WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:07.893
[музыка ойноодо]

2
00:00:07.933 --> 00:00:09.759
-Салам! Мен Пол Ньюманга жолугат элем.

3
00:00:09.799 --> 00:00:12.154
-Алдын-ала макулдаштыңыз беле?

4
00:00:12.194 --> 00:00:15.193
-Ооба, ага электрондук кат жолдодум,

5
00:00:15.233 --> 00:00:16.964
Gmail календарында көрүнүп турат,
бирок ал мени…

6
00:00:17.004 --> 00:00:19.673
-Китепчеден текшереличи. Ым-м...

7
00:00:19.713 --> 00:00:24.225
-Жөн китепчеңиз iCloud менен
байланыша алса, анда… чыгышы керек...

8
00:00:24.265 --> 00:00:26.372
-Жолугушууңуз мында катталбаптыр.

9
00:00:26.412 --> 00:00:30.485
-Мейли, ал мага Facebook жана
Tinder аркылуу "макул" деген.

10
00:00:30.525 --> 00:00:31.730
Келе жатканымды билет.

11
00:00:31.770 --> 00:00:34.728
-Жолугушуу такталган чакта,
китепчеде табылмак.

12
00:00:34.768 --> 00:00:37.831
-Макул, мейли анда, мага
болгону 2 мүнөт керек.

13
00:00:37.871 --> 00:00:39.930
Минималдуу эмгек акыны
көтөрбөй туруп жакырларга 

14
00:00:39.973 --> 00:00:41.474
жардам берүү боюнча
сонун идеям бар.

15
00:00:41.514 --> 00:00:42.329
Сөздү улантуудан мурда…

16
00:00:42.369 --> 00:00:45.010
[кыйкырган аялдын үнү]

17
00:00:45.050 --> 00:00:54.517
[музыка ойноодо]

18
00:00:54.581 --> 00:00:57.376
-Салам! Менин атым Эндрю Хитон жана
сиз ЭконПоп берүүсүн көрүп жатасыз.

19
00:00:57.416 --> 00:01:00.039
Бул берүү сүймөнчүктүү маданияттын
оюнчук кутусу аркылуу

20
00:01:00.079 --> 00:01:03.001
экономика көйгөйүн
түшүндүрүүгө арналган.

21
00:01:03.041 --> 00:01:04.262
Биз өзүбүз эңсеген ресурстар

22
00:01:04.302 --> 00:01:06.578
чектелүү болгон заманда жашайбыз.

23
00:01:06.618 --> 00:01:09.217
Оюнчук, араа же виски болобу,

24
00:01:09.257 --> 00:01:10.830
бул нерселер чектелүү.

25
00:01:10.870 --> 00:01:12.579
Ошондуктан экономика адистери

26
00:01:12.619 --> 00:01:14.579
сунуш жана суроо-талап
жобосуна басым жасашат.

27
00:01:14.619 --> 00:01:18.259
Араа же вискинин баасынын
канчага тураарын түшүнүү үчүн.

28
00:01:18.299 --> 00:01:20.342
"Хадсакердин орун басары"
тасмасында

29
00:01:20.382 --> 00:01:22.224
дал ушул идея мыкты чагылдырылган.

30
00:01:22.264 --> 00:01:24.669
Бул тасмада элеттик чакан шаарчадан

31
00:01:24.709 --> 00:01:25.933
бакыт издеп чоң шаарга келген

32
00:01:25.973 --> 00:01:28.355
жигиттин окуясы чагылдырылган.

33
00:01:28.404 --> 00:01:30.531
Жаш жигит сүйкүмү жана эптүүлүгү
менен кыйынчылыктарды жеңип,

34
00:01:30.571 --> 00:01:34.284
албетте, өзү сүйгөн кызга дагы жетет.

35
00:01:34.324 --> 00:01:35.331
Норвилл Барнс

36
00:01:35.371 --> 00:01:37.712
"Hudsucker Industries" фирмасынын
президенти болгондон кийин

37
00:01:37.752 --> 00:01:41.554
гимнастикалык шакекчени ойлоп табат.
Аны компания көп санда өндүрөт.

38
00:01:41.594 --> 00:01:44.781
Бул мыкты тасмада сунуш менен
суроо-талаптын алакасы байкалат:

39
00:01:44.821 --> 00:01:47.537
алгач оюнчуктун баасы арзандап,
анан кескин өсөт.

40
00:01:47.577 --> 00:01:49.803
Сунуш менен суроо-талаптын
өз ара таасири мындай:

41
00:01:49.843 --> 00:01:52.661
товар аз болуп, көп кишилер
аны сатып алгысы келсе,

42
00:01:52.701 --> 00:01:54.050
анын баасы өсөт.

43
00:01:54.090 --> 00:01:57.451
Эгер кишилердин ага талабы азайса же
ал көп санда сунушталса, баасы түшөт.

44
00:01:57.491 --> 00:01:59.839
Тасмада балдар гимнастикалык

45
00:01:59.879 --> 00:02:01.839
шакектерге кызыга электе

46
00:02:01.879 --> 00:02:04.743
бул оюнчуктун баасы төмөндөйт.

47
00:02:04.783 --> 00:02:07.424
Базарда сунуш көп, бирок
суроо-талап абдан аз.

48
00:02:07.464 --> 00:02:09.890
Бат эле шакекче жаштардын
купулуна толуп,

49
00:02:09.930 --> 00:02:14.841
ага кызыгуу "Тамагоччи" же "Нинтендо"
сыяктуулардан ашып түштү. 

50
00:02:14.881 --> 00:02:16.791
Анын баасы кескин өстү.

51
00:02:16.831 --> 00:02:19.271
Бирок өспүрүмдөрдөн желим
шакекче үчүн

52
00:02:19.311 --> 00:02:21.794
көбүрөөк акча талап кылуу -
ачкөздүк эмеспи?

53
00:02:21.834 --> 00:02:23.738
Адилет баа бычып,
аны карманса болобу?

54
00:02:23.778 --> 00:02:25.738
Ишкерлер, неге балдарды
мынчалык жек көрөсүздөр?

55
00:02:25.778 --> 00:02:28.732
-Жакшы жери, бизге өтө эле кымбат
баа бычуунун кажети жок!

56
00:02:28.772 --> 00:02:35.240
[музыка ойноодо]

57
00:02:35.280 --> 00:02:37.287
-Жакшы жышаана: сунуш жана суроо-талап

58
00:02:37.327 --> 00:02:39.028
бир гана бааларды аныктап чектелбейт.

59
00:02:39.068 --> 00:02:42.162
Бул жобо өндүрүүчүлөргө канча товар
өндүрүү керектигин аныктоого да көмөктөшөт.

60
00:02:42.202 --> 00:02:44.466
Эми кофе сыяктуу жаңы товарга эл

61
00:02:44.506 --> 00:02:45.896
бал аарыдай жармашты дейли.

62
00:02:45.936 --> 00:02:49.000
Кофенин баасы жогоруласа, анда көптөгөн
ресторандар жана май куюучу жайлар

63
00:02:49.040 --> 00:02:50.852
кофе сатуу марытаарын түшүнөт.

64
00:02:50.892 --> 00:02:53.396
"Мока латте" саткан ишканалардын
саны көбөйгөн сайын,

65
00:02:53.436 --> 00:02:55.688
алар кардар үчүн өз ара атаандашат.

66
00:02:55.728 --> 00:02:57.916
Натыйжада, биз - кардарлар
үчүн баа төмөндөйт.

67
00:02:57.956 --> 00:03:00.242
Анан баарыбыз кофе ичип,
шайдоот, тынчы жок болобуз. 

68
00:03:00.282 --> 00:03:02.680
Сунуш жана суроо-талап болбосо,
кофе дагы азаят да,

69
00:03:02.720 --> 00:03:05.604
кубаттануу үчүн машыгып, убагында
укташыбыз керек болот. 

70
00:03:05.644 --> 00:03:07.424
Тим коюңуз, ыракмат!

71
00:03:07.464 --> 00:03:10.814
Сунуш жана талап мыйзамын убактылуу
токтотууга далаалаттансаңыз эмне болот?

72
00:03:10.854 --> 00:03:12.263
Турак-жай баасын мисалга алалы.

73
00:03:12.303 --> 00:03:13.755
Баарыбыз жакырларга көмөк кылгыбыз келет.

74
00:03:13.795 --> 00:03:16.228
Эгерде ижара акысын
базарга аныктатпастан, 

75
00:03:16.268 --> 00:03:17.785
өзүбүз таңууласак эмне болот?

76
00:03:17.825 --> 00:03:20.451
Эгерде аткаминерлер батирдин
ижара акысын өтө жогору койсо,

77
00:03:20.491 --> 00:03:23.359
анда турак-жай өтө кымбат болуп
эч ким аны төлөй албай калат. 

78
00:03:23.399 --> 00:03:26.354
Ошентип, үйдө кан соргучтар жашап калат.
Бул - жаман сунуш. 

79
00:03:26.394 --> 00:03:28.354
Эгерде алар бааны төмөн коюшса,

80
00:03:28.394 --> 00:03:30.549
үй ээлери кирешесиз калышат.

81
00:03:30.589 --> 00:03:32.306
Батир ээсинин жолу болбоду да, туурабы?

82
00:03:32.346 --> 00:03:33.795
Эгерде жагдай ушинтчү болсо,

83
00:03:33.835 --> 00:03:36.530
анда жаңы батирлерди курууга
жана турак-жай таңкыстыгын

84
00:03:36.570 --> 00:03:38.283
жоюуга каржылык шыктандыруу
болбой калат.

85
00:03:38.323 --> 00:03:39.516
Үй ээлери киреше алып келбеген чакта

86
00:03:39.556 --> 00:03:41.418
батирлерди өз акчасына оңдобойт.

87
00:03:41.458 --> 00:03:44.081
Демек, таштанды чет жакага ээ болосуз.
Деги мындай жайда ким жашайт?

88
00:03:44.121 --> 00:03:45.470
Кан соргучтар.

89
00:03:45.510 --> 00:03:48.097
Сунуш жана суроо-талап
эмгек акысына да таандык.

90
00:03:48.137 --> 00:03:50.097
Сиз шаардагы жалгыз ширеткич
же жыгач уста болсоңуз,

91
00:03:50.137 --> 00:03:52.800
кызматыңызга талап өсөт да,
көбүрөөк акы талап кыла аласыз.

92
00:03:52.840 --> 00:03:54.800
Мындан улам башка жактан
ширеткич же жыгач усталар 

93
00:03:54.840 --> 00:03:56.074
жабалактап келет.

94
00:03:56.114 --> 00:03:58.220
Тескерисинче, шаарчада жүк
ташуучу жумушчулар көп болсо,

95
00:03:58.260 --> 00:04:00.072
анда лифттерге суроо-талап төмөн болот

96
00:04:00.112 --> 00:04:02.387
жана жүк ташуучулардын
орточо акысы дагы түшөт.

97
00:04:02.427 --> 00:04:04.502
Жаңыдан мындай ишке
орношуп жаткандардын 

98
00:04:04.542 --> 00:04:06.794
эмгек акысы дайыма аз болот.

99
00:04:06.834 --> 00:04:07.834
Тасманын башында Норвилл

100
00:04:07.874 --> 00:04:09.834
ишке орноштуруу мекемесинин
алдында турат.

101
00:04:09.874 --> 00:04:11.834
Ал мыкты жигит жана
иштөөгө кумар,

102
00:04:11.874 --> 00:04:13.113
бирок мында белгисиз бөгөт бар -

103
00:04:13.153 --> 00:04:15.749
жумушка алгач кабылдоо дагы
тажрыйбаны талап кылат.

104
00:04:15.789 --> 00:04:18.805
Иштин баштапкы баскычына кирүү үчүн
кантип тажрыйба топтойсуз?

105
00:04:18.845 --> 00:04:20.285
Же убакыт машинасын ойлоп таптыңызбы?

106
00:04:20.325 --> 00:04:23.298
Буга чейин кванттык физиканы
мыкты өздөштүрсө деле,

107
00:04:23.338 --> 00:04:26.053
тажрыйбасыз жумушчулар ишке оңой
орношо албай, кыйла азап чегишет.

108
00:04:26.093 --> 00:04:27.679
Норвиллдин тажрыйбасы жок эле да,

109
00:04:27.719 --> 00:04:30.318
ал кызматтык тепкичтин төмөнкү баскычы -
каттар бөлүмүндө иштеп баштайт.

110
00:04:30.358 --> 00:04:32.901
-Муну 3-кабаттагы катчылык
кеңсесине алып бар! Тез!

111
00:04:32.941 --> 00:04:35.633
-Каттын өлчөмү - жашыл энбелги,
чоңураак кагаз - сары энбелги, 

112
00:04:35.673 --> 00:04:37.325
кутунун көлөмү - кочкул күрөң энбелги.

113
00:04:37.365 --> 00:04:39.325
-Бул - Марвин Трауб үчүн. Тез, чурка!

114
00:04:39.365 --> 00:04:42.153
-Энбелгинин түсүн туура эмес
койсоңуз, айып пул салышат!

115
00:04:42.193 --> 00:04:45.427
-Сыягы, Норвиллдин ишиндеги
баштапкы маянасы - өтө аз. 

116
00:04:45.467 --> 00:04:48.034
Эми биз ага жана маянасы аз
башкаларга да жардам берүү үчүн

117
00:04:48.074 --> 00:04:49.660
минималдуу акыны орнотсок эмне болот?

118
00:04:49.700 --> 00:04:51.432
Ар киши күнүмдүк
тиричилигине татыктуу

119
00:04:51.472 --> 00:04:53.151
маяна алууга тийиш жана
бул акы - жакшы өбөлгө

120
00:04:53.191 --> 00:04:55.445
деген ойго толук кошулам.

121
00:04:55.485 --> 00:04:57.445
Бирок бул - татаал көйгөй.

122
00:04:57.485 --> 00:04:59.658
Мисалы, Норвиллдин кат
бөлүмүндөгү кызматы

123
00:04:59.698 --> 00:05:01.576
компания үчүн 2 доллар
киреше алып келет дейли.

124
00:05:01.616 --> 00:05:04.264
Бирок компанияга ага саатына 10 доллар
эмгек акы төлөөнү талап кылсак,

125
00:05:04.304 --> 00:05:06.556
анда ишкана акча үнөмдөө
үчүн анын жумушун

126
00:05:06.596 --> 00:05:08.556
автоматташтырат же аны
дароо ишке албайт.

127
00:05:08.596 --> 00:05:11.051
Минималдуу акыны көтөрүүнү
колдогондордун баары тең

128
00:05:11.091 --> 00:05:13.166
Норвиллдин таламын эске
алып жаткан жок.

129
00:05:13.206 --> 00:05:14.500
Айталы, бир нече

130
00:05:14.540 --> 00:05:17.030
ири корпорациялар минималдуу
эмгек акыны көтөрүүнү

131
00:05:17.070 --> 00:05:18.737
жигердүү колдоп келет.

132
00:05:18.777 --> 00:05:21.662
Кеңсенин үстүңкү кабатында
сигарачан отурган 

133
00:05:21.702 --> 00:05:24.750
олигархтын жүрөгү жумшара калды
дейсизби? Ой, каяктан.

134
00:05:24.790 --> 00:05:27.578
Жумушчулардын маянасын жапырт
көтөрүүгө мажбурлоо аркылуу

135
00:05:27.618 --> 00:05:30.587
бай корпорациялар чакан үй-бүлөлүк
кыймылдаткычтуу араа

136
00:05:30.627 --> 00:05:32.307
менен виски сатуучуларды
иштен сүрүп сала алат.

137
00:05:32.347 --> 00:05:37.465
-Атаандаштык алсырап, биз колдон
чыккан удулду кайра ээлей беребиз.

138
00:05:37.505 --> 00:05:39.579
-1920-1930-жылдары ак расадагылардын
арзан акыга иштөөгө макул болгон

139
00:05:39.619 --> 00:05:41.791
башка расадагылар менен
атаандашуусуна жол бербөө үчүн

140
00:05:41.831 --> 00:05:43.791
бир катар минималдуу эмгек акы
мыйзамдары кабыл алынган. 

141
00:05:43.831 --> 00:05:47.024
Бул ыкманын айынан ак эместер
жумушсуз кала берген.

142
00:05:47.064 --> 00:05:50.555
АКШдагы жумушчулардын 3%дан азыраагы
гана минималдуу эмгек акы алышат.

143
00:05:50.595 --> 00:05:52.358
Мен муну бул кишилерди
жумуштан айдоо үчүн эмес,

144
00:05:52.398 --> 00:05:55.121
төмөн маяна төлөнгөн иштердин көбүнүн
убактылуу, баштапкы жумуш болоорун

145
00:05:55.161 --> 00:05:56.312
белгилөө үчүн гана айтып жатам.

146
00:05:56.352 --> 00:05:58.510
Минималдуу эмгек акыны көтөрсөк,

147
00:05:58.550 --> 00:06:01.258
бул алгачкы жолу ишке орношууга
тырышкандарга кыйынчылык жаратат,

148
00:06:01.298 --> 00:06:04.395
алардын орду атайылап
кыскартылышы да мүмкүн. 

149
00:06:04.435 --> 00:06:05.676
Ошондуктан сунуш жана суроо-талаптын

150
00:06:05.716 --> 00:06:08.723
эмгекке байланыштуу өңүтүнө
келгенде этият болушубуз зарыл.

151
00:06:08.763 --> 00:06:10.723
Сунуш жана суроо-талап -
рыноктун канчалык татаал 

152
00:06:10.763 --> 00:06:12.921
экенин түшүнүү үчүн жакшы шайман.

153
00:06:12.961 --> 00:06:15.698
Анын таасирин чектөө үчүн
мыйзам кабыл алчу болсок,

154
00:06:15.738 --> 00:06:17.047
бул – Жердин тартылуу күчүн

155
00:06:17.087 --> 00:06:20.226
токтом чыгарып чектөө далаалатына
тете натыйжа берет.

156
00:06:20.266 --> 00:06:21.696
Демек, Айды мекендегенге чейин,

157
00:06:21.736 --> 00:06:24.142
муну менен алпурушуу кесепет
менен гана аяктайт.

158
00:06:24.182 --> 00:06:28.183
[музыка ойноодо]

