﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:03.469
-Сизге кантип жардам берсем 
болот, офицер Луис?

2
00:00:03.509 --> 00:00:06.875
-Ооба, эми Омни полиция күчтөрүн 
менчиктештирип алгандан кийин 

3
00:00:06.915 --> 00:00:10.632
баарыбызды роботко айландырабы 
же сизди элеби? деп сурайын дегем.

4
00:00:10.672 --> 00:00:13.553
Анан башчы жыйынтыктарды 
сурай баштайбы?

5
00:00:13.593 --> 00:00:16.124
… кылмышкерлер... алар мени чочуткандай.

6
00:00:16.164 --> 00:00:18.808
Адатта, кылмыш жасалып 
жатканын көргөнүмдө, 

7
00:00:18.848 --> 00:00:21.285
"Оо, кылмыш, опей... 
Ой, эч нерсе көрбөй жатам... 

8
00:00:21.325 --> 00:00:23.769
көз айнекти тазалаганым оң" дейм. 

9
00:00:23.809 --> 00:00:25.674
Анан көз айнегимди кайра тагынып: 

10
00:00:25.714 --> 00:00:28.290
"Ой, мен жайнаган канды көрүп турам, бирок 
жаман кишилерди көргөн жокмун!"- дейм. 

11
00:00:28.330 --> 00:00:30.171
Эчнерсе болбогонсуп.

12
00:00:30.211 --> 00:00:32.302
-Кечиресиз. Мен кетишим керек.

13
00:00:32.342 --> 00:00:34.302
-Сонун. Эгерде сиз анан 
кайрылып, эрмектейм десеңиз, 

14
00:00:34.342 --> 00:00:35.839
бүгүн “футболка шейшембиси”, 

15
00:00:35.879 --> 00:00:39.041
анда биз балдар менен футболка 
кийгендерге тийиштик кылып, 

16
00:00:39.081 --> 00:00:41.693
тамашага батабыз… Минтип да, тигинтип!

17
00:00:41.733 --> 00:00:51.619
[музыка ойноодо]

18
00:00:51.662 --> 00:00:54.485
-Саламатсыздарбы, мен Эндрю 
Хитонмун, сиздер EconPopту - 

19
00:00:54.525 --> 00:00:57.243
популярдуу маданияттын көчөлөрүн 
кыдырып, жөө жүргөндөрдү 

20
00:00:57.283 --> 00:00:59.859
экономика таягы менен куугунтуктаган 
шоу программаны көрүп жатасыздар.

21
00:00:59.899 --> 00:01:02.398
1984-жылдын илимий-популярдуу 
триллери “RoboCopто” 

22
00:01:02.438 --> 00:01:05.108
офицер Алекс Мерфи ырайымсыз 
кылмышкерлер тобу тарабынан  

23
00:01:05.148 --> 00:01:07.892
кызмат учурунда мыкаачылык 
менен өлтүрүлгөндөн кийин, 

24
00:01:07.932 --> 00:01:10.257
аны Omni Consumer Products 
деген корпорация

25
00:01:10.297 --> 00:01:13.408
кайра тирилткен. 

26
00:01:13.448 --> 00:01:14.676
Бирок ушул жерде бир жагдай бар.

27
00:01:14.716 --> 00:01:17.099
Бир кезде үй-бүлөнүн мээримдүү 
мүчөсү болгон офицер Мөрфи - 

28
00:01:17.139 --> 00:01:20.424
эми кылмышка каршы күрөш, 
тартип сактоо жана 

29
00:01:20.464 --> 00:01:22.612
коом ишенимин коргоо үчүн 
даярдалган акылдуу робот.

30
00:01:22.652 --> 00:01:25.626
Бул - роботтор, жардыруулар, дагы 
көп роботтор, коомдук товарлар, 

31
00:01:25.666 --> 00:01:29.663
жардыруулар жана роботтор 
жөнүндөгү керемет тасма.

32
00:01:29.703 --> 00:01:31.533
Тасмада зомбулук өкүм сүрүп, 
финансылык кыйроо 

33
00:01:31.573 --> 00:01:34.856
алдында турган Детройт 
шаары каржыланбаган 

34
00:01:34.896 --> 00:01:38.165
полиция бөлүмүн Омниге тапшырат. 

35
00:01:38.205 --> 00:01:39.562
Корпоративдик презентация учурунда, 

36
00:01:39.602 --> 00:01:42.395
алардын мыкты куралданган 
жаңы роботу бузулуп, 

37
00:01:42.435 --> 00:01:45.138
өздөрүн ата баштайт жана 
кенже администратор өлөт.

38
00:01:45.178 --> 00:01:46.727
Бул - директорлор кеңешинин 
демейдеги отуруму, 

39
00:01:46.767 --> 00:01:48.621
бирок жарым сааттан кийин 
биз фирманын президенти 

40
00:01:48.661 --> 00:01:51.607
Дик Жонс да ач көз 
кылмышкер экенин билебиз.

41
00:01:51.647 --> 00:01:57.760
Сен эмне деп ойлодуң эле? Полициянын 
катардагы кызматкеримин дедиң беле? 

42
00:01:57.800 --> 00:01:59.608
Сен биздин продукциябызсың 

43
00:01:59.648 --> 00:02:02.841
жана биздин продукция бизге 
каршы чыга албайт, туурабы?

44
00:02:02.881 --> 00:02:04.226
-Ошондо суроо туулат, 

45
00:02:04.266 --> 00:02:08.760
коомдук товарлар менен камсыз кылуу үчүн 
жеке компанияларды качан жалдаса болот? 

46
00:02:08.800 --> 00:02:11.581
Биринчиден, коомдук товар 
эмне экенин аныктап алалы.

47
00:02:11.621 --> 00:02:13.985
Адатта маектешип жаткан кимдир 
бирөө "коомдук товар" десе,

48
00:02:14.025 --> 00:02:16.436
балким, ал көптөгөн адамдарга 
пайдалуу болуп,

49
00:02:16.476 --> 00:02:18.318
салыктар аркылуу төлөнүүчү 
кызматтарды айтып жаткан болот.

50
00:02:18.358 --> 00:02:20.149
Бирок экономикада коомдук товар 

51
00:02:20.189 --> 00:02:21.618
иши кылып коомго пайда 
берчү нерсени эмес, 

52
00:02:21.658 --> 00:02:23.618
өтө конкреттүү нерсени билдирет.

53
00:02:23.658 --> 00:02:27.452
Экономикада коомдук товар - бул 
кайсы бир чогуу керектелчү өнүм.

54
00:02:27.492 --> 00:02:30.634
Бул аны бир убакта адамдардын чоң тобу 
коллективдүү колдонот дегенди билдирет. 

55
00:02:30.674 --> 00:02:34.478
Мисалы, биз улуттук коопсуздук 
кызматын кезек менен колдонбойбуз. 

56
00:02:34.518 --> 00:02:36.015
Өлкөдөгү ар бир адам бизди 

57
00:02:36.055 --> 00:02:38.015
Бельгиядан коргоп турган 
армиянын пайдасын көрөт.

58
00:02:38.055 --> 00:02:39.908
Көчө шамдарынын жарыгы же менин 

59
00:02:39.948 --> 00:02:41.908
атырымдын аңкыган жыты 
жөнүндө ойлонуп көрүңүз. 

60
00:02:41.948 --> 00:02:44.368
Сиздин ыракатыңыз башка 
бирөөнүн ыракатын бузбайт. 

61
00:02:44.408 --> 00:02:48.849
Ал чогуу керектелет. Айрым бир себептен 
улам мага бугулар назар бурат.

62
00:02:48.889 --> 00:02:51.441
Коомдук товар чектөөгө алынбайт. 

63
00:02:51.481 --> 00:02:53.535
Бул - элдин аны керектөөсүнө 
бөгөт коё албайсыз дегендик.

64
00:02:53.575 --> 00:02:55.535
Сиз белет үчүн баа бычуу, же, жок дегенде, 

65
00:02:55.575 --> 00:02:56.900
тосмодон секирип өтүү үчүн жакшы 

66
00:02:56.940 --> 00:02:59.432
шаты сатып алуума аргасыз кылуу аркылуу 
оюн-зоок паркына кирүүнү чектей аласыз, 

67
00:02:59.472 --> 00:03:00.717
бирок эгер сиз деңизчилерди 
аскага урунуудан 

68
00:03:00.757 --> 00:03:03.397
коргоо үчүн багыт шамын курсаңыз, 

69
00:03:03.437 --> 00:03:05.397
канчалык кыйкырып жекирсеңиз деле,

70
00:03:05.437 --> 00:03:07.868
бул коомдук товардын пайдасын 
бардык кемелер көрмөкчү.

71
00:03:07.908 --> 00:03:09.098
Кемелерди чектөө далаалаты - 
кимдир бирөөдөн 

72
00:03:09.138 --> 00:03:11.803
фейерверкти көргөнү үчүн 
эле акы талап кылганга тете. 

73
00:03:11.843 --> 00:03:14.563
Тартип коргоо - бул коомдук 
товардын дагы бир өрнөгү. 

74
00:03:14.603 --> 00:03:18.151
Полициянын менин ишмердигимди 
көзөмөлдөшү - ар кимге пайда берет.

75
00:03:18.191 --> 00:03:20.999
Эгерде полиция башчысы 
саясий себептерден улам

76
00:03:21.039 --> 00:03:23.190
шаардын кээ бир жерлерин 
көзөмөлгө албаса же 

77
00:03:23.230 --> 00:03:25.792
каржылоонун жетишсиздигинен 
улам бир районго артыкчылык бербесе, 

78
00:03:25.832 --> 00:03:29.088
полициянын кызматын бардыгы биргелешип 
пайдаланышат жана эч ким четке кагылбайт. 

79
00:03:29.128 --> 00:03:30.848
Мындай учурда жеке сакчыларды 

80
00:03:30.888 --> 00:03:32.479
жалдасаңыз да болот. 

81
00:03:32.519 --> 00:03:35.577
Соода борборунун полициясы, үйдүн 
байкоо жабдуулары жана клубдун сакчылары - 

82
00:03:35.617 --> 00:03:38.000
булар жеке тармактагы 
коопсуздуктун мисалдары.

83
00:03:38.040 --> 00:03:41.487
Менин аркам менен Уилям Шатнер 
толук штаттагы жан сакчысын жалдайт. 

84
00:03:41.527 --> 00:03:43.876
Коомдук товарлар үчүн 
төлөм - маанилүү маселе. 

85
00:03:43.916 --> 00:03:45.350
Ар бир киши таза аба, кооз көрүнүш же 

86
00:03:45.390 --> 00:03:47.896
кылмыштын алдын алуу сыяктуу 
коомдук товарлардан пайда көрөт.

87
00:03:47.936 --> 00:03:50.491
Айрым пикирлер боюнча, эгер 
бир нерсе чындап эле маанилүү болсо,

88
00:03:50.531 --> 00:03:54.340
мисалы өрт өчүрүү бөлүмдөрү же виски, 
аны рынокко таштап коюуга болбойт.

89
00:03:54.380 --> 00:03:56.257
Эгерде виски сыяктуу коом 
үчүн өтө маанилүү нерсени 

90
00:03:56.297 --> 00:03:59.466
камсыз кылуу маанилүү болсо, анда биз 

91
00:03:59.506 --> 00:04:01.043
анын болушун камсыз кылуу үчүн салыктарга 

92
00:04:01.083 --> 00:04:02.866
жана өкмөткө таянышыбыз керек.

93
00:04:02.906 --> 00:04:06.444
Эми өрт өчүрүү бөлүмүнө кайра келсек. 
Ал - жеке фирма болсун дейли,

94
00:04:06.484 --> 00:04:08.512
анан үйүңүздүн чатырын өрт 
чалганда, сиз фирма башчысы менен

95
00:04:08.552 --> 00:04:11.290
өрт өчүрүү акысын соодалашканыңызды 
элестетсеңиз. Бул - азап да.

96
00:04:11.330 --> 00:04:14.323
Учурда америкалык өрт өчүрүүчүлөрдүн 
көбү - муниципалдык кызматкерлер эмес. 

97
00:04:14.363 --> 00:04:17.957
АКШдагы өрт өчүрүүчүлөрдүн 
70%га жакыны - ыктыярчылар. 

98
00:04:17.997 --> 00:04:20.638
Коом өкмөттөн да, соода-сатык 
фирмасынан да чоңураак.

99
00:04:20.678 --> 00:04:23.417
Көп учурларда кайрымдуулук уюмдары, 

100
00:04:23.457 --> 00:04:26.016
чиркөөлөр, ал түгүл 
коллеждеги аял уюмдары да 

101
00:04:26.056 --> 00:04:28.194
коомдук товарларды камсыз кылууда 
керемет иштерди аткарышат.

102
00:04:28.234 --> 00:04:30.407
-Полиция жөнүндө эмне айтсак болот?
 Көйгөй эмнеде?

103
00:04:30.447 --> 00:04:32.407
-Бизди алгандан бери алардын 
профсоюзу кыйналып жатат.

104
00:04:32.447 --> 00:04:35.855
Билесиз го ... адаттагыдай эле 
болбогон нерсе. Биз баарын өзгөртөбүз.

105
00:04:35.895 --> 00:04:37.022
-М-мм...

106
00:04:37.062 --> 00:04:39.964
-“Робокоп” тасмасында 
Детройт шаары полицияны

107
00:04:40.004 --> 00:04:43.980
соода-сатык фирмасына өткөргөн. Бул 
тасмада ар кандай башаламан натыйжа чыгат.

108
00:04:44.020 --> 00:04:45.226
Бир чети, фирма кескилерди кармоо үчүн 

109
00:04:45.266 --> 00:04:47.951
aтаң каларлык киборг сакчыларды жасаган.

110
00:04:47.991 --> 00:04:50.422
Экинчи чети, фирма 
жетекчилигинин өкүлдөрү 

111
00:04:50.462 --> 00:04:53.277
киши өлтүргүч кески болуп чыккан. 

112
00:04:53.317 --> 00:04:56.555
Бул - жүрөк титиретчүдөй. 
Келгиле, эми Детройтту карап көрөлү.

113
00:04:56.595 --> 00:04:59.857
2013-жылы чыныгы Детройт шаары 
өзүн банкрот деп жарыялаган. 

114
00:04:59.897 --> 00:05:02.847
Ал 4 жыл бою АКШнын эң зордук-
зомбулуктуу шаары деп табылган.

115
00:05:02.887 --> 00:05:05.707
Бир учурда Детройт полиция
кызматкерлеринин ассоциациясы 

116
00:05:05.747 --> 00:05:08.264
жарандарга жана шаардын 
тегерегиндегилерге полиция 

117
00:05:08.304 --> 00:05:10.452
кызматкерлеринин жетишсиздигинен 
жана ашыкча иштешинен улам

118
00:05:10.492 --> 00:05:13.664
шаарда иштөө тобокелдүү 
болуп жатканын эскерткен.

119
00:05:13.704 --> 00:05:17.393
Эсиңизде болсун, бул - чыныгы Детройт,
“Робокоп” тасмасындагы эмес. 

120
00:05:17.433 --> 00:05:19.628
Баса, быйыл Детройт 137 миллион долларлык 

121
00:05:19.668 --> 00:05:24.247
4,8 чакырымдан көбүрөөк узактыктагы
жүргүнчү темир жолун кура баштады.

122
00:05:24.287 --> 00:05:27.226
Бул темир жол жаңы хоккей 
стадионун жакшы толуктайт, 

123
00:05:27.266 --> 00:05:30.839
стадиондун 285 миллион доллары 
салык төлөөчүлөрдөн түшөт.

124
00:05:30.879 --> 00:05:32.639
Аларга хоккейге жагышы да, жакпашы 
да ыктымал, бирок бардыгы 

125
00:05:32.679 --> 00:05:35.014
көчөдөн атып кетпесе экен 
деп көбүрөөк кыжалат болушат.

126
00:05:35.054 --> 00:05:37.014
Кыязы, чыныгы Детройттун өкмөтү 

127
00:05:37.054 --> 00:05:39.287
коомдук товарларды башкарууда 
ийгиликке жете алган жок. 

128
00:05:39.327 --> 00:05:40.575
Коомдук товарлар - бул оор маселе жана 

129
00:05:40.615 --> 00:05:42.896
аларды ким жакшы камсыздайт деген 
суроонун универсалдуу жообу жок.

130
00:05:42.936 --> 00:05:44.344
Бирок сиз жеке менчиктеги 
жаман компаниянын келишимин

131
00:05:44.384 --> 00:05:46.239
бери дегенде жокко чыгарып, 
же элди өлтүрө баштаса, 

132
00:05:46.279 --> 00:05:49.140
Шрайнерлердин уюмуна 
демөөрчүлүктү токтото аласыз. 

133
00:05:49.180 --> 00:05:51.520
Мен бери дегенде “Робокопто” курулуп 
жаткан коркунучтуу жеке мегаполис - 

134
00:05:51.560 --> 00:05:54.553
Делта шаарында жашоону караштырмакмын.

135
00:05:54.593 --> 00:05:56.307
Балким, ванналары жакшыраактыр,

136
00:05:56.347 --> 00:05:59.597
бирок мен хоккей стадиондоруна маани 
бербейм, анткени канадалык эмесмин. 

137
00:05:59.637 --> 00:06:00.863
Чыныгы Детройт - бул башаламандык, 
ошондуктан мен

138
00:06:00.903 --> 00:06:03.327
капиталисттик роботтор менен өзүмдүн 
мүмкүнчүлүктөрүмдү колдонгум келет.

139
00:06:03.367 --> 00:06:07.358
[музыка ойноодо]

