﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:02.639
Америка Кошмо Штаттарында же
дүйнөнүн каалаган жеринде

2
00:00:02.679 --> 00:00:05.214
инфляциянын болушунун себеби -

3
00:00:05.254 --> 00:00:07.503
кагаздардын жана

4
00:00:07.543 --> 00:00:09.503
аларды коштогон эсептердин

5
00:00:09.543 --> 00:00:11.730
же башка элдердеги
алардын аналогдорунун

6
00:00:11.770 --> 00:00:13.248
өндүрүлгөн товарлардын жана

7
00:00:13.288 --> 00:00:17.152
кызматтардын санына караганда
тезирээк өсүшү.

8
00:00:17.192 --> 00:00:22.588
Чындыгында, инфляция бир жерде,
бир гана жерде жасалат.

9
00:00:22.628 --> 00:00:24.044
Бул жерде, Вашингтондо.

10
00:00:24.084 --> 00:00:26.525
Биз акча деп атаган кагаздарды

11
00:00:26.565 --> 00:00:29.694
чыгаруучу станоктор
ушул жерде гана бар. 

12
00:00:29.734 --> 00:00:31.963
Бул - акчанын көлөмү канчалык

13
00:00:32.003 --> 00:00:35.338
тез көбөйүшү керектигин чечүүчү
бийлик турган жер.

14
00:00:35.378 --> 00:00:56.902
[басуучу станоктордун катуу үнү]

15
00:00:56.948 --> 00:00:59.691
Ызы-чуунун баары кайда кетти?

16
00:00:59.731 --> 00:01:01.887
Эгерде биз акчанын көлөмүн

17
00:01:01.927 --> 00:01:05.680
тездик менен өстүрүүнү токтотсок,
инфляция ушундай болот.

18
00:01:05.720 --> 00:01:07.542
Бул - жаңы идея эмес.

19
00:01:07.582 --> 00:01:09.490
Бул - жаңы дары эмес.
Бул - жаңы көйгөй эмес.

20
00:01:09.530 --> 00:01:12.063
Бул көрүнүш тарыхта кайра-кайра
орун алып келди.

21
00:01:12.103 --> 00:01:15.219
Кээде инфляцияны атайын ушундай
жол менен жок кылышкан.

22
00:01:15.259 --> 00:01:17.792
Кээде ал кокусунан болуп калат.

23
00:01:17.832 --> 00:01:19.647
Жарандык согуш маалында,
анын соңку баскычында,

24
00:01:19.687 --> 00:01:22.136
түндүктүктөр түштүктүктөрдүн

25
00:01:22.176 --> 00:01:24.486
акча басып чыгарган,

26
00:01:24.526 --> 00:01:27.128
тигил түрмөктөлгөн
кагаздарды чыгарган

27
00:01:27.168 --> 00:01:30.841
станоктору жайгашкан
шаарын басып алышкан.

28
00:01:30.881 --> 00:01:34.672
Ага чейин түштүктө инфляция
өтө жогору болгон.

29
00:01:34.712 --> 00:01:38.282
Эгерде жаңылбасам,
ал айына 4%дай болгон.

30
00:01:38.322 --> 00:01:42.163
Конфедерацияга басма
станокторун орнотуп,

31
00:01:42.203 --> 00:01:44.031
кайра иштете турган
жаңы жерди табуу үчүн

32
00:01:44.071 --> 00:01:46.031
2 жумадан ашык убакыт
талап кылынган.

33
00:01:46.071 --> 00:01:51.101
Ошол 2 апталык мезгилде инфляция
убактылуу токтоп калган.

34
00:01:51.141 --> 00:01:54.935
2 апталык мөөнөттөн кийин станоктор
кайра иштей баштаганда,

35
00:01:54.975 --> 00:01:57.038
инфляция кайра көтөрүлө баштаган.

36
00:01:57.078 --> 00:02:01.812
Баары ушунчалык жөнөкөй
жана айдан ачык.

37
00:02:01.852 --> 00:02:04.663
Жакында эле инфляция менен
күрөшүүнүн бирден-бир

38
00:02:04.703 --> 00:02:07.753
натыйжалуу жолун көрсөткөн
дагы бир укмуштуудай окуя болду.

39
00:02:07.793 --> 00:02:11.287
[кыйкырган калайык]

40
00:02:11.327 --> 00:02:15.062
1973-жылы базарга барган
жапониялык үй кожойкелери

41
00:02:15.102 --> 00:02:18.511
жагымсыз фактыга туш болушту.

42
00:02:18.551 --> 00:02:23.892
Алардын капчыктарындагы накталай акчалар
өз наркын жоготуп бараткандай туюлду.

43
00:02:23.932 --> 00:02:25.892
Инфляциянын балакети тууралуу

44
00:02:25.932 --> 00:02:31.505
айың кептер күчөп жайылганда,
баалар кымбаттай баштады.

45
00:02:31.545 --> 00:02:33.666
[көчөдөгү унаанын ызы-чуусу]

46
00:02:33.706 --> 00:02:36.108
Жапон өкмөтү эмне кылыш
керектигин билген.

47
00:02:36.148 --> 00:02:38.873
Анын үстүнө, алар буга даяр болчу.

48
00:02:38.913 --> 00:02:41.873
Баары бүткөндөн кийин,
экономисттер

49
00:02:41.913 --> 00:02:44.340
эмне окуя болгонун так
аныктай алышкан.

50
00:02:44.380 --> 00:02:48.937
1971-жылы акчанын көлөмү
алда канча ылдам өсө баштаган.

51
00:02:48.977 --> 00:02:52.583
Адаттагыдай эле, инфляцияга бир топ
убакытка чейин таасирин тийгизген жок.

52
00:02:52.623 --> 00:02:55.951
1972-жылдын аягында ал билине баштаган.

53
00:02:55.991 --> 00:02:59.169
1973-жылдын башында өкмөт
жооп кайтарган.

54
00:02:59.209 --> 00:03:01.404
Ал акчанын көлөмүнүн
өсүшүн чектей баштаган,

55
00:03:01.444 --> 00:03:04.595
бирок инфляция бир топ
убакытка чейин улана берген.

56
00:03:04.635 --> 00:03:09.156
Чаралардын кечигишинен улам 1973-жыл -
рецессиянын абдан катаал жылы болгон.

57
00:03:09.196 --> 00:03:11.857
Өкмөт акчанын көлөмүнүн
өсүшүн кармап турууга

58
00:03:11.897 --> 00:03:17.130
чечкиндүүлүгүн көрсөткөндө гана
инфляция төмөндөгөн.

59
00:03:17.170 --> 00:03:23.191
Инфляцияны жеңүү үчүн
5 жыл керек болду.

60
00:03:23.231 --> 00:03:25.758
Жапония салыштырмалуу
туруктуулукка жетишти.

61
00:03:25.798 --> 00:03:30.137
Тилекке каршы, жапондор төмөн
инфляцияга жана бакубат экономикага

62
00:03:30.177 --> 00:03:33.378
ээ боло электе басып
өтүүгө туура келген

63
00:03:33.418 --> 00:03:36.618
татаал жолдон качуу
мүмкүн эмес эле. 

64
00:03:36.658 --> 00:03:39.896
Биринчиден, алар жай монетардык өсүш
инфляцияга кийинки

65
00:03:39.936 --> 00:03:44.993
таасирин тийгизгенге чейин рецессияны
башынан өткөрүшү керек болду.

66
00:03:45.033 --> 00:03:47.765
Инфляция - алкоголизм сыяктуу.

67
00:03:47.805 --> 00:03:50.739
Эки учурда тең, сиз иче баштаганда

68
00:03:50.779 --> 00:03:52.739
же өтө көп акча баса баштаганда,

69
00:03:52.779 --> 00:03:57.061
оболу анын жагымдуу таасирине кабыласыз.
Анын кесепеттери кийин гана пайда болот.

70
00:03:57.101 --> 00:04:01.305
Мына ошондуктан эки учурда
тең ичкен сайын ичкиң,

71
00:04:01.345 --> 00:04:04.543
акча баскан сайын көп басып
чыгаргың келе берет.

72
00:04:04.583 --> 00:04:07.409
Ал эми көйгөйдү чечүүгө келгенде,
тескерисинче болот.

73
00:04:07.449 --> 00:04:10.637
Ичүүнү токтотконуңузда же акча
басып чыгарууну токтотконуңузда,

74
00:04:10.677 --> 00:04:14.710
мунун кесепети сизге биринчи тийип,
жакшы таасирлери кийин гана пайда болот.

75
00:04:14.750 --> 00:04:18.181
Ошондуктан белгиленген жолдон
тайбоо - ушунчалык оор.

