WEBVTT

00:00:00.810 --> 00:00:03.120
- Макдональдс фри менен
компьютериңиздеги

00:00:03.120 --> 00:00:05.250
микрочиптин кандай
жалпы тарабы бар?

00:00:05.250 --> 00:00:07.110
Сиз ойлогондон көбүрөөк.

00:00:07.110 --> 00:00:10.110
Чип технологиясынын өнүгүшүндөгү
эң чоң оюнчулардын бири

00:00:10.110 --> 00:00:13.710
сегизинчи классты бүтүрбөгөн,
жада калса компьютерди да

00:00:13.710 --> 00:00:15.843
колдонууну билбеген
Айдахолук фермер болгон.

00:00:16.791 --> 00:00:19.791
[көңүлдүү музыка]

00:00:19.791 --> 00:00:21.790
Стив Форбс ийгилик тууралуу

00:00:21.930 --> 00:00:25.830
Джон Ричард Симплот 1909-жылы Айова
штатынын Дубьюк шаарында төрөлгөн.

00:00:25.830 --> 00:00:29.700
Анын картошка өстүргөн кедей дыйкан
ата-энеси Айдахого көчүп кетишкен.

00:00:29.700 --> 00:00:32.130
Ийгиликтин жолун издеп,
жергиликтүү чарбалардан

00:00:32.130 --> 00:00:34.290
кошумча кой жыйнай баштаган.

00:00:34.290 --> 00:00:36.240
Кортогойду эч ким жактырган эмес.

00:00:36.240 --> 00:00:38.730
Ричард малды кантип семиртип,

00:00:38.730 --> 00:00:40.860
кантип сатып пайда
табууну ойлоп тапкан.

00:00:40.860 --> 00:00:43.080
Анан дагы бир мүмкүнчүлүк
пайда болгон.

00:00:43.080 --> 00:00:45.420
Чочконун этинин баасынын
төмөндөшү фермерлерди

00:00:45.420 --> 00:00:47.940
сата албаган чочколорун
союуга мажбурлаган.

00:00:47.940 --> 00:00:51.690
Ричард койлордон тапкан акчасына
керексиз чочколорду сатып алган.

00:00:51.690 --> 00:00:53.460
Адамдар аны акылсыз деп ойлошкон,

00:00:53.460 --> 00:00:55.920
бирок көптөгөн ийгиликтүү
ишкерлер сыяктуу эле,

00:00:55.920 --> 00:00:58.680
Ричард да адаттан
тышкары ой жүгүрткөн.

00:00:58.680 --> 00:01:00.930
Чочконун эти тартыш болуп калганда,

00:01:00.930 --> 00:01:03.840
Ричард семиртип баккан
чочколорун чоң акчага саткан.

00:01:03.840 --> 00:01:05.790
Ал болгону 14 жашта болчу.

00:01:05.790 --> 00:01:08.730
Бир нече жыл өткөндөн кийин,
жаш фермер менен анын өнөктөшү

00:01:08.730 --> 00:01:10.320
картошканы сорттоочу
жаңы электрдик

00:01:10.320 --> 00:01:12.360
аппарат жөнүндө угушкан.

00:01:12.360 --> 00:01:14.790
Мүмкүнчүлүктү сезип,
бирөөнү сатып алышкан.

00:01:14.790 --> 00:01:16.230
Анан кээ бир адамдар
автоматташтыруу

00:01:16.230 --> 00:01:19.080
жумуш орундарын азайтып
жатат деп арызданышкан.

00:01:19.080 --> 00:01:22.230
Ричарддын өнөктөшү тынчсызданып,
андан баш тарткан.

00:01:22.230 --> 00:01:24.600
Жыйынтыгында бизнес
Симплотко калган.

00:01:24.600 --> 00:01:27.060
Он жылдын ичинде ал Батыштагы эң ири

00:01:27.060 --> 00:01:29.400
картошка жөнөтүүчүгө айланган.

00:01:29.400 --> 00:01:32.610
Ричард бүтүндөй жаңы нерсени сынап
көрүүдөн эч качан тартынган эмес.

00:01:32.610 --> 00:01:36.540
Болочок кардарга пияздын
күкүмдөрү керек болчу.

00:01:36.540 --> 00:01:39.480
Бул аны башка жашылчаларды
сактоого түрткөн.

00:01:39.480 --> 00:01:43.620
Андан соң Ричард картошка
күкүмүн картошка пюресине

00:01:43.620 --> 00:01:45.540
айландыруу технологиясын
ылайыкташтырган.

00:01:45.540 --> 00:01:48.360
Ричард Экинчи дүйнөлүк согуш
учурунда аскерлерди багуу үчүн

00:01:48.360 --> 00:01:52.680
АКШ өкмөтүнө өзүнүн күкүмдөрүн
сатып, чоң байлык топтогон.

00:01:52.680 --> 00:01:56.820
Бирок, бардык ишкерлер сыяктуу,
ага да кыйынчылыктар келген.

00:01:56.820 --> 00:01:58.890
Согуштун аякташы аскердик рационго

00:01:58.890 --> 00:02:00.660
талапты азайткан.

00:02:00.660 --> 00:02:02.850
Симплот аз жерден
чөгүп кете жаздаган.

00:02:02.850 --> 00:02:06.150
Бирок ал көпчүлүк серепчилер
байкабаган нерсени, согуштан кийин

00:02:06.150 --> 00:02:08.940
Американын гүлдөп өсөөрүн түшүнгөн.

00:02:08.940 --> 00:02:10.980
Бизнес кайрадан жандана баштаган.

00:02:10.980 --> 00:02:15.210
1950-60-жылдары тоңдургучтар
кеңири колдонула баштаган

00:02:15.210 --> 00:02:17.640
жана үй кожойкелери
тамак-аш даярдоонун

00:02:17.640 --> 00:02:19.440
ыңгайлуу жолдорун
издеп башташкан.

00:02:19.440 --> 00:02:22.680
Симплоттун компаниясы ошол
убакта да, андан кийин да

00:02:22.680 --> 00:02:26.370
адамдар тойбой турган
инновацияны ойлоп тапкан.

00:02:26.370 --> 00:02:28.710
Тоңдурулган картошка фри.

00:02:28.710 --> 00:02:30.900
Ричард өзүнүн тоңдурулган
картошкасын "Макдональдс"

00:02:30.900 --> 00:02:34.230
деп аталган жаңы фаст-фуд
тармагына сатууга аракет кылган.

00:02:34.230 --> 00:02:37.260
Анын ээси Рэй Крок
потенциалды түшүнгөн.

00:02:37.260 --> 00:02:41.700
Симплот Макдональдсты тоңдурулган
картошка фри менен камсыздай баштайт.

00:02:41.700 --> 00:02:44.943
Бир кездеги фермер
миллиардерге айланган.

00:02:45.870 --> 00:02:49.170
Ричард бир гана тамак-аш бизнесинде
көрөгөч болгон эмес.

00:02:49.170 --> 00:02:52.020
1980-жылы уулунун кеңеши менен

00:02:52.020 --> 00:02:55.890
компьютердик чиптерди өндүргөн
"Micron technology" аттуу

00:02:55.890 --> 00:02:58.050
жаңы компанияга салым жасаган.

00:02:58.050 --> 00:03:00.960
1990-жылдардын башында
ал анын эбегейсиз

00:03:00.960 --> 00:03:02.940
байлыгынын жарымын түзгөн.

00:03:02.940 --> 00:03:04.710
Мындан төмөнкүдөй
сабак алууга болот:

00:03:04.710 --> 00:03:07.740
инновацияны пландаштыруу же
алдын ала билүү мүмкүн эмес.

00:03:07.740 --> 00:03:10.980
Картошка өстүргөн фермер
компьютердин эс тутумунун

00:03:10.980 --> 00:03:14.550
өнүгүшүнө салым кошот
деп ким ойлоптур.

00:03:14.550 --> 00:03:15.963
Мен - Стив Форбс.

00:03:17.414 --> 00:03:19.414
Стив Форбс ийгилик тууралуу
Биздин каналга жазылыңыз!

