WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:07.485
-Эй, уксаңыз! От тутантам деп жанталашып
жатканыңызда токтоткум келбейт,

2
00:00:07.525 --> 00:00:11.945
бирок бетиме эмнеге ылай шыбап салдыңыз?

3
00:00:11.985 --> 00:00:15.027
Экинчиден, көйнөгүңүз кана?

4
00:00:15.067 --> 00:00:17.027
Жакын жерде, Томми Багама
кийим-кечек дүкөнү бар... 

5
00:00:17.067 --> 00:00:19.385
болжолу менен 8 мүнөт алыстыкта.
Жөө бассак жетебиз.

6
00:00:19.425 --> 00:00:21.213
-Аба жетиши керек!

7
00:00:21.253 --> 00:00:23.617
-Кечиресиз, чач деп айттыңызбы?

8
00:00:23.657 --> 00:00:30.576
-Карачы, мен эмнени жараттым!
Отту тутанттым. О-хо-хо!

9
00:00:30.616 --> 00:00:32.375
-Мен болсо манго коктейлин жасадым.

10
00:00:32.415 --> 00:00:35.407
Аралдагы кишиге диетанын кереги жок,
туурабы, Том Хэнкс?

11
00:00:35.447 --> 00:00:45.090
[музыка ойноодо]

13
00:00:45.130 --> 00:00:47.898
-Салам! Менин атым - Эндрю Хитон.
Сиз "ЭконПоп" берүүсүн көрүп жатасыз.

14
00:00:47.938 --> 00:00:51.000
Берүүбүз - популярдуу маданияттын
албуут толкундуу суусунда калкып,

15
00:00:51.040 --> 00:00:54.527
экономика илиминин өтүп бара жаткан
жүк ташуучу кемесин күтүп жаткан шоу. 

16
00:00:54.567 --> 00:00:57.074
Биз бүгүн сөз кыла турган тема…

17
00:00:57.114 --> 00:00:59.844
Маршалл, бүгүн эмнени айтмак элек?
–Азгын.

18
00:00:59.884 --> 00:01:01.397
-Азгын! Сиз айткан тексттерди
окусам, өзүмө жаккан

19
00:01:01.437 --> 00:01:04.026
швед чирлидерлер тууралуу тасма боюнча
сөз кылууга уруксат берем дегенсиз.

20
00:01:04.066 --> 00:01:05.946
-Бул, Азгын.

21
00:01:05.986 --> 00:01:08.679
-Жарайт. Бүгүн "Азгын" тасмасы
тууралуу сөз кылалы.

22
00:01:08.719 --> 00:01:11.720
"Азгын" дүйнөдөгү эң татаал
Палео диетасын кармоону каалаган

23
00:01:11.760 --> 00:01:14.168
эр жүрөк инженерге жолуккан
волейболчунун турмушунун

24
00:01:14.208 --> 00:01:16.300
толугу менен кантип өзгөргөнү 

25
00:01:16.340 --> 00:01:17.586
тууралуу тасма.

26
00:01:17.626 --> 00:01:20.233
Алгач "Гиллигандын аралы"
сериалына негизделген тасманы

27
00:01:20.273 --> 00:01:22.968
режиссёр Роберт Земекис адамдын руху, 

28
00:01:23.008 --> 00:01:25.864
деңиз азыктары жана адистешүү тууралуу 

29
00:01:25.904 --> 00:01:27.974
тасмага өзгөртүүнү чечкен.

30
00:01:28.014 --> 00:01:29.822
Том Хэнкс FedEx ишканасынын

31
00:01:29.862 --> 00:01:31.822
тактыкка басым жасаган инженери
Чак Ноланддын ролун,

32
00:01:31.862 --> 00:01:33.904
ал эми Морган Фриман волейболчу
Уилсондун ролун аткарат.

33
00:01:33.944 --> 00:01:37.325
Бул эмгеги үчүн Фриман 2000-жылы Оскардын
экинчи пландагы эң мыкты актёр наамын алган. 

34
00:01:37.365 --> 00:01:40.971
Чак Нолан ээн тропикалык
аралга жуулуп келген соң,

35
00:01:41.011 --> 00:01:43.671
цивилизацияны кайрадан өз
алдынча курушу керек болот.

36
00:01:43.711 --> 00:01:45.381
Бул, албетте, өтө оор иш.

37
00:01:45.421 --> 00:01:48.746
Сиз өзүңүздү күнөстүү тропикалык
аралда ромдон жасалган 

38
00:01:48.786 --> 00:01:51.661
түстүү коктейли жок калууну
элестете аласызбы?

39
00:01:51.701 --> 00:01:54.399
Бул "Күүгүм зонасы" сериалындагы
кыяматтын ирониялык түрүнө окшош.

40
00:01:54.439 --> 00:01:57.024
Албетте, Club Med эс алуу жайынын
коопсуздук кызматкерлери

41
00:01:57.064 --> 00:01:59.971
"жылаңач жүрүүгө тыюу салынат" деп
урушпайбы деген тынчсыздануу болбойт,

42
00:02:00.011 --> 00:02:01.266
бирок сууда жылаңач...

43
00:02:01.306 --> 00:02:04.510
поло ойноого эч ким жоктугу кызыксыз.

44
00:02:04.550 --> 00:02:06.138
Чак Ноланд, заманбап коом менен 

45
00:02:06.178 --> 00:02:08.157
байланышсыз калганда,
бир нерсени кесүү үчүн

46
00:02:08.197 --> 00:02:09.607
дүкөнгө барып бычак
сатып ала албайт.

47
00:02:09.647 --> 00:02:11.759
Ал таштан бычак жасоого тийиш.

48
00:02:11.799 --> 00:02:13.734
Каалаган чакта тиш доктурга
барып, оорутпагыдай

49
00:02:13.774 --> 00:02:15.970
күлдүрчү газ жутуп,
тиш дарылата албайт.

50
00:02:16.010 --> 00:02:18.232
Анын ордуна, Чак
акылынан адашкансып,

51
00:02:18.272 --> 00:02:20.413
тишин музтуяк менен
чагып салууга аргасыз.

52
00:02:20.453 --> 00:02:22.206
Адистешкен эч ким жок болгондуктан,

53
00:02:22.246 --> 00:02:24.206
Чак - кейиштүү абалда.

54
00:02:24.246 --> 00:02:27.231
Бардык нерсени өз алдыңызча...
начар сапатта жасашыңыз керек.

55
00:02:27.271 --> 00:02:29.910
Коомчулук өкүлдөрү белгилүү
бир ишке адистешсе,

56
00:02:29.950 --> 00:02:32.654
алар аны натыйжалуу аткарат жана

57
00:02:32.694 --> 00:02:34.791
жогорку сапаттагы товарды өндүрөт.

58
00:02:34.831 --> 00:02:36.586
Мисалы, кимдир бирөө учтуу таяк менен

59
00:02:36.626 --> 00:02:39.016
суудан балык кармоого
шыктуу болушу ыктымал.

60
00:02:39.056 --> 00:02:40.878
Демек, алар убакытынын көбүн
балык уулоого жумшайт.

61
00:02:40.918 --> 00:02:43.958
Кайсы бир киши таяктан найза
жасоого шыктуу болушу мүмкүн.

62
00:02:43.998 --> 00:02:45.958
Найзаны балыкчыга сатса, же

63
00:02:45.998 --> 00:02:49.193
аны менен балыкчыны өлтүрүп,
кармаган балыгын алса болот. 

64
00:02:49.233 --> 00:02:52.319
Дагы бирөө учакты башкарууну үйрөнсө,

65
00:02:52.359 --> 00:02:54.379
төртүнчү киши көр казууну өздөштүрөт,

66
00:02:54.419 --> 00:02:55.938
себеби, кейиштүүсү, эч ким

67
00:02:55.978 --> 00:02:58.296
учакты кондурчу жабдыкты оңдоону
үйрөнүүгө убакыт тапкан эмес да.

68
00:02:58.336 --> 00:03:00.461
Ар бир киши ар нерсени
үстүртөн үйрөнүүнүн ордуна,

69
00:03:00.501 --> 00:03:02.267
бир кесипке толук адистешкендиктен,

70
00:03:02.307 --> 00:03:04.831
ар бири өз ишин замандаштарына
салыштырмалуу 

71
00:03:04.871 --> 00:03:07.022
тереңирээк билип, аны
өндүрүмдүү аткарат.

72
00:03:07.062 --> 00:03:09.160
Ошондо коомдо жеш үчүн көбүрөөк балык,

73
00:03:09.200 --> 00:03:11.476
учууга учак, ыргытууга найза жана,

74
00:03:11.516 --> 00:03:13.902
ал тургай, мүрзөлөр да дайын болот.

75
00:03:13.942 --> 00:03:15.736
Коомдун өндүрүмдүүлүгү өскөн сайын,

76
00:03:15.776 --> 00:03:17.500
азык-түлүк өндүрүшүнө түздөн-түз
катышпаган кишилердин

77
00:03:17.540 --> 00:03:19.707
чоң тобу дагы азык менен камсыз болот.

78
00:03:19.747 --> 00:03:22.606
Тажрыйбалуу дыйкандар өзүнүн
муктаждыгынан көбүрөөк азык өндүрүп,

79
00:03:22.646 --> 00:03:25.324
башкалар сүрөтчү, экономист же
гендик жакшыртылган организмге каршы

80
00:03:25.364 --> 00:03:27.820
активист боло алышат.

81
00:03:27.860 --> 00:03:29.792
Коом андан ары адистешкен сайын,

82
00:03:29.832 --> 00:03:31.681
ого бетер татаалдашып,

83
00:03:31.721 --> 00:03:33.727
аба жол инженери сыяктуу
татаал кесиптерге

84
00:03:33.767 --> 00:03:35.462
же коомдук медиа адиси сыяктуу

85
00:03:35.502 --> 00:03:38.643
ар кыл кесиптерге деле жол ачылат.

86
00:03:38.683 --> 00:03:41.626
От тутантуу үчүн Чактын канчалык
азап чеккенин ойлоп көрсөңүз.

87
00:03:41.666 --> 00:03:44.232
Бир нече кылым мурда кишилер
шам чыракты өз колу менен жасашчу.

88
00:03:44.272 --> 00:03:47.588
Жасалма чырак жасоо кымбатка турган
жана көп убакытты талап кылган. 

89
00:03:47.628 --> 00:03:49.588
Азыр дээрлик эч ким шамды
колдо жасабай калды. 

90
00:03:49.628 --> 00:03:52.664
Электр агымын жаратуу үчүн
чагылган чартылдаганда,

91
00:03:52.704 --> 00:03:55.435
көккө батперек учуруунун, же эки
мышыкты бири-бирине сүрүүнүн кереги жок.

92
00:03:55.475 --> 00:03:58.779
Электр кантип иштээрин билбейм,
бирок мага анын билүүнүн кажети жок. 

93
00:03:58.819 --> 00:04:01.954
Муну башкалар жакшы өздөштүрүп,
ишин мыкты аткаргандыктан,

94
00:04:01.994 --> 00:04:04.874
мен баскычты бассам эле бөлмөдөгү

95
00:04:04.914 --> 00:04:06.612
шыпта заматта жарык күйөт.

96
00:04:06.652 --> 00:04:08.126
Өзүм болсом баскычты
басуу жагынан кыйынмын.

97
00:04:08.166 --> 00:04:10.254
[өрттүн добушу]

98
00:04:10.294 --> 00:04:12.290
Адистешүүдөн улам, эч кимге

99
00:04:12.330 --> 00:04:14.207
бардыгын өзүнө өзү
камсыздоонун кажети жок.

100
00:04:14.247 --> 00:04:16.940
Биз жумушту сансыз майда бөлүктөргө
жана тапшырмаларга бөлүп,

101
00:04:16.980 --> 00:04:19.467
аны көп сандагы адистерге
бөлүштүрөбүз да,

102
00:04:19.507 --> 00:04:22.757
актёр Том Хэнкс сыяктуу
бүт баарын өзүбүз жасабастан,

103
00:04:22.797 --> 00:04:24.410
ишти кыйла азайтабыз.

104
00:04:24.450 --> 00:04:26.725
Адистешүү ар кыл чөлкөмдө
ар башка тармакты 

105
00:04:26.765 --> 00:04:29.192
мыкты өздөштүргөнү менен
гана маанилүү эмес.

106
00:04:29.232 --> 00:04:31.923
Заманбап коомдо чынында да
ар нерсеге акыл калчоо

107
00:04:31.963 --> 00:04:34.006
абдан татаал болгон себептүү да
адистешүү өтө маанилүү.

108
00:04:34.046 --> 00:04:36.893
Ушул ой "Мен, карандаш" аттуу
тасмада да мыкты баяндалат. 

109
00:04:36.933 --> 00:04:38.302
Морган Фриман мындагы ролу
үчүн "Эмми" сыйлыгынын

110
00:04:38.342 --> 00:04:39.617
"Эң мыкты башкы жазуу аспабы"
наамына татыган. 

111
00:04:39.657 --> 00:04:41.617
"Мен, карандаш" тасмасында
жөнөкөй карандашты 

112
00:04:41.657 --> 00:04:44.919
өндүрүү жолу талданат:
графит чыгаруу жүрүмү,

113
00:04:44.959 --> 00:04:46.919
карандаштын тулкусун жасоо
үчүн кыйылган дарактар,

114
00:04:46.959 --> 00:04:48.919
өчүргүч чыгаруу үчүн
жок кылынган медузалар.

115
00:04:48.959 --> 00:04:50.491
Макул, чынында, тасманы көрбөптүрмүн,

116
00:04:50.531 --> 00:04:54.364
бирок Леонард Риддин Wikipedia
баракчасына көз жүгүрттүм.

117
00:04:54.404 --> 00:04:57.309
Ток этээр жери, бир киши карандаштай
жөнөкөй буюмду да жалгыз жасай албайт,

118
00:04:57.349 --> 00:04:59.641
себеби анын өндүрүшү өтө
татаал баскычтардан турат.

119
00:04:59.681 --> 00:05:01.422
Демек, карандаш жасоо кайсы бир өнөргө

120
00:05:01.462 --> 00:05:04.058
адистешкен көптөгөн кишилерди талап кылат.

121
00:05:04.098 --> 00:05:06.828
Бул - карандаш эле да! Ал эми iPod
же үйдүн чаңын өзү тазалап,

122
00:05:06.868 --> 00:05:09.277
карыяларга жолтоо болгон
кичинекей роботторду чыгарууга

123
00:05:09.317 --> 00:05:10.571
эмне тетик керектелээрин
элестетип көрсөңүз.

124
00:05:10.611 --> 00:05:13.488
Демек, "Азгын" тасмасы - кишинин
жеке жеңиши тууралуу баян.

125
00:05:13.528 --> 00:05:16.023
-Сен - бүткүл өмүрлүк сүйүүмсүң!

126
00:05:16.063 --> 00:05:22.504
-Мен да сени сүйөм, Келли!
Сен ойлогондон да артык сүйөм!

127
00:05:22.544 --> 00:05:24.504
-Том Хэнкс, бардык азаптарга карабастан,

128
00:05:24.544 --> 00:05:27.570
FedEx фирмасынын кызматкери
катары өз милдетин аткарып,

129
00:05:27.610 --> 00:05:29.445
тасманын аягында почтоо жүгүн

130
00:05:29.485 --> 00:05:30.449
тийиштүү дарекке жеткирет.

131
00:05:30.489 --> 00:05:32.378
Тасма - берилгендик тууралуу мыкты сабак;

132
00:05:32.418 --> 00:05:34.987
мен ишке жаңы алган кызматкерлеримдин
ар бирине аны көрсөтөм.

133
00:05:35.027 --> 00:05:36.518
Алар учак жарылып, белгисиз аралга 

134
00:05:36.558 --> 00:05:38.658
түшүп калса дагы өз милдетин
эстен чыгарбашы керек.

135
00:05:38.698 --> 00:05:41.358
Мен ушуну күтөм. Мен - катаалмын,
бирок адилеттүүмүн.

136
00:05:41.398 --> 00:05:43.712
Албетте, тасма цивилизация аркылуу
келген ыңгайлуулуктардын жана 

137
00:05:43.752 --> 00:05:46.586
шаймандардын миллиондогон адамдын
ар кыл тармактарда адистешүүсүнөн 

138
00:05:46.626 --> 00:05:48.586
келип чыккандыгын эске салат.

139
00:05:48.626 --> 00:05:52.813
[музыка ойноодо]

