﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:06.597
[музыка ойноодо]

2
00:00:06.597 --> 00:00:08.448
Чектелген өкмөттүк башкаруу

3
00:00:08.488 --> 00:00:10.448
Өкмөт эмнеге кам көрүшү керек?

4
00:00:10.488 --> 00:00:16.355
Баалар, эмгек акылар, коомдук унаа, 
парктар, жаныбарлар.

5
00:00:16.395 --> 00:00:18.985
Өкмөт ар кандай татаал көйгөйлөр 
менен алектенүүгө тийиш. 

6
00:00:19.025 --> 00:00:21.332
Эгерде кимдир бирөө жооптуу болуп, 
бардыгы өз тартиби менен кетишине 

7
00:00:21.372 --> 00:00:23.999
кам көрбөсө, анда таптакыр 
башаламандык болмок. 

8
00:00:24.039 --> 00:00:28.620
Туурабы, балдар? Туурабы?! 
Жок, жок! 

9
00:00:28.660 --> 00:00:32.286
Өкмөттүн идеалдуу ролун үч жөнөкөй, 

10
00:00:32.326 --> 00:00:34.286
бирок түшүнүктүү ой 
менен чагылдырса болот: 

11
00:00:34.326 --> 00:00:38.178
өмүрдү, эркиндикти жана менчикти коргоо. 

12
00:00:38.218 --> 00:00:41.349
Эми бул консервативдүү 
идея сыяктуу угулушу мүмкүн, 

13
00:00:41.389 --> 00:00:43.090
бирок өкмөттүн коомдогу ролун чектөө үчүн 

14
00:00:43.130 --> 00:00:46.175
чынында олуттуу себептер бар.

15
00:00:46.215 --> 00:00:50.192
Биринчиден, саясатчылар менен 
аткаминерлердин өз жарандары жөнүндө

16
00:00:50.232 --> 00:00:54.103
билгендери же биле турган 
нерселери - чектелүү.

17
00:00:54.143 --> 00:00:57.217
Алар дурус ниетте болгон чакта да, 
өз жарандары эмнени каалаарын

18
00:00:57.257 --> 00:00:59.333
же талап кылаарын начар таразалашат. 

19
00:00:59.373 --> 00:01:01.637
Жеке жарандар, экинчи жагынан, 

20
00:01:01.677 --> 00:01:03.969
өздөрүнө эмне керектигин 
мыкты таразалашат. 

21
00:01:04.009 --> 00:01:08.271
Ошондой эле алар башка 
жарандарга ошол нерселерди 

22
00:01:08.311 --> 00:01:12.074
камсыздап берүүнүн натыйжалуу 
жолдорун мыкты табышат. 

23
00:01:12.114 --> 00:01:13.586
Кулакка тааныш угулуп жатабы? 

24
00:01:13.626 --> 00:01:17.157
Бул башаламан тартип – 
кишинин аракетинин мөмөсү,

25
00:01:17.197 --> 00:01:19.414
бирок кишинин атайын 
долбоорунун мөмөсү эмес. 

26
00:01:19.454 --> 00:01:22.841
Чектелген өкмөттүк башкаруу менен 
башаламан тартип идеясы 

27
00:01:22.881 --> 00:01:24.404
бири-биринен ажырагыс. 

28
00:01:24.444 --> 00:01:25.857
Жеке кишилер эч кимдин кийлигишүүсүз 

29
00:01:25.897 --> 00:01:28.624
өз кызыкчылыгын көздөөгө эркин 
болгондо, алар өтө билимдүү, 

30
00:01:28.664 --> 00:01:31.705
эң жакшы ниеттеги өкмөттүк кызматкерге 
караганда, байлык менен бакыбаттыкты 

31
00:01:31.745 --> 00:01:35.968
жаратууда алда канча жогорку 
мүмкүнчүлүккө ээ болоору бышык. 

32
00:01:36.008 --> 00:01:38.739
Бирок чектелген өкмөттүк башкаруу 
кишилердин көксөөсү менен муктаждыктарын 

33
00:01:38.779 --> 00:01:41.918
жакшыраак канааттандыруу 
үчүн эле кызмат кылбайт. 

34
00:01:41.958 --> 00:01:45.129
Өкмөттүк башкаруу чектери 
бузулса эмне болот?

35
00:01:45.169 --> 00:01:47.710
Өкмөт бийлигинин көлөмү 
жана өлчөмү өскөндө, 

36
00:01:47.750 --> 00:01:50.239
жеке укуктардын мааниси азайып калат. 

37
00:01:50.279 --> 00:01:52.881
Өкмөт баштапкы чектеринен өсүп чыгып, 

38
00:01:52.921 --> 00:01:56.016
жалпы жыргалчылык үчүн эмне кылыш керек 
экенин таңуулай баштаган чакта, 

39
00:01:56.056 --> 00:01:59.391
ал ар бир кишинин муктаждыктарын 
жана эңсөөлөрүн 

40
00:01:59.431 --> 00:02:02.103
эске ала албай калат.

41
00:02:02.143 --> 00:02:06.657
Тескерисинче, чечимдер көпчүлүктүн 
кызыкчылыгы делгенге жараша кабыл алынат. 

42
00:02:06.697 --> 00:02:11.588
Натыйжада индивидуализм жамааттык 
ой жүгүртүүгө баш ийет. 

43
00:02:11.628 --> 00:02:15.189
Эми сиз өзүңүзгө жалпы жыргалчылык 

44
00:02:15.229 --> 00:02:16.699
же жакшыраак жалпы жыргалчылык үчүн

45
00:02:16.739 --> 00:02:19.927
жеке укуктарды курмандыкка 
чалса болот деп айтышыңыз мүмкүн, 

46
00:02:19.967 --> 00:02:24.037
бирок чындык ушунда: көпчүлүк учурларда 
өкмөттүн жетегиндеги чечимдер 

47
00:02:24.077 --> 00:02:27.572
чоңураак сандагы топ делгендин 
кызыкчылыгына төп кабыл алына беришпейт. 

48
00:02:27.612 --> 00:02:30.584
Тескерисинче өкмөт көбүнчө эң жигердүү 

49
00:02:30.624 --> 00:02:33.836
жана таасирдүү топтордун 
кызыкчылыгы үчүн иштейт. 

50
00:02:33.876 --> 00:02:37.541
Кеңейип бараткан, эбейгейсиз 
зор жана кубаттуу өкмөт

51
00:02:37.581 --> 00:02:41.616
карапайым калкка эмес, амалдуу, 
ишкерликте демилгелүү

52
00:02:41.656 --> 00:02:43.923
жана акчалуу азганактай 
топко пайда алып келет. 

53
00:02:43.963 --> 00:02:48.535
Улам кубаттанган өкмөттүн 
деңгээлинде кабыл алынчу 

54
00:02:48.575 --> 00:02:52.218
ар бир жаңы эреже - азганактай уюшкан 
топ үчүн коомубуздун калган бөлүгүнүн 

55
00:02:52.258 --> 00:02:56.518
эсебинен өзгөчө артыкчылыктарды 
ыйгаруунун жаңы мүмкүнчүлүгү.

56
00:02:56.558 --> 00:03:01.021
Мисалы, эбегейсиз зор болгон жана 
майнапсыздыктан көлөмү  

57
00:03:01.061 --> 00:03:05.129
aсактап турчу банктар "биздин 
тармагыбыз - өзгөчө коргоого муктаж, 

58
00:03:05.169 --> 00:03:08.146
мүшкүлгө дуушар болгондо, 
баарыбыз чогуу төлөшүбүз керек"

59
00:03:08.186 --> 00:03:09.447
деп саясатчыларды жана 

60
00:03:09.487 --> 00:03:12.029
өкмөттүк жөнгө салуучуларды 
жибитип ынандыра алышат. 

61
00:03:12.069 --> 00:03:16.438
Чынында алардын иши жүрүп турганда,   
коом алардан пайда деле көрбөйт. 

62
00:03:16.478 --> 00:03:19.256
Бирок биз өкмөттүн 
бийлигин кантип чектейбиз? 

63
00:03:19.296 --> 00:03:23.075
Азыркы мезгилде өлкөлөрдүн баш мыйзамдары 
өкмөттөр аткарууга укуктуу 

64
00:03:23.115 --> 00:03:26.542
жана укуксуз болчу нерселерге 
олуттуу чек коюшат. 

65
00:03:26.582 --> 00:03:30.698
Өкмөттүк башкаруу чектелген 
башмыйзамдарда өкмөттүн ролу 

66
00:03:30.738 --> 00:03:33.520
жана өлчөмү бийликтегилер тарабынан 
өзүм билемдик менен чечилбейт. 

67
00:03:33.560 --> 00:03:36.079
Тескерисинче, мында өкмөттүн 

68
00:03:36.119 --> 00:03:37.939
ыйгарым укуктары башмыйзамдагы

69
00:03:37.979 --> 00:03:41.629
атайын беренелер менен чектелет.

70
00:03:41.669 --> 00:03:45.428
Көптөгөн заманбап конституциялар 
мамлекеттик бийликти

71
00:03:45.468 --> 00:03:47.618
айырмалуу үч бутакка бөлөт, 

72
00:03:47.658 --> 00:03:51.949
андыктан бир дагы бутак калган 
экөөнөн күчтүү боло албайт. 

73
00:03:51.989 --> 00:03:54.674
Эгерде президент көбүрөөк бийликке 
ээ болууга далаалат кылса,

74
00:03:54.714 --> 00:03:59.160
ал муну бийликти мыйзамчылардан 
тартып алуу менен жасашы керек, 

75
00:03:59.200 --> 00:04:00.836
жана тескерисинче болот. 

76
00:04:00.876 --> 00:04:05.026
Өкмөттөрдүн иш чөйрөсү чектелүү 
болгондо, кишилер өнүгүп-өсөт,

77
00:04:05.068 --> 00:04:09.686
алар өздөрү туш болгон көйгөйлөрдү 
башаламан тартип аркылуу

78
00:04:09.726 --> 00:04:12.154
аныктап, чече алышат. 

79
00:04:12.194 --> 00:04:15.666
Өкмөттөр көп учурларда коомдук 
жыргалчылыкты бийиктетүүгө аракеттенишет, 

80
00:04:15.706 --> 00:04:18.180
бирок бийликтер бир чордонго топтолуп, 

81
00:04:18.220 --> 00:04:20.180
ал эми жарандар кеңири жайылгандыктан, 

82
00:04:20.220 --> 00:04:22.529
өкмөттүк жөнгө салуучулар жана 
саясатчылар өз чөйрөсүнө

83
00:04:22.569 --> 00:04:27.022
жакындарга көмөктөшүүгө көбүрөөк ыкташат. 

84
00:04:27.062 --> 00:04:28.544
Өкмөттүн нагыз ролу - бул 

85
00:04:28.584 --> 00:04:31.211
кишилердин зыяндан эркин болуусуна, 
кишилердин колундагы мүлкүн коргоого 

86
00:04:31.251 --> 00:04:34.118
жана башкалардын 
кийлигишүүсүнөн сактоого 

87
00:04:34.158 --> 00:04:38.784
мүмкүндүк берчү негизги 
алкакты камсыз кылуу. 

88
00:04:38.824 --> 00:04:41.776
Көп учурларда буга кам 
көрүүнүн мыкты жолу -

89
00:04:41.816 --> 00:04:45.473
бийликтеги эч бир бутак өтө 
кубаттуу болуп кетпеши үчүн 

90
00:04:45.513 --> 00:04:49.049
өкмөттүн ичинде текшерүү менен 
тең салмактуулукту орнотуу. 

91
00:04:49.089 --> 00:04:53.405
Демек, тыянактасак, башаламан тартип 

92
00:04:53.445 --> 00:04:56.095
өкмөт жолго бөгөт чыкпаганда 
гана орун алат. 

93
00:04:56.135 --> 00:04:59.115
Өкмөт коомдук көйгөйлөрдү 
чечүүгө далаалаттанган чакта,

94
00:04:59.155 --> 00:05:01.679
жеке кишилер эле утулбайт, 

95
00:05:01.719 --> 00:05:04.378
биз баарыбыз өзгөчө кызыкчылыктарыбыздан
кол жууйбуз.

96
00:05:04.418 --> 00:05:08.895
Ал эми өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарын 
чектөө жана ал ыйгарым укуктарга 

97
00:05:08.935 --> 00:05:11.961
текшерүүлөрдү орнотуу менен чектелиши 
мүмкүн жана чектелиши керек.

98
00:05:12.001 --> 00:05:19.142
[музыка ойноодо]

