﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:01.529
Эгерде ишимди туура аткара алсам,

2
00:00:01.569 --> 00:00:03.200
анда алдыдагы анча-мынча мүнөттөр ичинде,

3
00:00:03.240 --> 00:00:05.388
сиздерге бакыттын сырын түшүндүрүп
бермекчимин.

4
00:00:05.428 --> 00:00:07.090
Ошондо, бүгүн кечинде үйгө барып

5
00:00:07.130 --> 00:00:08.904
бактылуу жашооңузду баштай аласыз.

6
00:00:08.944 --> 00:00:11.202
Андан тышкары бул сырды башка кишилер
менен бөлүшө баштайсыз да,

7
00:00:11.242 --> 00:00:14.000
алар дагы бактылуу жашоого
ээ болушу ажеп эмес.

8
00:00:14.040 --> 00:00:17.121
Эмесе, келгиле, "бакыт тууралуу эмнени
билебиз?" деген суроо менен баштайлы.

9
00:00:17.161 --> 00:00:20.796
Бул багытта жүздөгөн, дагы баса айтканда,
чын эле жүздөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

10
00:00:20.836 --> 00:00:22.878
Бакыт боюнча иликтөөлөрдү
экономика адистери,

11
00:00:22.918 --> 00:00:24.732
социологдор жана психологдор
жүзөгө ашырган.

12
00:00:24.772 --> 00:00:27.496
Соңку отуз же кырк жылдын ичинде
жүздөгөн изилдөөлөр жасалды.

13
00:00:27.536 --> 00:00:31.090
Алардын баары "ким өзүн бактылуу сезет?"
деген суроо менен башталат.

14
00:00:31.130 --> 00:00:34.845
Кошмо Штаттарда 1970-жылдары
калктын туруктуу бөлүгү өзүн

15
00:00:34.885 --> 00:00:37.440
абдан бактылуу сезээрин билдиргени
тууралуу кабардарбыз.

16
00:00:37.480 --> 00:00:42.558
Аты-жөнү жашырылган, ишенимдүү,
таасын сурамжылоолор маалында

17
00:00:42.598 --> 00:00:45.179
америкалыктардын үчтөн бири өзгөчө
бактылуу экендигин айтышкан.

18
00:00:45.219 --> 00:00:47.873
Бул маалымат чындыкка дал келбейт
деп айтууга эч негиз жок.

19
00:00:47.913 --> 00:00:50.741
Өлкө тургундарынын 50 пайыздан ашыгы кайсы
бир деңгээлде бактылуу экендиктерин айтышат.

20
00:00:50.781 --> 00:00:54.074
Ошондой эле, калктын 10-15 пайызы улам-улам
көңүл чөгүүгө дуушар болушаарын

21
00:00:54.114 --> 00:00:55.354
жана өздөрүн анчейин бактылуу
сезбей тургандыктарын айтышкан.

22
00:00:55.394 --> 00:00:57.991
Ушуну менен болуптур деп туралы, 
бирок бул эң негизги суроо деле эмес.

23
00:00:58.031 --> 00:01:01.826
Эң маанилүү суроо мына мында:
деги, бакытты эмне алып келет?

24
00:01:01.866 --> 00:01:05.503
Бул суроого дагы жооп бар экенин билебиз.
Ал үч нерсени камтыйт.

25
00:01:05.543 --> 00:01:07.659
Үч нерсе бакытты алып келет.

26
00:01:07.699 --> 00:01:12.171
Генетика, турмуштагы олуттуу
окуялар жана тандоолор.

27
00:01:12.211 --> 00:01:14.962
Эми мен бакыт алып келүүчү ушул үч нерсе
тууралуу сөз кылам. Оболу генетикадан баштайлы.

28
00:01:15.002 --> 00:01:16.784
Бир канча жыл мурда

29
00:01:16.824 --> 00:01:19.136
Миннесота университетинин
социолог окумуштуулары 

30
00:01:19.176 --> 00:01:21.612
1930-жылдардын ортосунан

31
00:01:21.652 --> 00:01:25.128
1950-жылдардын ортосуна
чейинки аралыкта туулган

32
00:01:25.168 --> 00:01:28.186
коёндой окшош 75 эгиздин ажайып
маалымат базасын түзүп берген.

33
00:01:28.226 --> 00:01:32.646
Эгиздер төрөлгөндөн кийин эле аларды
ар башка үй-бүлөлөр асырап алышкан.

34
00:01:32.686 --> 00:01:35.336
Бул жагдай - социологдордун көксөгөнү
жерден табылгандай эле болсо керек.

35
00:01:35.376 --> 00:01:38.581
Бир чети, муну өкмөт
жасагандай туюлат.

36
00:01:38.621 --> 00:01:40.366
[аудиторияда күлкү жаңырды]

37
00:01:40.406 --> 00:01:43.396
Кырк жашка чыкканда, бул эгиздер
кайрадан жолугушуп,

38
00:01:43.436 --> 00:01:45.316
жеке инсандык сапаты жаатында
сынактан өтүшкөн.

39
00:01:45.356 --> 00:01:46.419
Алардан баштан кечирип келген окуялары

40
00:01:46.459 --> 00:01:47.256
жана өз турмушуна карата көз карашы

41
00:01:47.296 --> 00:01:48.754
тууралуу сурашкан.

42
00:01:48.794 --> 00:01:50.036
Бул абдан кызыктуу,

43
00:01:50.076 --> 00:01:53.607
себеби алардын ДНКсы бири-бирине
көчүрмөдөй эле окшошуп турат.

44
00:01:53.647 --> 00:01:55.253
Бирок алар ар башка үй-бүлөдө ар
башкача тарбия көрүп өскөн.

45
00:01:55.293 --> 00:01:57.043
Демек, сиз эгиздерге табигый түрдө
таандык болгон нерседен

46
00:01:57.083 --> 00:01:58.492
алар тарбия аркылуу жеткен
нерсени так айырмалай аласыз.

47
00:01:58.532 --> 00:01:59.043
Демек, изилдөөнүн жыйынтыгы кандай болгон?

48
00:01:59.083 --> 00:02:03.376
Алар бактылуу болуунун 48 пайызы генетикага
байланыштуу экенин аныкташты.

49
00:02:03.416 --> 00:02:05.171
Кызыгы, илимпоздор генетика
инсандык бейнеге

50
00:02:05.211 --> 00:02:06.301
буга чейин алар ойлогондон 

51
00:02:06.341 --> 00:02:07.891
көбүрөөк таасир берээрин байкашкан.

52
00:02:07.931 --> 00:02:09.891
Шайлоодогу тандооңузга генетика
кырк пайыз таасир этет.

53
00:02:09.931 --> 00:02:12.628
Диний ишенимиңизге генетика
кырк пайыз таасир этет.

54
00:02:12.668 --> 00:02:15.601
Демек, бул кыйла нерсени түшүндүрөт.

55
00:02:15.641 --> 00:02:18.408
Жашооңузда ар дайым бактылуу, шайыр
жүргөн кимдир-бирөөнү билесизби?

56
00:02:18.448 --> 00:02:21.360
Ар дайым бактылуу болгон
кесиптешиңиз барбы?

57
00:02:21.400 --> 00:02:23.360
Баса, бул жагдай кыжырга тиет эмеспи.

58
00:02:23.400 --> 00:02:24.922
[аудиторияда күлкү жаңырды]

59
00:02:24.962 --> 00:02:28.513
Айрым учурда эмнеге бул киши ар дайым
өзүн бактылуу сезе берет деп таң каласың.

60
00:02:28.553 --> 00:02:31.282
Алар бул үчүн эмне кылышат?
Мунун кандай сыры бар?

61
00:02:31.322 --> 00:02:33.282
Алардын сыры ДНКсында.

62
00:02:33.322 --> 00:02:37.616
Сиз ачуусу чукул кишисизби?
Сизге жаман ойлор келе береби?

63
00:02:37.656 --> 00:02:40.801
Бул сиздин күнөөңүз эмес, мунун баары -
сиздин ДНКңызга байланыштуу.

64
00:02:40.841 --> 00:02:42.658
Кыязы, ата-энеңиздин өксүгүнөндүр.

65
00:02:42.698 --> 00:02:46.860
Эгерде жагдай чынында да ошондой болсо,
анда биздин аракетибиздин мааниси барбы?

66
00:02:46.900 --> 00:02:50.646
Албетте, "ооба" дейбиз, анткени жарымыңыз
генетика менен түшүндүрүлсө,

67
00:02:50.686 --> 00:02:52.061
калган экинчи жарымыңыз бар,
жана ага көңүл буруу керек.

68
00:02:52.101 --> 00:02:55.568
Ооба, 48 пайыз генетикага байланыштуу, бирок
башка тубаса сапаттарды да эстен чыгарбоо керек.

69
00:02:55.608 --> 00:02:57.993
Башка тубаса сапаттар дагы абдан маанилүү.

70
00:02:58.033 --> 00:03:01.485
Анын ичинде баарынан кызыгы
жыныска байланыштуу.

71
00:03:01.525 --> 00:03:05.122
Эркектер бактылуураакпы же аялдарбы?
Туура жооп - аялдар.

72
00:03:05.162 --> 00:03:08.344
Изилдөөлөрдүн көбү, басымдуу бөлүгү,
аялдар эркектерге салыштырмалуу

73
00:03:08.384 --> 00:03:10.980
бактылуураак болушат жана ар дайым бактылуураак
болуп келген деген жыйынтык чыгарган.

74
00:03:11.020 --> 00:03:13.484
Ооба, жигиттер, жагдай ушундай.

75
00:03:13.524 --> 00:03:16.137
Мен өзүм дагы бул маселени изилдеп,
дал ошондой эле жыйынтыкка келдим.

76
00:03:16.177 --> 00:03:19.382
Эркектер менен аялдардын үй-бүлөлүк абалын
карап, кимиси бактылуураак экенин изилдедим.

77
00:03:19.422 --> 00:03:21.376
Ооба. Кандай жыйынтыкка
келдим дебейсиздерби?

78
00:03:21.416 --> 00:03:23.798
Турмуш курган аялдар үйлөнгөн эркектерге
караганда бактылуураак экен.

79
00:03:23.838 --> 00:03:26.442
Бойдок эркектерге караганда, турмуш кура
элек кыздар бактылуураак болот.

80
00:03:26.482 --> 00:03:30.688
Жесир аялдар жесир эркектерден бактылуураак.

81
00:03:30.728 --> 00:03:34.324
[аудитория күлкүгө батты]

82
00:03:34.364 --> 00:03:35.733
Мунун деги эмнеси күлкүлүү?

83
00:03:35.773 --> 00:03:36.804
Кызык...

84
00:03:36.844 --> 00:03:38.686
[күлүп]

85
00:03:38.726 --> 00:03:42.628
Жубайыма бул тууралуу айтып берсем,
ал "ооба, туура эле" деп жооп кайтарды.

86
00:03:42.668 --> 00:03:44.797
[күлүп]

87
00:03:44.837 --> 00:03:46.690
Жалпысынан алганда, аялдар өздөрүн эркектерге
салыштырганда бактылуураак санашат.

88
00:03:46.730 --> 00:03:48.690
Дагы бир кызыктуу болгон сырдуу жагдай бар.

89
00:03:48.730 --> 00:03:53.050
Орточо эсеп менен алганда, эркек киши
канча жашында өзүн бактысыз сезет?

90
00:03:53.090 --> 00:03:55.988
Мен бул тууралуу дайым эле угуп жүргөм.
Сиздер дагы уккансыздар.

91
00:03:56.028 --> 00:03:57.988
Ооба, эркектин орто жашка
жеткендеги кризиси, туурабы?

92
00:03:58.028 --> 00:03:59.988
Канча жашында бул кризис башталат?

93
00:04:00.028 --> 00:04:01.207
Жетимиш. Он жети.

94
00:04:01.247 --> 00:04:03.282
Ал саналбайт,

95
00:04:03.322 --> 00:04:04.221
эрезеге жеткендер гана эсептелет.

96
00:04:04.261 --> 00:04:05.026
Кырк беш.

97
00:04:05.066 --> 00:04:07.186
Кырк беш! Кырк беш.

98
00:04:07.226 --> 00:04:08.792
Ооба, туура кырк беш жашта.

99
00:04:08.832 --> 00:04:11.215
Орто эсеп менен алганда, эркектер үчүн
кырк беш жаш - турмушундагы эң бактысыз учур.

100
00:04:11.255 --> 00:04:12.853
Бул болжол менен төмөнкүдөй болот.

101
00:04:12.893 --> 00:04:15.789
Эркектин турмуш жолу - кызыктуу

102
00:04:15.829 --> 00:04:17.789
жана айрым учурда бир аз кайгылуу.

103
00:04:17.829 --> 00:04:21.505
Айталы, жыйырма, отуз
жаштардагы эркектердин

104
00:04:21.545 --> 00:04:25.416
турмуш рецепти абдан жөнөкөй болот.

105
00:04:25.456 --> 00:04:27.092
Жыйырма, отуз жаштардагы эркектерге

106
00:04:27.132 --> 00:04:28.633
жашоо тептегиз даңгыр жолдой туюлат.

107
00:04:28.673 --> 00:04:29.761
Жашоо шартыңды оңдогуң келсе,

108
00:04:29.801 --> 00:04:30.908
бактылуу жана ийгиликтүү болгуң келсе,

109
00:04:30.948 --> 00:04:33.856
тек гана унааңдын газын басып,
ылдамдыкты көбөйт.

110
00:04:33.896 --> 00:04:36.825
Бардыгы жөнөкөй -
көбүрөөк акча тап,

111
00:04:36.865 --> 00:04:39.567
жакшыраак карьера изде, жогору
көтөрүлүү жолдорун караштыр.

112
00:04:39.607 --> 00:04:43.631
Бирок даңгыр жолдо бир маселе жаралат.
Жигиттер 45 жашка жеткенде,

113
00:04:43.671 --> 00:04:46.313
айрымдары токтошот да,

114
00:04:46.353 --> 00:04:48.687
опей, мен туура эмес жолдо бараткан
турбаймынбы, деп айтышат.

115
00:04:48.727 --> 00:04:50.917
Мен бул тептегиз даңгыр жолдогу
сапарымды уланткым келбейт.

116
00:04:50.957 --> 00:04:53.807
Бирок үйдү насыяга алгам жана

117
00:04:53.847 --> 00:04:55.807
башка дагы түйшүктөрүм көп.

118
00:04:55.847 --> 00:04:56.829
Бул - абдан татаал. Токтосом,

119
00:04:56.869 --> 00:05:00.119
башка унаа сүзүп кетет, кырсыкка туш болом.
Токтоп калсам, көп балээге кабылам.

120
00:05:00.159 --> 00:05:01.440
Эркектердин көбү ушундай
көйгөйгө туш болот.

121
00:05:01.480 --> 00:05:06.088
Кана эмесе, кийинки суроого өтөлү.
Эркектер эмнени каалашат?

122
00:05:06.128 --> 00:05:08.685
Ошол эле мисалды колдонсок.

123
00:05:08.725 --> 00:05:11.442
Эркектер башка бир жолго түшкүсү келет,

124
00:05:11.482 --> 00:05:12.678
өздөрү тандай ала турган.

125
00:05:12.718 --> 00:05:15.589
Алар айдоочу эч качан башына
туулга кийбей турган

126
00:05:15.629 --> 00:05:17.589
чаң баскан жолдо

127
00:05:17.629 --> 00:05:20.321
мотоцикл айдап жүргүсү келет.

128
00:05:20.361 --> 00:05:22.555
Эркектер дал ошону каалашат.

129
00:05:22.595 --> 00:05:26.977
Демек, ошондо мотоциклчен ким болот?
Анткени бакыттын сыры -

130
00:05:27.017 --> 00:05:29.158
эч кандай туулга кийбестен,
мотоцикл айдап бараткан киши болуу.

131
00:05:29.198 --> 00:05:31.922
Ошондуктан ал ким экенин билгим келет.
Ошол киши тууралуу айтып бергилечи.

132
00:05:31.962 --> 00:05:34.436
Мен ал ким экенин билем. Ал - менмин.

133
00:05:34.476 --> 00:05:36.436
Эми муну түшүндүрүп берейин.

134
00:05:36.476 --> 00:05:40.813
19 жашымда колледжди таштап кеттим.

135
00:05:40.853 --> 00:05:44.815
Таштап кеттимби, же чыгарып салыштыбы,
бул - өтө деле маанилүү эмес.

136
00:05:44.855 --> 00:05:46.325
[аудитория күлүп жатат]

137
00:05:46.365 --> 00:05:50.020
Ошондо мен музыка менен
жан бакмай болдум.

138
00:05:50.060 --> 00:05:52.020
Мен валторна аспабын ойночумун.
Андан башка эчтеке кылгым келген эмес.

139
00:05:52.060 --> 00:05:56.577
Отуз жашка жакындап калганда,
Барселона симфония оркестрине кошулдум.

140
00:05:56.617 --> 00:05:59.621
Сонун болчу. Музыканы абдан жакшы көрчүмүн.
Музыканы азыр деле жактырам.

141
00:05:59.661 --> 00:06:01.621
Симфония - музыкалардын эң мыктысы.

142
00:06:01.661 --> 00:06:03.621
Кыялдагыдай сезилет, туурабы?

143
00:06:03.661 --> 00:06:07.635
Бирок мен өзүмдү бир саамга 45 жашка
чыккан кезимдегидей элестете алдым.

144
00:06:07.675 --> 00:06:09.210
Мен күзгүдөн келечекти көрдүм.

145
00:06:09.250 --> 00:06:10.997
Чогуу иштеген кесиптештерим,

146
00:06:11.037 --> 00:06:13.784
адатта, менден 20, 30 жашка улуу болчу.

147
00:06:13.824 --> 00:06:16.838
Алар 45 жашка келип калышкан жана
өздөрүн көп деле бактылуу сезчү эмес.

148
00:06:16.878 --> 00:06:19.111
Алар көбүрөөк ичип башташкан,

149
00:06:19.151 --> 00:06:20.683
жубайлары менен турмушта келишпей

150
00:06:20.723 --> 00:06:22.683
жана музыканы дагы жактырбай
калышкан эле.

151
00:06:22.723 --> 00:06:24.683
Аларды көрүп, кесиптештеримдей тагдырды
өзүмө каалабайм, деп айттым.

152
00:06:24.723 --> 00:06:27.984
Жолум бар экен, көйгөйдү алдын-ала көрүп
башка жолдорду караштыра баштадым.

153
00:06:28.024 --> 00:06:29.984
Андай тагдырдан кутулуу аргасын түздүм.

154
00:06:30.024 --> 00:06:33.519
Кайрадан колледжге кайтууну чечтим.

155
00:06:33.559 --> 00:06:36.020
Андан соң атама байланыштым.
"Атаке, менин чоң жаңылыгым бар" - дедим.

156
00:06:36.060 --> 00:06:38.467
"Мен музыка өнөрүн таштоону чечтим.
Кайрадан колледжге кайтам.

157
00:06:38.507 --> 00:06:41.000
Кайрадан окуйм, бирок кайсы кесипти
аркалайм, билбей турам, балким,

158
00:06:41.040 --> 00:06:44.571
адабият же физика, же акындык, же экономика,
же башка бир нерсесин тандайм го.

159
00:06:44.611 --> 00:06:47.070
Бардыгы жакшы болот.
Мен эми акыл-эстүү болом."

160
00:06:47.110 --> 00:06:51.169
Атам: "эмне деп жатасың?"
деген жооп кайтарды.

161
00:06:51.209 --> 00:06:55.405
Ал мага: "Сенин үй-бүлөң бар.
Ишиң жакшы жүрүп жатат" деди.

162
00:06:55.445 --> 00:06:58.183
"Отуз жашка жакындап калганыңда
баарын таштап салганың -

163
00:06:58.223 --> 00:07:01.190
жоопкерчиликсиздикке жатат.
Эмнеге?"

164
00:07:01.230 --> 00:07:04.522
"Ата, мен өзүмдү бактысыз сезип жатам

165
00:07:04.562 --> 00:07:06.671
жана мындан ары деле бактылуу
болбойм го", - деп жооп бердим.

166
00:07:06.711 --> 00:07:10.667
Ал бир топко чейин унчукпай турду дагы:

167
00:07:10.707 --> 00:07:12.549
"Сен эмнең менен башкалардан өзгөчөсүң?"
деген суроо жолдоду.

168
00:07:12.589 --> 00:07:15.100
[күлүп]

169
00:07:15.140 --> 00:07:17.603
Бүгүнкү күнү өзүмө жаккан
иш менен алекмин.

170
00:07:17.643 --> 00:07:20.127
Бүгүн, өзүмө жарашкан
иш менен алекмин.

171
00:07:20.167 --> 00:07:24.658
Бүгүнкү менин ишим - сиздерге жашооңуздарды
кантип бактылуураак кылууга болоорун айтып берүү.

172
00:07:24.698 --> 00:07:25.877
Кандай гана керемет нерсе.

173
00:07:25.917 --> 00:07:29.815
Кандай десем, кишилерге кокусунан
бир жолду таап алуу жетишсиз.

174
00:07:29.855 --> 00:07:31.815
Биз туура жолду мүдөөгө
ылайыктап табышыбыз керек.

175
00:07:31.855 --> 00:07:33.815
Болуптур, эми тубаса
айырмачылыктарга келели.

176
00:07:33.855 --> 00:07:35.815
Генетика: 48 пайыз.

177
00:07:35.855 --> 00:07:38.608
Андан кийинки чоң нерсе - 
жашоодогу бурулуш окуялар.

178
00:07:38.648 --> 00:07:41.012
Дал ошол окуялар бизди бактылуу
кылат деп ойлойсуздар.

179
00:07:41.052 --> 00:07:43.492
Сиз бактылуу болгуңуз келет. Демек,
өз максаттарыңызга жетүү үчүн умтулуңуз.

180
00:07:43.532 --> 00:07:44.622
Жашооңузда чоң максаттарыңыз бар

181
00:07:44.662 --> 00:07:46.152
жана жамандыктан алыс болууңуз зарыл,
туурабы?

182
00:07:46.192 --> 00:07:47.663
Максаттарыңыз тууралуу ар дайым ойлоносуз.

183
00:07:47.703 --> 00:07:50.634
Университетти жогорку баа
менен жыйынтыктап,

184
00:07:50.674 --> 00:07:52.634
жакшы иш тапсам эле бактылуу
болом да, туурабы?

185
00:07:52.674 --> 00:07:54.645
Укук факультетине илинсем эле
бактылуу болуп калам.

186
00:07:54.685 --> 00:07:57.797
Тигил кыз мага тийсе эле,
бактылуу болот элем.

187
00:07:57.837 --> 00:08:01.640
Анан ооруп калбасам эле
бактылуу болом, туурабы?

188
00:08:01.680 --> 00:08:03.831
Кырсыкка кабылбасам эле,
бактылуу болом.

189
00:08:03.871 --> 00:08:07.092
Биз дал ушундай нукта ойлонобуз.
Биз мүдөөнү көздөп жаралган жан эмеспизби.

190
00:08:07.132 --> 00:08:10.614
Эми муну карайлы, деги биздин жашоодогу
бактыбыз канчалык деңгээлде

191
00:08:10.654 --> 00:08:13.408
тагдырдагы кайсы бир чоң окуяга,
жакшылыкка же жамандыкка байланыштуу?

192
00:08:13.448 --> 00:08:15.831
Туура жооп - 40 пайыз.

193
00:08:15.871 --> 00:08:17.349
Бул - абдан көп!

194
00:08:17.389 --> 00:08:19.536
Ошондо жашоодо бир чоң
максаттын артынан жүрүү,

195
00:08:19.576 --> 00:08:21.760
кырсык сыяктуу жамандыктан

196
00:08:21.800 --> 00:08:23.197
алыс болууга аракеттенүү аркылуу

197
00:08:23.237 --> 00:08:24.354
абдан туура иш кылып жатасыз.

198
00:08:24.394 --> 00:08:25.583
Бирок сиз анда жаңылышасыз.

199
00:08:25.623 --> 00:08:30.027
Ооба, 40 пайыз, бирок эми мен сиздерге эмнеге бир чоң
максаттын артынан жүрбөө керектигин айтып берейин.

200
00:08:30.067 --> 00:08:31.219
Буга эки себеп бар.

201
00:08:31.259 --> 00:08:33.685
Биринчиден, каалаган нерсебизге,

202
00:08:33.725 --> 00:08:35.554
чоң максатка жетүү жагынан

203
00:08:35.594 --> 00:08:36.957
аксап келебиз.

204
00:08:36.997 --> 00:08:40.522
Бирок андан дагы маанилүүсү,
чоң нерселер эч качан узакка созулбайт.

205
00:08:40.562 --> 00:08:44.483
Кыялдагы үй колуңузга тийген соң,
сиз канчага чейин көңүлдүү жүрөсүз?

206
00:08:44.523 --> 00:08:45.625
Алты ай.

207
00:08:45.665 --> 00:08:50.351
Маянаңызды эки эсеге көтөрсөм,
канчага чейин көңүлүңүз ачык болот?

208
00:08:50.391 --> 00:08:52.351
Алты айга чейин, андан көп эмес.

209
00:08:52.391 --> 00:08:53.948
Эмне гана кылбаңыз,
убакыт өткөндө кызыгы тарайт.

210
00:08:53.988 --> 00:08:55.948
Чоң нерсенин кызыгы тарайт,

211
00:08:55.988 --> 00:08:58.883
бирок ошол максатка жетүүнүн
наркы такай кала берет.

212
00:08:58.923 --> 00:09:00.380
Ошондуктан чоң нерсенин артынан жүгүрбөңүз.

213
00:09:00.420 --> 00:09:02.380
Бир изилдөө дал ушул маселени
таасын көрсөтөт.

214
00:09:02.420 --> 00:09:04.295
Ал - эң кызыктуу изилдөөлөрдүн
бири деп ойлойм.

215
00:09:04.335 --> 00:09:06.131
Ал 1978-жылы жүргүзүлгөн.

216
00:09:06.171 --> 00:09:08.028
Ал эски иликтөө болушу мүмкүн,
бирок азыр деле ургаалдуу.

217
00:09:08.068 --> 00:09:10.028
Изилдөөдө эки топтогулар -

218
00:09:10.068 --> 00:09:14.156
шал болуп калгандар менен лотереядан
утуп алгандар салыштырылат.

219
00:09:14.196 --> 00:09:16.156
Бул эки топтун кандай окшоштуктары
бар деп ойлойсуз.

220
00:09:16.196 --> 00:09:18.900
Алардын жашоосунда тең салмактуулук
бузулуп, чоң өзгөрүүлөр болгон.

221
00:09:18.940 --> 00:09:21.559
Мына сага. Жакшы же жаман иш, туурабы?

222
00:09:21.599 --> 00:09:23.559
Орто эсеп менен алганда,

223
00:09:23.599 --> 00:09:26.155
шал болуп калган кишинин маанайы
кырсык болгондон кийин 

224
00:09:26.195 --> 00:09:27.898
алты айдын ичинде

225
00:09:27.938 --> 00:09:31.530
дээрлик мурдагы деңгээлге көтөрүлөт.

226
00:09:31.570 --> 00:09:32.685
Изилдөө дал ушундай жыйынтыкка келген.

227
00:09:32.725 --> 00:09:35.111
Албетте, мурдагы деңгээлде болбойт.
Бирок дээрлик мурдагыдай болот.

228
00:09:35.151 --> 00:09:37.250
Көрдүңүздөрбү, канчалык биз бекембиз.
Алты айдан кийин деле

229
00:09:37.290 --> 00:09:39.915
алар колу-бутун кайрадан башкаруу,

230
00:09:39.955 --> 00:09:42.482
арабачаны колдонбой калуу үчүн
бар аргасын жасоого

231
00:09:42.522 --> 00:09:43.769
даяр экенин айтышат.

232
00:09:43.809 --> 00:09:47.794
Бирок алардын бакыты - тубаса экенин
жана башка күчтөргө да

233
00:09:47.834 --> 00:09:49.794
көз каранды экенин дагы эске алуу керек.

234
00:09:49.834 --> 00:09:51.805
Болуптур. Бул - изилдөөнүн биринчи жыйынтыгы.

235
00:09:51.845 --> 00:09:53.476
Экинчиден, лотереядан утуп алгандар.

236
00:09:53.516 --> 00:09:55.476
Чынында, бул топтогулар
алда канча кызыктуураак.

237
00:09:55.516 --> 00:09:58.718
Орто эсеп менен алганда,

238
00:09:58.758 --> 00:10:02.947
лотереядан утуп алгандан алты ай өткөн
соң кишинин бактылуулук сезими

239
00:10:02.987 --> 00:10:05.802
лотереяны сатып алаардан
бир күн мурдагы деңгээлден

240
00:10:05.842 --> 00:10:08.174
бир аз төмөнүрөөк болот.

241
00:10:08.214 --> 00:10:11.297
Чынында, лотерея сатып алгандан кийинки

242
00:10:11.337 --> 00:10:14.305
эң мыкты натыйжа - бул жеңбей калуу.

243
00:10:14.345 --> 00:10:16.305
Эмнеге? Буга дагы жооп бар.

244
00:10:16.345 --> 00:10:19.243
Себеби алар өзүндөгү тең
салмактуулукту бузуп алышты.

245
00:10:19.283 --> 00:10:21.694
Жашоодогу кичинекей нерселер
аларды бактылуу кыла албайт.

246
00:10:21.734 --> 00:10:24.077
Ушул дем алыш күндөрү сиздин көңүлүңүздү
эмне көтөрөөрүн ойлосоңуз.

247
00:10:24.117 --> 00:10:25.531
Бул - жакындарыңар менен убакыт өткөрүү.

248
00:10:25.571 --> 00:10:28.550
Сизге жагымдуу маанай тартуулачу
кишилер менен болуу -

249
00:10:28.590 --> 00:10:29.760
сиздин анча-мынча болсо да
көңүлүңүздү көтөрөт.

250
00:10:29.800 --> 00:10:31.370
Балким, кайсы бир спорт мелдешин көрөсүз.

251
00:10:31.410 --> 00:10:34.023
Кечинде жакшы жайда
тамактанышыңыз мүмкүн.

252
00:10:34.063 --> 00:10:36.830
Өзүңүзгө жаккан кишилердин
айланасында убакыт өткөрүп,

253
00:10:36.870 --> 00:10:39.160
тамашалап, көңүл ачасыз.

254
00:10:39.200 --> 00:10:40.701
Лотереядан утуп алгандарга келсек,

255
00:10:40.741 --> 00:10:41.879
алар андан эч деле ыракат
албай калат экен.

256
00:10:41.919 --> 00:10:43.879
Мурда эрмектелчү нерселер эми
эч нерсеге татыбай калат.

257
00:10:43.919 --> 00:10:45.670
Достугу да өзгөрөт.

258
00:10:45.710 --> 00:10:47.948
Мурда ыракат алган кичинекей нерселер
эми көңүлүн көтөрбөй калат.

259
00:10:47.988 --> 00:10:49.767
Ошондуктан алар ыракаттын
башка жолдорун издей баштайт.

260
00:10:49.807 --> 00:10:52.763
Чынын айтсак, бактылуу болгуң келсе,

261
00:10:52.803 --> 00:10:56.430
анда даңазага жетем деп
убакытыңды коротпо.

262
00:10:56.470 --> 00:10:58.837
Сизге 40 пайызга жетүүгө

263
00:10:58.877 --> 00:11:01.769
мүмкүнчүлүктү жогорулатуу үчүн
жакшы көнүмүш адаттар керек.

264
00:11:01.809 --> 00:11:04.799
Башкача айтканда, жашоодо
жакшылыктарды көбөйтүп,

265
00:11:04.839 --> 00:11:08.848
кырсык сыяктуу жаманчылыктарды азайтууга

266
00:11:08.888 --> 00:11:11.093
туруктуу усул же тартипти орнотуу зарыл.

267
00:11:11.133 --> 00:11:14.872
Ошондо, бул жашоо бейнесинин
элементтери кайсылар?

268
00:11:14.912 --> 00:11:18.923
Эми акыркы 12 пайыз калды. Эске сала кетейин,
48 пайыз - генге байланыштуу.

269
00:11:18.963 --> 00:11:21.755
Кырк пайыз - турмуштук окуялар.
Ошентип, 12 пайызыңыз калды.

270
00:11:21.795 --> 00:11:25.573
Сиз дал ушул 12 пайызды гана
көзөмөлдөй аласыз.

271
00:11:25.613 --> 00:11:28.470
Ошол 12 пайызга толук жетүү үчүн

272
00:11:28.510 --> 00:11:30.254
бар аракетти көрсөңүз,

273
00:11:30.294 --> 00:11:33.640
анда 40 пайызга жетүү ыктымалдыгын
дагы жогорулатасыз.

274
00:11:33.680 --> 00:11:36.077
Себеби бул үлүш жашоо
бейнеңизди өзгөртүп,

275
00:11:36.117 --> 00:11:37.648
ийгиликке жол ачат.

276
00:11:37.688 --> 00:11:40.877
Демек, 12 пайызга жетүү
үчүн айрым өңүттөргө,

277
00:11:40.917 --> 00:11:43.430
так айтканда, төрт жагдайга
көңүл бурушубуз керек.

278
00:11:43.470 --> 00:11:45.869
Дал ушул жерден билим кандай
кудуретке ээ экенин көрөбүз.

279
00:11:45.909 --> 00:11:48.110
Дал ушул жерде сиз бакыт куржунуңузга

280
00:11:48.150 --> 00:11:50.865
инвестиция жасоого даяр болуп,

281
00:11:50.905 --> 00:11:53.432
бүгүнкү кечтен тарта бактылуураак
кишиге айланасыз.

282
00:11:53.472 --> 00:11:54.829
Жагымдуу жаңылыкты айта кетейин.

283
00:11:54.869 --> 00:11:59.339
Ал - жөнөкөй, ар ким үчүн жеткиликтүү
жана түшүнүүгө жеңил.

284
00:11:59.379 --> 00:12:05.632
Бул төрт жагдай - ишеним,
үй-бүлө, жамаат жана жумуш.

285
00:12:05.672 --> 00:12:10.362
Булар - сиздин олуттуу 4 нерсеңиз.
Бул - сиздин бакыт куржунуңуз.

286
00:12:10.402 --> 00:12:12.355
Башка нерселерге көңүл бурбаңыз,

287
00:12:12.395 --> 00:12:13.752
себеби антчү болсоңуз,

288
00:12:13.792 --> 00:12:14.893
анда туура эмес багытка
туш болосуз.

289
00:12:14.933 --> 00:12:18.152
Үй-бүлө, кечиресиз, руханий ишеним.
Менимче, бул айдан ачык эле.

290
00:12:18.192 --> 00:12:20.466
Ички дүйнө. Кайсы ишеним экендиги тууралуу
мен сиздерге айтып отурбайм.

291
00:12:20.506 --> 00:12:22.190
Бирок руханий түшүнүктү ойлой бериңиз,

292
00:12:22.230 --> 00:12:24.190
бул дүйнөгө байланышы жок нерселерди ойлоп,

293
00:12:24.230 --> 00:12:25.780
аны жашооңузга жуурулуштуруңуз.

294
00:12:25.820 --> 00:12:28.289
Үй-бүлө! Үй-бүлөлүк бекем байланыш абзел.

295
00:12:28.329 --> 00:12:30.735
Булар эч качан колдон чыкпашы
керек болгон нерселер.

296
00:12:30.775 --> 00:12:32.337
Жамаат - бир аз татаалыраак.

297
00:12:32.377 --> 00:12:35.839
Коомго байланыштуу элементтерди алсак, бул
коомдо маанилүү достук мамилени күчөтүү,

298
00:12:35.879 --> 00:12:38.038
кайрымдуулукка көңүл буруу,
башкаларга кол сунуу,

299
00:12:38.078 --> 00:12:40.205
демөөрчү болуу.

300
00:12:40.245 --> 00:12:42.416
Бул нерселер жашоодо коомдун
бир бөлүгү экениңди билдирет.

301
00:12:42.456 --> 00:12:43.655
Эми мен ишеним, үй-бүлө жана

302
00:12:43.695 --> 00:12:45.117
коомго көп токтолбойм.

303
00:12:45.157 --> 00:12:47.117
Калган убактымда жумуш
тууралуу сөз кылам,

304
00:12:47.157 --> 00:12:49.117
анткени бул жагдайды түшүнүү татаалыраак.

305
00:12:49.157 --> 00:12:51.117
Жумуш - абдан маанилүү.

306
00:12:51.157 --> 00:12:52.915
"Кеңсе" аттуу сериалды көрөсүздөр.

307
00:12:52.955 --> 00:12:55.824
Сиздер Адамстын "Дилберт" карикатураларын
окуйсуздар, туурабы?

308
00:12:55.864 --> 00:12:57.486
Жумуш чоң жүк болушу мүмкүн, чынбы?

309
00:12:57.526 --> 00:12:59.286
Жок дегенде башкаларга ошондой.
Балким, сиз жумушуңузду жактырасыз,

310
00:12:59.326 --> 00:13:02.300
бирок көптөр, балким,
анте беришпейт.

311
00:13:02.340 --> 00:13:05.177
Америкалыктардын канча пайызы
өз жумушун жактырат?

312
00:13:05.217 --> 00:13:07.536
Америкалыктардын канча пайызы
өз ишине канааттанат

313
00:13:07.576 --> 00:13:09.376
же абдан канааттанат?

314
00:13:09.416 --> 00:13:11.737
Эми ушул суроого жооп издесеңиз.
Бир санды көңүлдө тутуңуз.

315
00:13:11.777 --> 00:13:14.582
Сиз 20-25 пайыз деп ойлоп жатасыз.

316
00:13:14.622 --> 00:13:16.582
Сексен тогуз пайыз.

317
00:13:16.622 --> 00:13:19.619
Америкалыктардын 89 пайызы
өз ишине канааттанат

318
00:13:19.659 --> 00:13:21.744
же абдан канааттанат.

319
00:13:21.784 --> 00:13:23.089
Кандай гана кызыктуу жагдай.

320
00:13:23.129 --> 00:13:27.174
Башка өлкөлөр бул көрсөткүчкө караандабайт.
Эмнеге? Эмнеге?

321
00:13:27.214 --> 00:13:29.174
Акча үчүнбү?

322
00:13:29.214 --> 00:13:31.154
Жок, себеби акча - маанилүү
төрт жагдайдын бири эмес.

323
00:13:31.194 --> 00:13:34.328
Мен ишеним, үй-бүлө, коом, жумуш
жана акча деген жокмун да.

324
00:13:34.368 --> 00:13:35.775
Анткен жокмун. Акча тизмеге кирбейт

325
00:13:35.815 --> 00:13:38.525
жана, чындыгында, экономика боюнча
адистердин көбү, анын ичинде мен дагы,

326
00:13:38.565 --> 00:13:41.268
акчанын бакытка болгон
таасирин изилдегенбиз.

327
00:13:41.308 --> 00:13:43.036
Акча жакырларга жеңилдик берип,

328
00:13:43.076 --> 00:13:45.167
кандайдыр бир деңгээлде
бакыт алып келет.

329
00:13:45.207 --> 00:13:46.956
Бирок орто-катмар тобуна
жетип-жетпей эле,

330
00:13:46.996 --> 00:13:48.824
акча бакытка таасир этпей калат.

331
00:13:48.864 --> 00:13:49.839
Албетте, көңүлүңүз бир аз көтөрүлөт,

332
00:13:49.879 --> 00:13:52.304
бирок жогорку кирешелүүлөр
каниет алуусу үчүн

333
00:13:52.344 --> 00:13:54.122
абдан көп акча талап кылынат.

334
00:13:54.162 --> 00:13:57.015
Ошондой. Демек, акча бакыт алып келбейт.
Башка бир нерсе керек.

335
00:13:57.055 --> 00:14:01.126
Ошондо, 45 жашка чыгып, көңүлү
чөккөн кишилерден тышкары,

336
00:14:01.166 --> 00:14:05.902
кайсы нерсе көптөгөн калайыкка
өз жумушунда бакыт алып келет?

337
00:14:05.942 --> 00:14:07.305
Жумушта бизди эмне бактылуу кылат?

338
00:14:07.345 --> 00:14:10.095
Биз тынымсыз издеп, улам иликтеп
жатып таап алдык. 

339
00:14:10.135 --> 00:14:11.704
Биз аны таптык.

340
00:14:11.744 --> 00:14:13.704
Көрсө, бул - жумуштагы ийгилик экен.

341
00:14:13.744 --> 00:14:16.449
Бул - өзүңүздүн жана
башкалардын жашоосуна

342
00:14:16.489 --> 00:14:18.449
асыл-нарк кошуп жатам
деген ишенимиңиз.

343
00:14:18.489 --> 00:14:24.499
Ишиңизден баар табуу - жумуш
аркылуу бакытка жетүүнүн ачкычы.

344
00:14:24.539 --> 00:14:27.115
Эгерде сиз башкаларга
баалуу кызмат көрсөтүп,

345
00:14:27.155 --> 00:14:29.210
ар бир аракетиңиз менен
асыл-нарк жаратсаңыз,

346
00:14:29.250 --> 00:14:30.708
эмне иш аткарганыңызды ылгап отурбайм,

347
00:14:30.748 --> 00:14:32.745
анткени өз иши аркылуу
татыктуу ийгиликке жетип,

348
00:14:32.785 --> 00:14:34.206
жумушта бактылуу болдум деп
өзүн санагандар окшош болот.

349
00:14:34.246 --> 00:14:36.354
Алар - жогорку билимдүүбү,

350
00:14:36.394 --> 00:14:39.062
орто билимдүүбү,
же орто билими жокпу, 

351
00:14:39.102 --> 00:14:40.902
маянасы ортодон

352
00:14:40.942 --> 00:14:42.107
жогорубу же төмөнбү

353
00:14:42.147 --> 00:14:44.613
өздөрүн жакыр, ортороок катмар,

354
00:14:44.653 --> 00:14:46.809
орто катмар же орто катмардан
жогорураак деп эсептейби,

355
00:14:46.849 --> 00:14:49.099
ал эч маанилүү эмес. Анын эч мааниси жок.

356
00:14:49.139 --> 00:14:52.002
Кишилер өз турмушунда
асыл-нарк түзүп жатам

357
00:14:52.042 --> 00:14:53.304
жана өз ийгилигиме татыктуумун

358
00:14:53.344 --> 00:14:55.675
деп ойлошобу, же жокпу,
дал ушул маанилүү.

359
00:14:55.715 --> 00:14:57.758
Эгерде окшош эки кишини алсаңыз,

360
00:14:57.798 --> 00:15:00.626
Чикаго университетинин кеңири
социалдык сурамжылоо базасынан,

361
00:15:00.666 --> 00:15:03.226
бул АКШдагы эң мыкты маалымат базасы,

362
00:15:03.266 --> 00:15:06.503
ошондо эки окшош кишини алсаңыз -
жашы, жынысы, теги, ишенген дини,

363
00:15:06.543 --> 00:15:08.503
билим деңгээли окшош -

364
00:15:08.543 --> 00:15:10.968
жана экөө тең жеке аракети менен
ийгиликке жеткенин айтышса,

365
00:15:11.008 --> 00:15:14.568
бирок алардын бири сегиз эсе
көп акча тапса деле,

366
00:15:14.608 --> 00:15:16.074
экөө тең өз жашоосунда

367
00:15:16.114 --> 00:15:19.007
бактылуумун деп бирдей
деңгээлде айта алышат.

368
00:15:19.047 --> 00:15:21.643
Кандай гана керемет нерсе!
Акча менен бакытты сатып алуу мүмкүн эмес.

369
00:15:21.683 --> 00:15:24.098
Татыктуу ийгиликке жетүү - бул бакыт!

370
00:15:24.138 --> 00:15:28.547
Жанагы мотоциклчен киши да бактылуу.

371
00:15:28.587 --> 00:15:29.886
Ал бакытка эгедер.

372
00:15:29.926 --> 00:15:32.407
Ал маңдай тери менен ийгиликке жетүүдө.
Биз дал ошону каалайбыз.

373
00:15:32.447 --> 00:15:34.107
Мен да ошол кишидей болгум келет. Эмнеге?

374
00:15:34.147 --> 00:15:37.463
Себеби турмушумдун өзүм каалагандай өтүшүн каалайм.
Мен өз жашоомду өзүм курсам дейм.

375
00:15:37.503 --> 00:15:41.232
Жашоомду өзүмдүн долбоорума айланткым келет.

376
00:15:41.272 --> 00:15:43.859
Бул - америкалык ишкердиктин руху.

377
00:15:43.899 --> 00:15:45.486
Нагыз америкалык кыял - дал ушу.

378
00:15:45.526 --> 00:15:47.984
Ишкердик дем - кайсы бир
ишкананы түптөө эмес.

379
00:15:48.024 --> 00:15:50.275
Ишкердик дем - бул өз тагдырыңды жаратуу.

380
00:15:50.315 --> 00:15:52.213
Ошону жүзөгө ашырып, жумуш аркылуу
ийгилик жаратсаңыз,

381
00:15:52.253 --> 00:15:53.555
анда өз бактыңызга да жетесиз.

382
00:15:53.595 --> 00:15:57.646
Бул - негиздөөчүлөрүбүздөн
мурас калган адеп-ахлактык мүдөө.

383
00:15:57.686 --> 00:16:00.363
Алар бул тууралуу
"Жараткан бизге өмүр,

384
00:16:00.403 --> 00:16:02.363
эркиндик жана бакытка умтулуунун
ажыратылгыс укуктарын берди"

385
00:16:02.403 --> 00:16:04.061
деп айтканда...

386
00:16:04.101 --> 00:16:08.119
эмгек аркылуу ийгиликке жетүүнү да
берди деп айтышы мүмкүн болчу.