WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:04.498
-Жек-жааттык капитализм деп
эмнени айтабыз?

2
00:00:04.538 --> 00:00:07.026
Сиз терезе тармагында
ишкердик кыласыз дейли.

3
00:00:07.066 --> 00:00:09.547
Атаандаштардан канткенде
алдыга өтөсүз?

4
00:00:09.587 --> 00:00:13.487
Албетте, эгер өкмөт сизге атайын
салыктык жеңилдик берсе жана 

5
00:00:13.527 --> 00:00:17.016
кардарларыңызга өнүмүңүздү сатып алууга
стимул берсе, бул жардам берет.

6
00:00:17.056 --> 00:00:19.578
Эгер кандайдыр бир жол менен АКШнын
президентин жана вице-президентин

7
00:00:19.618 --> 00:00:22.607
компанияңыз жөнүндө сонун
нерселерди айттыра алсаңыз,

8
00:00:22.647 --> 00:00:25.475
андан да көбүрөөк жардам берет.

9
00:00:25.515 --> 00:00:28.903
Бирок, койсоңуз, бул -
мүмкүн эмес да, туурабы?

10
00:00:28.943 --> 00:00:31.310
Эч бир компаниянын
мынчалык жолу болбойт.

11
00:00:31.350 --> 00:00:34.286
Терезе өнөр жайында
3 ири компания бар:

12
00:00:34.326 --> 00:00:36.455
Пелла, Андерсен жана Марвин.

13
00:00:36.495 --> 00:00:38.887
-Марвиндин терезелери жана
эшиктери сизге абдан жагат.

14
00:00:38.927 --> 00:00:41.182
-Бул компаниялар үчүн
рецессия катаал болду.

15
00:00:41.222 --> 00:00:45.935
Бирок Serious Materials деген дагы бир
компания бар, ал тигилерден кыйла чакан.

16
00:00:45.975 --> 00:00:49.740
"Fortune" журналындагы макалада бул
фирманын өсүп-өнүгүп жатканы айтылган.

17
00:00:49.780 --> 00:00:52.086
"Serious" компаниясынын башкы
директорун мукабасына

18
00:00:52.126 --> 00:00:56.036
"Күч-кубатында" деп чыгарган
"Ink" журналынын негизги макаласы

19
00:00:56.076 --> 00:00:59.851
"Даңазалуу компанияны кантип
куруу керек?" деп аталган.

20
00:00:59.891 --> 00:01:02.400
Ал буга кантип жетти? Кандай десек,
ал жогорудан бир аз түрткү алган.

21
00:01:02.440 --> 00:01:06.479
-Рахмат, вице-президент мырза,
кажыбас колдооңуз үчүн.

22
00:01:06.519 --> 00:01:08.877
-Мында ал вице-президент Байденге
алкыш айтып жатат.

23
00:01:08.917 --> 00:01:11.218
-Сиздин колдооңуз жана Калыбына
келтирүү мыйзам долбоору болбосо,

24
00:01:11.258 --> 00:01:12.902
буга жетмек эмеспиз.

25
00:01:12.942 --> 00:01:14.902
-Байден ыраазы сөзгө
алкышын билдирди.

26
00:01:14.942 --> 00:01:17.185
-Сиз жөн эле терезе чыгарбайсыз.

27
00:01:17.225 --> 00:01:20.185
Сиз дүйнөдөгү эң мыкты отун-кубат
үнөмдөөчү терезелерди жасап жатасыз.

28
00:01:20.225 --> 00:01:24.112
Мен, ал тургай, дүйнөдөгү отун-кубат
үнөмдөгөн эң мыкты терезелер деп айтмакмын.

29
00:01:24.152 --> 00:01:25.435
-Башка терезе жасоочулар:

30
00:01:25.475 --> 00:01:27.921
"Жок, биздин терезелер да кубатты
ушундай эле үнөмдөйт" дешет.

31
00:01:27.961 --> 00:01:30.660
Бирок вице-президент алардын
компанияларына барган жок, 

32
00:01:30.700 --> 00:01:32.537
ал түгүл алардын аттарын
да атаган жок.

33
00:01:32.577 --> 00:01:35.460
А мен эмне үчүн вице-президент
жөнүндө айтып жатам?

34
00:01:35.500 --> 00:01:38.147
-Мен бүгүн Serious Materials компаниясы
менен тааныштыруу үчүн бул жердемин…

35
00:01:38.187 --> 00:01:41.582
-Канча компаниянын жетекчи өкүлдөрү
ушундай бет ачарга мүмкүндүк алышты?

36
00:01:41.622 --> 00:01:43.215
-Америка Кошмо Штаттарынын Президенти

37
00:01:43.255 --> 00:01:44.930
Барак Обаманы тааныштыруу -

38
00:01:44.970 --> 00:01:46.140
мен үчүн өзгөчө сыймык.

39
00:01:46.180 --> 00:01:49.348
[дүркүрөгөн кол чабуулар]

40
00:01:49.388 --> 00:01:52.069
-Президент отун-кубат саясаты
жаатында сөз сүйлөдү,

41
00:01:52.109 --> 00:01:54.022
эми ал кайсы компанияны
атаганын таап алыңызчы?

42
00:01:54.062 --> 00:01:56.630
-Serious Materials ишин
кайра баштады,

43
00:01:56.670 --> 00:01:59.289
деп ал Питтсбургдун сыртындагы
ишкананы айтты.

44
00:01:59.329 --> 00:02:01.841
Бул жумушчулар эми жаңы
миссияны аткарышат:

45
00:02:01.881 --> 00:02:04.871
дүйнөдөгү эң үнөмдүү
терезелерди чыгарышат.

46
00:02:04.911 --> 00:02:07.540
-Опе-ей! Колдоо деп ушуну айт!

47
00:02:07.580 --> 00:02:10.882
Өткөн аптада эле президент “жашыл”
делген компаниялар үчүн

48
00:02:10.922 --> 00:02:13.343
салык жеңилдиктеринин жаңы
топтомун жарыялаган.

49
00:02:13.383 --> 00:02:17.004
Тизмедеги жалгыз терезе компаниясы?
Ал - Serious Materials да.

50
00:02:17.044 --> 00:02:20.080
-Бул баян - саамалык менен
натыйжалуулукка негизделген 

51
00:02:20.120 --> 00:02:23.015
жаңы экономика бизге бүгүн
гана жардам бербестен,

52
00:02:23.055 --> 00:02:25.297
эртеңки күнүбүздү да жакшыртууга

53
00:02:25.337 --> 00:02:27.297
шыктандырып жатканы тууралуу.

54
00:02:27.337 --> 00:02:31.231
-Иш жүзүндө, бул - жек-жааттык
капитализм жөнүндөгү окуя. 

55
00:02:31.271 --> 00:02:35.552
Өкмөт менен Serious Materials дээрлик
өнөктөштөргө чамалап барат экен.

56
00:02:35.592 --> 00:02:39.462
Компаниянын саясий өңүт боюнча
вице-президенти Конгрессте сүйлөдү.

57
00:02:39.502 --> 00:02:41.344
Бүгүн бул жерде жашыл жумуш орундарын
түзүү боюнча Serious Materials

58
00:02:41.384 --> 00:02:44.452
компаниясынын тажрыйбасы менен бөлүшүү
мүмкүнчүлүгүн алганым үчүн Сиздерге алкыш.

59
00:02:44.492 --> 00:02:45.802
-Ал эми бул сүрөттө ал АКШнын

60
00:02:45.842 --> 00:02:49.610
Отун-кубат министрлигинде отун-кубат
лидерлери делген төбөлдөр менен турат.

61
00:02:49.650 --> 00:02:51.411
Берки ортодогу аял ким?

62
00:02:51.451 --> 00:02:55.356
Кэти Зои, ал имарат жылуулугун сактоо
боюнча мамлекеттик программаны жетектейт.

63
00:02:55.396 --> 00:02:58.122
Ал айым жыйында түшүндүргөндөй,
анын сиздин 

64
00:02:58.162 --> 00:03:00.240
салык акчаңызга аткарылчу
чоң пландары бар.

65
00:03:00.280 --> 00:03:02.592
-...бул жерде курулуш топтору
конуштарга барышат 

66
00:03:02.632 --> 00:03:04.412
жана алар Башкы көчөдөгү
ар бир үйдү жана

67
00:03:04.452 --> 00:03:06.412
ар бир ишкананы сөздүн түз
маанисинде жаңыртышат.

68
00:03:06.452 --> 00:03:08.937
-Опей, мен бир нерсени
айтпай калыптырмын:

69
00:03:08.977 --> 00:03:10.937
Кэти Зои - Serious Windows
компаниясынын 

70
00:03:10.977 --> 00:03:14.584
саясий өңүт боюнча
вице-президентинин аялы.

71
00:03:14.624 --> 00:03:17.526
Демек, Американын бардык терезе
компанияларынын ичинен 

72
00:03:17.566 --> 00:03:20.247
президенттин жана вице-президенттин
көңүлүн бурган жана

73
00:03:20.287 --> 00:03:23.116
атайын салык жеңилдигине ээ болгон

74
00:03:23.156 --> 00:03:26.903
компаниянын жетекчилеринин
Обаманын шайлоо өнөктүгүнө

75
00:03:26.943 --> 00:03:29.997
миңдеген доллар бергени
кокустук эле болгондур.

76
00:03:30.037 --> 00:03:33.121
Ал эми компаниянын саясий өңүт боюнча
вице-президенти Отун-кубат министрлигинде

77
00:03:33.161 --> 00:03:36.387
имарат жылуулугун сактоо программасынын
жетекчиси менен бир үйдө түнөйт.

78
00:03:36.427 --> 00:03:38.387
Бул - кокустук болушу мүмкүн

79
00:03:38.427 --> 00:03:41.136
жана бул жерде мыйзамсыз
эч нерсе жок болушу ыктымал.

80
00:03:41.176 --> 00:03:44.966
Кэти Зои этикалык келишиминде
айтылгандай, ал өз никеси боюнча

81
00:03:45.006 --> 00:03:47.747
маалымат берген жана өзүнүн
каржылык кызыкчылыктарына

82
00:03:47.787 --> 00:03:51.581
алдын ала таасир эте турган бардык
нерселерден баш тартаарын белгилеген.

83
00:03:51.621 --> 00:03:53.665
Бирок, албетте, бул мага
күлкүлүү көрүнөт.

84
00:03:53.705 --> 00:03:55.988
Ал тургай либералдык медианын
да бул компанияга 

85
00:03:56.028 --> 00:03:58.929
ушунчалык кызыгуу артканы -
таң каларлык нерсе.

86
00:03:58.969 --> 00:04:01.275
-Вице-президент Байдендин айтымында,
эгер имараттын отун-кубат

87
00:04:01.315 --> 00:04:03.275
жаатындагы натыйжалуулугун
арттырууга түрткү болчу 

88
00:04:03.315 --> 00:04:04.763
мыйзам долбоору каржыланса, анда
Serious Materials компаниясынын

89
00:04:04.803 --> 00:04:07.521
терезелерине болгон
суроо-талап күчөйт,

90
00:04:07.561 --> 00:04:10.068
бул - компаниянын
өндүрүшүн тездетет.

91
00:04:10.108 --> 00:04:15.113
Мына, бул кандай сонун иштейт.
Экономикалык стимул. Ура-а!

92
00:04:15.153 --> 00:04:17.457
-Ура-а дегениңиз туура. Дал ошондой,

93
00:04:17.497 --> 00:04:21.266
бирок өкмөттүк каражат бир гана
сүймөнчүктүү компанияга берилип калса...

94
00:04:21.306 --> 00:04:22.627
бул кантип туура болсун?

