﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:05.194
[музыка ойноодо]

2
00:00:05.234 --> 00:00:10.984
Мамлекеттик мүлктү кайра эсептөө

3
00:00:12.334 --> 00:00:14.480
Салам, менин атым Куррат,

4
00:00:14.520 --> 00:00:17.224
мен өмүрүмдүн көбүн АКШда өткөрдүм.

5
00:00:17.264 --> 00:00:20.015
Негизи Индиянын Мумбай шаарында төрөлгөм.

6
00:00:20.055 --> 00:00:21.350
Мен 3 жашка чыкканымда,

7
00:00:21.390 --> 00:00:24.751
ата-энем Нью-Йоркко көчүп
кетүүнү чечишкен.

8
00:00:24.791 --> 00:00:27.177
Ошол кезде Индияда турмуш
чынында эле оор болчу

9
00:00:27.217 --> 00:00:29.034
жана алар балдарына жакшы
келечек мүмкүнчүлүгүн

10
00:00:29.074 --> 00:00:30.731
берүүнү эңсешкен.

11
00:00:30.771 --> 00:00:32.521
Ошентип, мен азыр
АКШнын жаранымын

12
00:00:32.561 --> 00:00:34.994
жана бүткүл өмүрүмдө
ушул жерде билим алдым.

13
00:00:35.034 --> 00:00:36.855
[музыка ойноодо]

14
00:00:36.895 --> 00:00:39.537
Оболу Индия жөнүндө
бир аз айтып берейин.

15
00:00:39.577 --> 00:00:42.260
[музыка ойноодо]

16
00:00:42.321 --> 00:00:44.188
Ал жерде көп эл жашайт.

17
00:00:44.228 --> 00:00:47.531
Калкынын саны боюнча дүйнөдө
экинчи орунда турат -

18
00:00:47.571 --> 00:00:50.925
1,2 миллиард киши.

19
00:00:50.965 --> 00:00:55.098
Бүгүнкү күндө Индия дүйнөлүк
кубаттуу өлкөгө айланып баратат.

20
00:00:55.138 --> 00:00:59.755
Бирок өрүш жолу оңой болгон жок.

21
00:00:59.860 --> 00:01:03.593
Ушунчалык зор калктуу өлкөдө
күрөштөр да зор болду.

22
00:01:03.633 --> 00:01:06.821
Азыр миллиондогон балдар
ыңгайлуу шартта жашашса дагы,

23
00:01:06.861 --> 00:01:08.821
миллиондогон кишилер дагы эле

24
00:01:08.861 --> 00:01:12.441
өтө жакырчылыкка баткан.

25
00:01:12.481 --> 00:01:14.441
Бирок технология турмушту
биз бир нече

26
00:01:14.481 --> 00:01:17.868
жыл мурда эч элестете
албагандай нукта өзгөртүүдө.

27
00:01:17.908 --> 00:01:20.990
Досумдун үйүнө унаамды айдап бараткан
кезимде уюлдук телефонумда колдонулчу

28
00:01:21.030 --> 00:01:22.736
ушул эле GPS технологиясы

29
00:01:22.776 --> 00:01:25.352
азыр Индиядагы элеттик
уруу жамааттарынын

30
00:01:25.392 --> 00:01:28.643
турмушун түп-тамырынан
өзгөртүп жатат.

31
00:01:28.683 --> 00:01:32.800
"Дүйнөлүк орун аныктоо системасы"
дегенди туюнтчу GPS - 

32
00:01:32.840 --> 00:01:35.170
бул жандоочуга таянган
багыт системасы;

33
00:01:35.210 --> 00:01:39.131
ал орбиталык 31 жандоочудан турат.

34
00:01:39.171 --> 00:01:41.225
Ар бир жандоочу жогорку
жыштыктагы кубаты аз

35
00:01:41.265 --> 00:01:43.225
радио сигналын жөнөтөт.

36
00:01:43.265 --> 00:01:46.264
GPS аспабыңыз "трилатерация" -
"үч бурч ченеми" деп аталган

37
00:01:46.304 --> 00:01:48.264
жүрүмдү колдонуп, азыр
бул аспап кайда экенин

38
00:01:48.304 --> 00:01:51.300
так аныктоо үчүн жандоочулардан
сигналдар кабыл алат.

39
00:01:51.340 --> 00:01:55.115
Үч бурч ченеми аралыкты өлчөө
жана тегерек, чөйрө же

40
00:01:55.156 --> 00:01:59.052
үч бурчтуктардын геометриясын колдонуу
менен жайгашкан орунду аныктайт.

41
00:01:59.092 --> 00:02:02.615
Сиздин GPS аспабыңыз ар бир
жандоочунун алыстыгын

42
00:02:02.655 --> 00:02:04.428
радио сигналын берүү жана
кабыл алуу убакытын

43
00:02:04.468 --> 00:02:07.570
текшерүү аркылуу өлчөйт.

44
00:02:07.610 --> 00:02:10.943
GPS алгач АКШ аскерлери
үчүн чыгарылган,

45
00:02:10.983 --> 00:02:12.468
бирок 1980-жылдары

46
00:02:12.508 --> 00:02:16.037
ал жалпы коомчулукка
жеткиликтүү кылынган. 

47
00:02:16.077 --> 00:02:20.091
Бүгүн GPS дүйнөнүн бардык
булуң-бурчунда 

48
00:02:20.131 --> 00:02:22.091
эркин колдонулат.

49
00:02:22.131 --> 00:02:24.439
Ал тургай, Индиянын электр жарыгы

50
00:02:24.479 --> 00:02:26.369
же суусу жок элет кыштактары да

51
00:02:26.409 --> 00:02:28.577
жерге болгон менчик
укуктары үчүн күрөштө 

52
00:02:28.617 --> 00:02:30.346
GPS технологиясын
колдонуп келишет.

53
00:02:30.386 --> 00:02:33.706
[музыка ойноодо]

54
00:02:33.763 --> 00:02:37.066
Бул баян Гужарат мамлекеттик
токой коругунда жайгашкан 

55
00:02:37.106 --> 00:02:40.204
Сагай кыштагындагы бир уруунун
окуясын чагылдырат.

56
00:02:40.244 --> 00:02:47.579
[музыка ойноодо]

57
00:02:47.619 --> 00:02:50.338
-Уруулар негизги коомдун
бөлүгүнө кирбейт.

58
00:02:50.378 --> 00:02:52.188
Алар кылымдар бою тоолордо,

59
00:02:52.254 --> 00:02:57.801
чытырман токойлордо
байырлап келишкен.

60
00:02:57.841 --> 00:03:01.810
-Жүздөгөн жылдар бою Улуу Британия
Индияны бийлеп турган

61
00:03:01.850 --> 00:03:05.053
жана чытырманда ким
байырлаганына карабастан,

62
00:03:05.093 --> 00:03:09.434
токойлор өкмөттүн менчиги
болуп эсептелчү.

63
00:03:09.474 --> 00:03:13.807
Индия 1947-жылы британиялыктардан
көз карандысыздыкка ээ болгон,

64
00:03:13.847 --> 00:03:19.490
бирок токойлор жаңы өкмөттүн
карамагына жөн гана өткөрүлүп калган.

65
00:03:19.530 --> 00:03:21.490
-Алардын акыбалы өтө оор болчу,

66
00:03:21.530 --> 00:03:24.019
анткени аларда эч кандай
тиричилик каражаты,

67
00:03:24.059 --> 00:03:26.019
мыйзамдуу жашоо каражаттары
жок болчу.

68
00:03:26.059 --> 00:03:29.823
Тиричилик үчүн эмнени
гана кылышпасын,

69
00:03:29.863 --> 00:03:32.077
бул - кылмыш катары каралган.

70
00:03:32.117 --> 00:03:36.862
Алар өз жеринде ууру
катары эсептелген.

71
00:03:36.902 --> 00:03:39.884
-Кыштактын жергиликтүү
тургундары үй-бүлөсүнө

72
00:03:39.924 --> 00:03:42.142
азык-түлүк камдоо
үчүн өз жерин

73
00:03:42.182 --> 00:03:45.407
мыйзамсыз иштете башташты.

74
00:03:45.447 --> 00:03:48.170
-Айтаарым, алардын мыйзамдуу
укуктары жок болгондуктан,

75
00:03:48.210 --> 00:03:52.703
токой башкармалыгынын жетекчилери
аларды кууп чыгууга далаалаттанышкан

76
00:03:52.743 --> 00:03:55.549
жана кээде кыйноо аргаларын
да колдонушкан.

77
00:03:55.589 --> 00:03:58.501
"Эгерде акча төлөбөсөңөр,

78
00:03:58.541 --> 00:04:00.854
биз бульдозер же трактор жөнөтүп,

79
00:04:00.894 --> 00:04:04.972
эгиндериңерди сүрдүрөбүз" дешкен.

80
00:04:05.012 --> 00:04:08.218
-Элеттиктер жерлерин
жакшыртуудан коркушкан.

81
00:04:08.258 --> 00:04:12.251
Кудук казуу же трактор колдонуу
өтө кооптуу болчу.

82
00:04:12.291 --> 00:04:15.908
Эгерде токой жетекчилери орой мамиле
жасап же пара талап кылса,

83
00:04:15.948 --> 00:04:18.807
алардын арыздана турган
жери жок болчу.

84
00:04:18.847 --> 00:04:20.593
2000-жылдын башында

85
00:04:20.633 --> 00:04:23.777
Индиянын көпчүлүк бөлүгүндөгү
уруулардын турмушу

86
00:04:23.817 --> 00:04:28.861
бул өлкөнүн жакырларыныкына
окшош болчу.

87
00:04:28.901 --> 00:04:31.595
-Биз бир-эки кыштакка барып,

88
00:04:31.635 --> 00:04:34.472
алардын оор абалын көрдүк.

89
00:04:34.512 --> 00:04:38.744
Алардын абалы ачарчылыкка
дээрлик жакын эле.

90
00:04:38.784 --> 00:04:42.984
Алар күнүнө эки жолу да
тамак иче алчу эмес.

91
00:04:43.024 --> 00:04:46.375
Бул кырдаал жакшы эмес болчу.

92
00:04:46.415 --> 00:04:51.277
[музыка ойноодо]

93
00:04:51.317 --> 00:04:56.046
-1991-жылы бүткүл өлкө боюнча
экономикалык реформалар башталганда,

94
00:04:56.086 --> 00:04:58.046
уруу жамааттары жана
алардын жактоочулары

95
00:04:58.086 --> 00:05:01.232
менчик укуктары жөнүндө айтып,

96
00:05:01.272 --> 00:05:06.103
өздөрү жашап жаткан жерлер үчүн
менчиктик доо коё башташты.

97
00:05:06.143 --> 00:05:10.962
2006-жылы өлкө өкмөтү токой укуктары
жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып,

98
00:05:11.002 --> 00:05:13.430
уруулардын салттык
жер тилкелери боюнча

99
00:05:13.470 --> 00:05:17.551
мыйзамдуу укуктарга ээ
болуусуна шарт түзгөн.

100
00:05:17.591 --> 00:05:20.319
Рама Бхай жана анын үй-бүлөсү
Гужарат мамлекеттик

101
00:05:20.359 --> 00:05:24.090
токой коругундагы Сагай
кыштагында турушат.

102
00:05:24.130 --> 00:05:27.909
Рама – дыйкан чарбанын жана
өз кыштагынын уруу башчысы.

103
00:05:28.956 --> 00:05:34.889
-Бара-бара бүт баары 2005-жылга
чейин жер тилкеси мыйзамга ылайык

104
00:05:34.933 --> 00:05:38.847
берилиши мүмкүн деген
жаңы мыйзам жөнүндөгү

105
00:05:38.887 --> 00:05:44.042
жаңылыктан кабардар болушту.

106
00:05:44.192 --> 00:05:45.872
-Бирок тымызын илинчек бар эле.

107
00:05:45.912 --> 00:05:48.432
Жер тилкесине ээ болуу үчүн,

108
00:05:48.472 --> 00:05:49.664
кыштак тургундары

109
00:05:49.704 --> 00:05:52.339
2005-жылдын 31-декабрына чейин

110
00:05:52.379 --> 00:05:56.230
тиешелүү тилкени иштетип келгенин
далилдеши керек болчу.

111
00:05:56.270 --> 00:05:59.247
[музыка ойноодо]

112
00:05:59.287 --> 00:06:00.948
-Бирок бул сыяктуу кырдаалда

113
00:06:00.988 --> 00:06:03.158
кыштактарда ким, качан
жана кантип

114
00:06:03.198 --> 00:06:06.928
жер иштетип жүргөнүн
каттап жүргөн эч ким жок.

115
00:06:06.968 --> 00:06:09.289
Муну кантип далилдейсиз?

116
00:06:12.926 --> 00:06:17.104
-Ар ким өз жеринин картасын түзүп чыкты.

117
00:06:17.144 --> 00:06:19.795
Биз жип менен чек
араларды белгилеп,

118
00:06:19.835 --> 00:06:24.808
карталарды түзүү үчүн
аянтты ченедик.

119
00:06:24.848 --> 00:06:28.365
-Бирок колго чийилген карталар
жетишсиз болуп чыкты.

120
00:06:28.405 --> 00:06:31.645
Өкмөт менчик укугунун
тарыхы тастыкталган

121
00:06:31.685 --> 00:06:37.383
мурдагы өкмөттүк расмий документти
көрсөтүүнү талап кылды.

122
00:06:37.423 --> 00:06:42.135
-Мен арыз менен кайрылганымда,
арызыбыз четке кагылып,

123
00:06:42.175 --> 00:06:45.681
жерибиз үчүн менчик
укугу берилген жок.

124
00:06:45.721 --> 00:06:48.834
Дээрлик бардыгынын арыздары
четке кагылды. 

125
00:06:49.066 --> 00:06:51.627
-Көпкө карагандан кийин өкмөт

126
00:06:51.667 --> 00:06:56.528
арыздардын 10%ын гана жактырды.

127
00:06:56.568 --> 00:07:00.971
Көпчүлүк элеттиктер кайра эле
баягы таз кейпин кийип калышты.

128
00:07:01.011 --> 00:07:03.902
Бирок кийинчерээк алар
жаңы идеяны ойлоп табышты.

129
00:07:03.942 --> 00:07:08.441
Google Earth жандоочусунун
карталарын колдонуп,

130
00:07:08.481 --> 00:07:10.441
кыштактагылар 2006-жылга чейин

131
00:07:10.481 --> 00:07:15.204
тиешелүү жер тилкелерин иштеткенин
далилдей алышы мүмкүн болчу.

132
00:07:15.244 --> 00:07:17.536
-Ошентип, Google Earth
программасындагы

133
00:07:17.576 --> 00:07:24.614
жандоочу тарткан сүрөттөр биз "мүмкүн"
деп ойлогондой бир арга болду.

134
00:07:24.654 --> 00:07:29.238
Программадагы архивдик
сүрөттөр да алынды.

135
00:07:29.278 --> 00:07:32.964
Ошентип, бизде айрым жер тилкелеринин
2002-2004-жылдардагы сүрөттөрү бар,

136
00:07:33.004 --> 00:07:37.770
демек, сиз алардын иштетилиш
тарыхын чагылдыра аласыз.

137
00:07:37.810 --> 00:07:42.113
Демек, 2005-жылы сиз токойду көрсөңүз,
анда анын токой болгонун билесиз.

138
00:07:42.153 --> 00:07:45.852
Эгер ал ачык талаа болсо,
аныгын сүрөттөн көрө аласыз.

139
00:07:45.892 --> 00:07:47.313
Эгерде сиз ошол чек
араны көрсөңүз,

140
00:07:47.353 --> 00:07:49.637
анда бул тилкенин
ээси дыйканчылык

141
00:07:49.677 --> 00:07:52.287
кылып жүргөнүн танууга
эч негиз жок.

142
00:07:52.327 --> 00:07:54.619
Ошентип, жандоочу тарткан сүрөттөр

143
00:07:54.659 --> 00:07:58.110
тана алгыс далил болуп берди.

144
00:07:59.669 --> 00:08:04.347
-Кийинки өзгөчө олуттуу кадам
жандоочунун сүрөттөрүнүн үстүнө

145
00:08:04.387 --> 00:08:07.811
түшүрүлчү чек ара карталарын
таасын түзүү болду.

146
00:08:07.851 --> 00:08:11.494
Кенедей, колго көтөрүлчү GPS
бирдиктери буга мүмкүндүк берди. 

147
00:08:11.534 --> 00:08:18.311
-Сиз аны иштетип, жандоочунун
сигналын аласыз да,

148
00:08:18.351 --> 00:08:26.886
картага түшүргүңүз келген талааны
периметри боюнча айланып өтөсүз.

149
00:08:26.926 --> 00:08:31.124
Анан маалыматты компьютерге
өткөрсөңүз,

150
00:08:31.164 --> 00:08:34.969
сүрөттөгү жер тилкесинин
чегин көрө аласыз да,

151
00:08:35.009 --> 00:08:39.081
бул чек кайсы жакка
уланганын билесиз.

152
00:08:39.121 --> 00:08:42.954
-2005-жылкы сүрөттөрдөн сиз
тиешелүү тилкенин

153
00:08:42.994 --> 00:08:45.438
ошондогу абалын: токой болгонун же

154
00:08:45.478 --> 00:08:48.765
иштетилген жер тилкеси болгонун
көрө аласыз.

155
00:08:48.805 --> 00:08:50.939
Сиз муну оңой-олтоң көрө аласыз.

156
00:08:50.989 --> 00:08:53.609
-Ошентип, айылдагы уруу өкүлдөрүнүн
колунда эми өз арыздарын

157
00:08:53.649 --> 00:08:58.141
тапшыруу үчүн зарыл болгон
ачык карталар пайда болду.

158
00:08:58.181 --> 00:09:00.610
Эми GPS карталарынын
жардамы менен

159
00:09:00.650 --> 00:09:04.444
алардын арыздарынын дээрлик
90%ы жактырылды.

160
00:09:04.484 --> 00:09:08.982
[музыка ойноодо]

161
00:09:09.022 --> 00:09:12.922
-Бул технология чынында
эле сонун белек болду.

162
00:09:12.962 --> 00:09:15.711
Эгерде мыйзам 10-20 жыл
мурда кабыл алынса,

163
00:09:15.751 --> 00:09:17.449
анда бул технология жок кез болчу.

164
00:09:17.489 --> 00:09:20.392
Анда өз менчик укугун далилдөө
жана мыйзамды киргизүүгө

165
00:09:20.432 --> 00:09:22.392
көмөктөшүү үчүн элге
күрөшүүгө туура келмек.

166
00:09:22.432 --> 00:09:30.119
[музыка ойноодо]

167
00:09:30.159 --> 00:09:33.486
-Эми алар мүлк басып алуучулар эмес.

168
00:09:33.526 --> 00:09:36.200
Алар эми кылмышкерлер эмес.

169
00:09:36.240 --> 00:09:42.113
Бул кишилер азыр бул жердин
ээси экенине өзгөчө ишенишет.

170
00:09:42.153 --> 00:09:47.909
Эми бул окуя башка да көп сандаган
демилгелердин түрмөгүн жаратты.

171
00:09:50.676 --> 00:09:57.067
-Бул азыр менин жерим жана
мен өзүмдү өтө бактылуу сезем.

172
00:10:00.060 --> 00:10:05.671
Мен жерди өзүм айдап, өзүм иштетем.

173
00:10:05.711 --> 00:10:11.820
Мен талыкпай мээнет кылам жана
жеримди эч качан сатпайм.

174
00:10:12.564 --> 00:10:16.292
Жантайыңкы жагына манго

175
00:10:16.332 --> 00:10:22.008
жана башка мөмө көчөттөрүн
тигүүгө беленденип жатам.

176
00:10:22.048 --> 00:10:25.725
-Токой башкармалыгына караган
кезеңде толук кыйылган токойлор

177
00:10:25.765 --> 00:10:29.695
эми кыштак тургундарынын күчү
менен кайра тигилип жатат.

178
00:10:29.735 --> 00:10:39.478
[музыка ойноодо]

179
00:10:41.078 --> 00:10:47.808
-Мурда токой башкармалыгы бизге кудук
казууга уруксат берчү эмес,

180
00:10:47.848 --> 00:10:51.541
анткени жер тилкеси биздин
менчигибизде эмес эле.

181
00:10:51.581 --> 00:10:57.237
Эми ал биздин менчигибиз.

182
00:10:57.277 --> 00:10:59.818
Мен оболу чакан кудук казганмын,

183
00:10:59.858 --> 00:11:03.676
азыр болсо 8-9 үй-бүлө бул
кудукту чогуу казып жатабыз.

184
00:11:03.716 --> 00:11:09.778
Биз азыр көбүрөөк суу алуу үчүн
чоңураак кудук казуудабыз.

185
00:11:09.907 --> 00:11:22.285
[музыка ойноодо]

186
00:11:22.325 --> 00:11:27.044
-10 жылдан кийин абал кескин өзгөрдү.

187
00:11:27.084 --> 00:11:33.908
Ата-энелердин көпчүлүгү азыр балдарын
жакшы мектептерге берүүнү каалашат,

188
00:11:33.948 --> 00:11:36.315
мунун өзү - олуттуу өзгөрүү.

189
00:11:36.355 --> 00:11:44.051
Алар кыздарынын билим алуусуна да абдан
көп рупий акчаларын жумшап келишет.

190
00:11:44.091 --> 00:11:48.086
-Демек, эми алар муну андан ары
өркүндөтүп, узак мөөнөттүү 

191
00:11:48.126 --> 00:11:53.394
инвестиция салууну жана ушул
сыяктуулардын баарын пландай алышат.

192
00:11:53.434 --> 00:11:55.642
Көңүлдөгү мыкты сезим ушул -

193
00:11:55.682 --> 00:11:59.791
биз эми кадырмандыкта жашай алабыз,

194
00:11:59.831 --> 00:12:03.494
урмат-сыйга ээбиз, анткени биз эми
мүлккө кол салуучулардан эмеспиз,

195
00:12:03.534 --> 00:12:06.038
биз эми мыйзам бузуучуларга жатпайбыз.

196
00:12:06.078 --> 00:12:08.583
Ошентип, биз бул жерди
иштетип жатканда,

197
00:12:08.623 --> 00:12:14.870
башыбызды бийик көтөрүп
аны иштете алабыз.

198
00:12:15.301 --> 00:12:18.352
-Алар алгачкы жолу
өздөрүн демократиялык

199
00:12:18.392 --> 00:12:22.272
өлкөнүн чыныгы жарандары
катары сезишти.

200
00:12:22.312 --> 00:12:27.021
Алар өкмөттүк мекемелерге кайрылганда,
урмат-сыйды сезишет.

201
00:12:27.210 --> 00:12:29.032
Билесизби, алар дагы эле жакыр,

202
00:12:29.072 --> 00:12:30.930
алардын заттык абалы көп
деле өзгөргөн жок;

203
00:12:30.970 --> 00:12:34.001
сиз мында өнөр жайларды же чоң
капиталдык салымдарды көрбөйсүз,

204
00:12:34.041 --> 00:12:39.440
бирок сыймыктануу жана кадыр-барк
сезими аларга өмүр бою жетет.

205
00:12:39.491 --> 00:12:54.109
[музыка ойноодо]

206
00:12:54.149 --> 00:12:57.290
-Биз Google карталарын же GPS
аспабын азыркы автоунаалардын

207
00:12:57.330 --> 00:13:00.328
көбүндө бар жөнөкөй нерсе
деп ойлошубуз мүмкүн.

208
00:13:00.368 --> 00:13:02.891
Бирок Индиянын Сагай
айылынын калкы үчүн

209
00:13:02.931 --> 00:13:06.234
GPS технологиясы алардын
турмушун өзгөрткүч болду!

210
00:13:06.274 --> 00:13:10.631
Көптөгөн муундар бою жерсиз жана
бечара турмуш кечирип келген кишилер

211
00:13:10.671 --> 00:13:13.019
эми өз келечегин өздөрү
аныктай алышат. 

212
00:13:13.059 --> 00:13:15.019
Эң башкысы – мүлккө ээлик;

213
00:13:15.059 --> 00:13:18.390
жер эми - өздөрүнүкү,
алар казган кудук - өздөрүнүкү

214
00:13:18.430 --> 00:13:21.218
жана алардын менчиги
мыйзам менен корголот.

215
00:13:21.258 --> 00:13:23.775
Бул – менчик укугунун кубаты.

216
00:13:23.815 --> 00:13:27.266
Эгер сиз менчик ээси болсоңуз,
анда ал үчүн кам көрөсүз.

217
00:13:27.306 --> 00:13:30.784
Ошентип, келээрки жолу кайсы бир жакта
жүрүп, уюлдук телефонуңузду колдонуп,

218
00:13:30.824 --> 00:13:34.444
багытыңызды тактаганда, бул технология
Индиянын бир уруу жамаатына илгертеден

219
00:13:34.484 --> 00:13:37.310
байырлаган жерлерине ээлик кылууларына
көмөкчү болгонун ойлонуп көрсөңүз.

220
00:13:37.350 --> 00:13:40.096
Ал жерлер мурдагыга караганда
кантип этияттыкта жана

221
00:13:40.136 --> 00:13:43.093
экологиялык жактан тазараак иштетилип
жатканына ой калчасаңыз.

222
00:13:43.133 --> 00:13:45.093
Бул жер андан пайда көрүүдө.

223
00:13:45.133 --> 00:13:47.814
Индиянын эли да ошондой.

224
00:13:47.854 --> 00:14:01.943
[музыка ойноодо]

