03:12.291 --> 00:03:15.747
-Кутман таң, батир!
Кутман таң, эшик!

65
00:03:15.787 --> 00:03:18.322
Кутман таң, дубал! Кутман таң, шып!
Кутман таң, пол! 

66
00:03:18.362 --> 00:03:21.513
Күндү баштоого даярдангыла.
Дии-диди-дидиди...

67
00:03:21.553 --> 00:03:24.033
Опей, бул - "Ыңгайлаш, бардыгы
сени жактырсын жана

68
00:03:24.073 --> 00:03:26.854
дайыма бактылуу бол" деген
көрсөтмө мында жаткан турбайбы.

69
00:03:26.894 --> 00:03:29.367
-Борбордук пландоо өңүттөрүнүн
эң соңунда

70
00:03:29.407 --> 00:03:33.148
Леголенддеги Октан, же чыныгы жашоодогу
фашисттик жана коммунисттик

71
00:03:33.188 --> 00:03:35.349
режимдер сыяктуу буйрукчул
экономика турат.

72
00:03:35.389 --> 00:03:38.464
Коммунисттик Советтер Биримдиги,
б.а. СССР,

73
00:03:38.504 --> 00:03:41.736
экономиканы адистерге башкартуу
боюнча адамзат тарыхындагы

74
00:03:41.776 --> 00:03:44.695
эң чоң, эң кеңири сынак болду.

75
00:03:44.735 --> 00:03:46.695
Бул ишке таптакыр ашпай кыйрап калды.

76
00:03:46.735 --> 00:03:49.914
Көрсө, дүйнө өтө татаал жана башаламан
болгондуктан, лабораториялык халатчан

77
00:03:49.954 --> 00:03:53.703
же галстукчан жигиттер аны жогору жактан
төмөндү карай башкара алышпайт тура.

78
00:03:53.743 --> 00:03:56.762
Алар далаалат кылып жатып,
өз экономикасын талкалап салышты,

79
00:03:56.802 --> 00:03:59.569
миллиондогон кишилерди өлтүрүштү;
ал эми балдар ойной турган

80
00:03:59.609 --> 00:04:02.449
татаал желим кирпиччелерди
эгерим жасап көрүшкөн жок.

81
00:04:02.489 --> 00:04:05.160
"Лего" тасмасындагы атаандаш жана
акыры жеңип чыккан система - 

82
00:04:05.200 --> 00:04:08.452
бул башаламан тартип.

83
00:04:08.492 --> 00:04:10.938
Бул - кишилердин чоң топтору
жогору жактагы аткаминерлердин

84
00:04:10.978 --> 00:04:13.259
эч кандай көрсөтмөсү жок эле
үйлөрдү куруп,

85
00:04:13.299 --> 00:04:14.796
гаджеттерди ойлоп таап,

86
00:04:14.836 --> 00:04:16.918
автоунааларын кан жолдо татынакай
айдай алышат деген идея.

87
00:04:16.958 --> 00:04:20.002
-Баарыңыздардын көкүрөгүңүздөрдө
пайдубал бузуу жөндөмү бар!

88
00:04:20.042 --> 00:04:23.197
Менин айтайын дегеним,
түркүктөрдү талкалагыла!

89
00:04:23.237 --> 00:04:25.910
Кирпич бөлүктөрдү бузгула,
дубалдарды кыйраткыла,

90
00:04:25.950 --> 00:04:29.295
өзүңүздөр гана кура ала тургандарды
куруңуздар. Өзүңүздөрдү коргоңуздар.

91
00:04:29.335 --> 00:04:34.268
Биз президент Бизнестин бизди тоңдуруу
пландарына каршы күрөшүүгө тийишпиз.

92
00:04:34.308 --> 00:04:36.986
-Иш жүзүндө, кишилердин
башаламан топторунун баары

93
00:04:37.026 --> 00:04:39.166
өз алдынча иш кылып
жаткандай көрүнөт,

94
00:04:39.206 --> 00:04:42.253
алар дирижёрсуз кокусунан
чогулган оркестрге окшош.

95
00:04:42.293 --> 00:04:44.377
Буга жөнөкөй бир мисал -
буюмдардын баалары.

96
00:04:44.417 --> 00:04:46.867
-Бул - 37 доллар.
-Опе-ей! Сонун го!

97
00:04:46.907 --> 00:04:49.550
-Советтер Биримдигинде калькулятор
жана чот кармаган кишилер

98
00:04:49.590 --> 00:04:52.507
бут кийимдин кыялга төп баасын
табууга аракет кылышчу.

99
00:04:52.547 --> 00:04:54.416
Кээде алар бааны өтө кымбат кылып
коюшчу жана аны сатып алууга

100
00:04:54.456 --> 00:04:55.987
эч кимдин чамасы жетчү эмес.

101
00:04:56.027 --> 00:04:57.674
Көбүнчө алар бааны өтө арзан коюшуп,

102
00:04:57.714 --> 00:04:59.301
дүкөнгө биринчи келгендер
бут кийимдердин бардыгын 

103
00:04:59.341 --> 00:05:01.919
сатып алышчу да, калганы
жылаңайлак калышкан.

104
00:05:01.959 --> 00:05:03.874
Адатта, кимдир бирөө бузат да,

105
00:05:03.914 --> 00:05:06.460
сол бут кийимдин жарымы оң бут
кийим болуп чыгып калат,

106
00:05:06.500 --> 00:05:08.731
же бут кийим өтө көп, бирок
кутулар жетишсиз болот.

107
00:05:08.771 --> 00:05:11.139
Же кокусунан "картондон
бут кийим" жасалып калган.

108
00:05:11.179 --> 00:05:13.915
Туура бааны коюу СССРде
ушунчалык кыйын болгондуктан,

109
00:05:13.955 --> 00:05:16.620
ал түгүл советтик бюрократтар
АКШдан Sears каталогдорундагы

110
00:05:16.660 --> 00:05:19.300
бааларды көчүрүп алууга
аракет кылышкан.

111
00:05:19.340 --> 00:05:23.035
Бирок эч кандай майнап чыкпады. Бүт
система 1980-жылдардын аягында кыйрады.

112
00:05:23.075 --> 00:05:24.766
Тескерисинче, базарда

113
00:05:24.806 --> 00:05:27.278
эч ким бардык бут кийимдердин
баасын бычууга тийиш эмес.

114
00:05:27.318 --> 00:05:29.301
Базардагы кишилер бут кийимдин
баасын суроо-талап менен

115
00:05:29.341 --> 00:05:31.448
сунуштун соодалашуу жүрүмү
аркылуу аныкташат.

116
00:05:31.488 --> 00:05:33.732
Мында атаандаш дүкөндөр,
чөлкөмдүк варианттар,

117
00:05:33.772 --> 00:05:34.979
ар кандай бренддер жана башкалар

118
00:05:35.019 --> 00:05:38.313
алардын баары акыры-түбү кардарлардын
каалоолорун жана муктаждыктарын карайт.

119
00:05:38.353 --> 00:05:40.766
Бул - базар жүрүмү, башаламан
тартиптин мисалы;

120
00:05:40.806 --> 00:05:43.318
ал башаламан түрдө, эч багыттоосуз
иштейт жана күн сайын

121
00:05:43.358 --> 00:05:45.761
сансыз соода-сатыктар
жүзөгө ашырылат.

122
00:05:45.801 --> 00:05:47.736
АКШда биз эч качан "Лего"
тасмасындагы президент Бизнес

123
00:05:47.776 --> 00:05:49.227
сыяктуу же СССРдеги сыяктуу
толук өкүмчүлүк кылган

124
00:05:49.267 --> 00:05:52.621
буйрукчул экономиканы баштан
өткөргөн эмеспиз.

125
00:05:52.661 --> 00:05:54.826
Бирок биздин экономикабызда деле
борбордоштурулган пландоонун

126
00:05:54.866 --> 00:05:57.919
көптөгөн талаштуу элементтери бар;
алар тамак-аш жана каржыдан

127
00:05:57.959 --> 00:06:00.636
отун-кубат, билим, турак-жай жана
саламаттыкты сактоого чейин кездешет.

128
00:06:00.676 --> 00:06:02.773
Салыктардын кантип иштээрин
ойлонуп көрүңүз.

129
00:06:02.813 --> 00:06:05.336
Сиз акчаңызды Вашингтонго жөнөтөсүз,

130
00:06:05.376 --> 00:06:08.146
Вашингтондогу акылдуулар жолдо
ар кандай лоббичилер менен 

131
00:06:08.186 --> 00:06:11.135
кеңешип туруп, ал акчаны кантип
жакшы сарптоону чечишет,

132
00:06:11.175 --> 00:06:13.347
андан кийин аны көрсөтмөсү менен
бирге башка кишилерге азыраак

133
00:06:13.387 --> 00:06:14.611
тилимдерге бөлүп жөнөтүшөт.

134
00:06:14.651 --> 00:06:16.962
Сиз өзүңүз жактырбаган дүкөндөн
качандыр бир ирет туулган күнүңүзгө

135
00:06:17.002 --> 00:06:21.323
белек картасын алып көрдүңүз беле?
Салыктар да ошондой иштейт,

136
00:06:21.363 --> 00:06:23.255
бирок бир айырмасы - алар белек эмес.

137
00:06:23.295 --> 00:06:25.437
"Лего" тасмасында ар кандай
топтогу ар кыл кишилер

138
00:06:25.477 --> 00:06:27.195
өтө башка кырдаалдарда кездешет.

139
00:06:27.235 --> 00:06:28.911
Кыязы, Орто Зеландияда жашаган кишилер

140
00:06:28.951 --> 00:06:31.447
сепилдин коопсуздук эрежелерин
миллион миль алыстагы чоң мунарада

141
00:06:31.487 --> 00:06:33.697
жашаган кишиге караганда
жакшыраак түшүнүшчүдөй.

142
00:06:33.737 --> 00:06:36.088
Ал эми жапайы Батыштын эли
салонду зоналарга бөлүү

143
00:06:36.128 --> 00:06:38.545
мыйзамдарынын алар үчүн кандай
иштээрин жакшыраак билишет.

144
00:06:38.585 --> 00:06:39.694
Бул сыяктуу жергиликтүү билим -

145
00:06:39.734 --> 00:06:42.323
борбордук пландоочулар эч качан
өздөштүрө албаган нерсе.

146
00:06:42.363 --> 00:06:44.551
Баштапкы тартип - бул татаал
багыттоо жана телегейи тегиздик

147
00:06:44.591 --> 00:06:47.915
акыры-түбү төмөндөн жогору
карай өнүгөт деген идея;

148
00:06:47.955 --> 00:06:49.359
ал бир көсөмдүн ар бир адамга
көрсөтмө беришин талап кылбастан,

149
00:06:49.399 --> 00:06:52.419
жеке кишилердин иш-аракети
аркылуу жүзөгө ашат.

150
00:06:52.459 --> 00:06:54.830
Баштапкы тартип - бул гравитация
же Чак Норрис сыяктуу

151
00:06:54.870 --> 00:06:56.751
эбегейсиз зор күч;

152
00:06:56.791 --> 00:06:58.830
ал жалпысынан маалыматты Гарварддагы

153
00:06:58.870 --> 00:07:00.431
кайсы бир илимпозго караганда
жакшыраак топтойт.

154
00:07:00.471 --> 00:07:03.412
Ал түгүл адамзат тилинин өзү -
баштапкы тартипке жатат.

155
00:07:03.452 --> 00:07:06.747
Менин сиздер менен эсперанто тилинде
сүйлөшпөгөнүмдүн бир себеби бар.

156
00:07:06.787 --> 00:07:10.883
[музыка ойноодо]

