WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:03.071
[музыка ойноодо]

2
00:00:03.110 --> 00:00:04.703
Тангайл, Бангладеш

3
00:00:04.703 --> 00:00:08.097
-Жөти Мон Каан алгачкы насыя
алуучулардын бири болгон.

4
00:00:08.097 --> 00:00:13.160
1979-жылдын декабрында ал биринчи жолу
ал сыяктуу жакыр аялдарга да

5
00:00:13.160 --> 00:00:16.430
насыя бере турган бул
жаңы уюм тууралуу уккан. 

6
00:00:16.916 --> 00:00:19.524
Бүгүн ал айырмалуу эски
турмушуна кылчайып, 

7
00:00:19.524 --> 00:00:23.801
ар күнү баш паанек табуу үчүн
алпурушуп жүргөнүн эстейт.

8
00:00:23.801 --> 00:00:28.431
-Менин үйүм самандан эле,
чатыры да саман болчу. 

9
00:00:29.101 --> 00:00:36.913
Жамгыр жааганда, баары
сууга чыланып калчу. 

10
00:00:37.318 --> 00:00:42.371
Мен балдарымды суу тийбесин
деп жаап койчумун.

11
00:00:42.715 --> 00:00:49.476
Чатырды бака жалбырак менен
кошумча жаап да көрдүм.

12
00:00:49.800 --> 00:00:53.458
-Ал 1962-жылы 10 жашында
турмушка чыгып, 

13
00:00:53.458 --> 00:00:56.211
15 жашында биринчи
чүрпөсүн көргөн.

14
00:00:56.474 --> 00:00:58.885
Күйөөсү талаада
жалданып иштеп, 

15
00:00:58.885 --> 00:01:01.187
эмгек акысы күнүнө
20 центке жетчү эмес.

16
00:01:01.187 --> 00:01:04.371
Демек, жетиштүү тамак табуу
дайыма азаптуу күрөш болчу. 

17
00:01:04.837 --> 00:01:08.241
Ошол учурларды айтып берүү -
ал үчүн бир топ оор.

18
00:01:08.848 --> 00:01:10.848
-Ошол кездерди эч унутпайм.

19
00:01:10.848 --> 00:01:13.321
Мен ар дайым Кудай берет деп ишенчүмүн,
бирок биз күтө бердик.

20
00:01:13.645 --> 00:01:16.236
Балдарым ачкадан өлөйүн деп жатышкан.

21
00:01:16.236 --> 00:01:20.088
Кечиресиз, мен бул жөнүндө айта албайм...

22
00:01:21.604 --> 00:01:25.104
Жашоомдо канчалык күрөшкөнүмдү
айтып берүү оор. 

23
00:01:28.120 --> 00:01:31.547
Бул тууралуу сүйлөшүү да оор.

24
00:01:31.992 --> 00:01:36.511
Бирок азыр Кудай берди.

25
00:01:38.616 --> 00:01:41.068
Менде мындай кийим болчу эмес.
Менин бир эле көйнөгүм бар эле.

26
00:01:41.068 --> 00:01:43.687
Мен анын бир жагын жууп,
ным бойдон кийчүмүн, 

27
00:01:43.687 --> 00:01:46.584
анан экинчи жагын жууп алчумун.

28
00:01:47.414 --> 00:01:51.167
Эми, Кудайдын ырайымы менен,
бир далай кийимим бар.

29
00:01:51.936 --> 00:01:54.642
Дагы эмне айта алам?

30
00:01:58.002 --> 00:02:00.330
-1980-жылдын январында

31
00:02:00.330 --> 00:02:04.431
Жөти Мон биринчи насыяны
толкундануу менен алды.

32
00:02:04.998 --> 00:02:09.513
Ал 600 така же 10 долларга
жакын акча болчу. 

33
00:02:09.837 --> 00:02:12.229
Ага күрүч кургаткыч сатып алып,

34
00:02:12.229 --> 00:02:15.607
күрүчтү кабыгынан тазалап, жергиликтүү
соодагерлерге сата баштады. 

35
00:02:15.992 --> 00:02:20.347
Кийинки жылы ал апта сайын насыя
төлөө үчүн көп мээнет кылды. 

36
00:02:20.590 --> 00:02:25.220
Жөти Мон ошол насыянын акыркы үлүшүн
1981-жылдын 1-январында төлөгөн.

37
00:02:25.524 --> 00:02:27.524
Өмүрүндө биринчи жолу ал 

38
00:02:27.524 --> 00:02:30.411
үй-бүлөсү менен 3 маал
тамактанып калган.

39
00:02:31.342 --> 00:02:34.199
-Оболу насыя алуудан корктум.

40
00:02:34.199 --> 00:02:36.341
Кишилер мага эгерде
кайра төлөбөсөм,

41
00:02:36.341 --> 00:02:40.900
банк өкүлдөрү мени акча үчүн
өлтүрүп коюшат дешти.

42
00:02:41.193 --> 00:02:43.539
Ошентип, ооба, аябай корктум.

43
00:02:44.288 --> 00:02:47.979
Бирок акыры ошол биринчи 600 така
акчаны кайтарып бергенимде,

44
00:02:47.979 --> 00:02:50.983
өзүмдү каарман сездим. Анан
көбүрөөк акча сурадым!

45
00:02:51.570 --> 00:02:54.384
Андан соң 2000 така сурадым.

46
00:02:55.983 --> 00:02:58.244
-Жөти Мон акыркы
25 жылдын ичинде

47
00:02:58.244 --> 00:03:01.376
чоңураак насыяларды
ийгиликтүү алып,

48
00:03:01.376 --> 00:03:05.083
ар башка долбоорлор аркылуу
кайра кайтарып жүрдү.

49
00:03:05.285 --> 00:03:07.771
Анын бардык долбоорлору
ойдогудай болбогону менен,

50
00:03:07.771 --> 00:03:10.266
ал үй-бүлө мурдагыдай
мүшкүлгө кабылбагандай 

51
00:03:10.266 --> 00:03:13.645
жетиштүү коопсуздукту
камсыз кыла алды. 

52
00:03:14.171 --> 00:03:16.506
Эми анын неберелери
мындан 20 жыл мурун

53
00:03:16.506 --> 00:03:19.460
түшкө да кирбес турмуш
ыракатын көрүүдө. 

54
00:03:20.047 --> 00:03:22.580
Жөти Мон айым сизге мунун
баарынын 10 долларлык 

55
00:03:22.580 --> 00:03:24.171
насыя менен башталганын
айтып бермек.

