WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:01.957
-Өкмөткө алкыш. 

2
00:00:01.997 --> 00:00:05.268
Ал бизге тынчтыкты сактаган 
мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылат,

3
00:00:05.308 --> 00:00:09.142
эч ким сизге кол салбасына же 
мүлкүңүздү уурдабоосуна кепилдик кылат. 

4
00:00:09.182 --> 00:00:11.026
АКШ ушуга муктаж. 

5
00:00:11.066 --> 00:00:14.091
Бирок азыркы тапта өкмөтүбүз 
мындан да көп иштерди аткарат.

6
00:00:14.131 --> 00:00:16.802
[поюздун жаңырган үнү]

7
00:00:16.842 --> 00:00:19.918
Өкмөт бүгүн темир жол, метро, мектеп, 
парк, коомдук турак-жай, социалдык жардам, 

8
00:00:19.958 --> 00:00:23.743
саламаттык сактоо, социалдык камсыздоону 
тейлеп, баңгизатка каршы күрөшөт.

9
00:00:23.783 --> 00:00:24.575
-Тинтүүгө уруксат кагаз!

10
00:00:24.615 --> 00:00:27.053
-Ал суу, канализация 
системалары, кар тазалоо, 

11
00:00:27.093 --> 00:00:30.986
таштанды чогултуу, тез жардам 
унааларын жабдыйт.

12
00:00:31.026 --> 00:00:33.694
Ал студенттерге, дыйкан чарба ээлерине, 
индейлерге, изилдөөчүлөргө, ыктыярчыларга, 

13
00:00:33.734 --> 00:00:35.605
чакан ишкерлерге, бай ишкерлерге 
жана өнөрпоздорго субсидия берет.

14
00:00:35.645 --> 00:00:38.489
-Кечирип кой, Америка.

15
00:00:38.529 --> 00:00:40.884
-Ал мөмө-жемиштерди, консерва, 
төшөнчү, оюнчук, 

16
00:00:40.924 --> 00:00:44.879
автоунаа, гараж эшиктерин жана 
барбекю грилдерин текшерет. 

17
00:00:44.919 --> 00:00:49.107
Ал дүйнө тартибин коргойт, жамандыкты 
басат жана операны сыналгыга коёт.

18
00:00:49.147 --> 00:00:51.499
[сопрано ырдоодо]

19
00:00:51.539 --> 00:00:55.119
-Классикалык музыканы PBS 
каналынан көрүү абдан сонун. 

20
00:00:55.159 --> 00:00:57.789
Бул мага жагат. Мен муну угам, көрөм.

21
00:00:57.829 --> 00:01:01.603
Бирок, Чепмен университетинин философия 
профессору Тибор Махан мындай дейт 

22
00:01:01.643 --> 00:01:05.959
америкалыктарды өздөрү каалабаган 
программалар үчүн акча төлөтүү туура эмес.

23
00:01:05.999 --> 00:01:12.064
-Бул саясатчылар биздин ордубузду 
басып, өздөрү эле өкүм чыгарып жатышат. 

24
00:01:12.120 --> 00:01:14.319
Аларга мындай укукту ким берди?

25
00:01:14.359 --> 00:01:17.411
-Биз аларды ушундай кылсын деп 
шайлаганбыз. Бул - демократия.

26
00:01:17.451 --> 00:01:20.420
Эгер сиз ушундай аша чапма 
демократияга ишенсеңиз,

27
00:01:20.460 --> 00:01:23.101
анда демократиялык жол менен чач 
кыркууга добуш берсеңиз болот,

28
00:01:23.141 --> 00:01:24.884
жагоо байлаганга, бардык нерсеге,

29
00:01:24.924 --> 00:01:27.423
никеге демократиялык 
нукта добуш бере аласыз.

30
00:01:27.463 --> 00:01:32.335
Негиздөөчүлөр өкмөттүн ыйгарым 
укуктарын чектөө керек деп эсептешкен. 

31
00:01:32.375 --> 00:01:37.816
Бул - өз укуктарыбызды камсыз кылуу 
кызматына уруксат менен гана чектелиши керек.

32
00:01:38.080 --> 00:01:40.141
-Негиздөөчү Аталар эч качан 

33
00:01:40.181 --> 00:01:41.963
өкмөт элге бир нерсе 
берээрин айткан эмес. 

34
00:01:42.003 --> 00:01:45.569
Алар почтоо, сот жана 
акча чыгаруу сыяктуу чектелген

35
00:01:45.609 --> 00:01:47.569
милдеттерге эле ээ болушу 
керектигин айтышкан. 

36
00:01:47.609 --> 00:01:50.498
150 жыл бою өкмөт ушуларды гана аткарган. 

37
00:01:50.538 --> 00:01:53.438
Көңүл чордонунда - 
эркиндиктин кепилдиги болгон.

38
00:01:53.478 --> 00:01:57.208
-Эркиндик - китептерде гана көмүлүп калбай 
турчу баа жеткис нерсе, миссис Сандерс.

39
00:01:57.248 --> 00:01:59.896
Мистер Смит 30-жылдары 
Вашингтонго келгенде, 

40
00:01:59.936 --> 00:02:02.442
өкмөт ыйгарым укуктарын 
жаңы эле кеңейте баштаган.

41
00:02:02.482 --> 00:02:04.442
[жардыруунун добушу]

42
00:02:04.482 --> 00:02:06.725
Рузвелттин "Жаңы багыты" 
эркиндиктин чегинен чыкты. 

43
00:02:06.765 --> 00:02:10.656
Ал кишилерге жумуш, ардагерлик пайда, 
саламаттыкты сактоону убада кылды.

44
00:02:10.696 --> 00:02:13.649
- Конгресске Ак үйдөн мыйзам 
долбоорлору тынымсыз агылып жатты. 

45
00:02:13.689 --> 00:02:15.649
Рузвелт эмнени кааласа, ошону алды.

46
00:02:15.689 --> 00:02:19.224
Ал эми Рузвелттен кийинки президенттер, - 
демократ же республикачы болобу, - 

47
00:02:19.264 --> 00:02:22.967
өкмөттүн кеңейтилген ыйгарым укуктары 
тууралуу жаңы идеяны кабыл алды.

48
00:02:23.007 --> 00:02:25.078
-Көркөм өнөрдүн ролун чыңдоо, өспүрүм-
дөрдүн кош бойлуулугу менен күрөшүү, 

49
00:02:25.118 --> 00:02:28.166
жаштар арасындагы зордук-зомбулуктун алдын 
алуу, расалык теңсиздикке каршы күрөшүү.

50
00:02:28.206 --> 00:02:33.104
-Биз бардык карыяларга рецепттик 
дарыларды сатып алууга жардам беребиз.

51
00:02:33.213 --> 00:02:35.404
-Вашингтон өз талабын билдирген 
кишилер көчөлөрдө тизилген

52
00:02:35.444 --> 00:02:38.302
курсак тойгузчу жайдын 
бир түрүнө айланды.

53
00:02:38.342 --> 00:02:40.868
-Өмүрдү сактап калуучу 
дарыларга жетүүгө кепилдик.

54
00:02:40.908 --> 00:02:43.701
-Ал эми лоббичилер 
имарат ичинде тизилишет.

55
00:02:43.741 --> 00:02:46.240
-Алар анын ичинде системаны көрүп, 

56
00:02:46.280 --> 00:02:50.326
ошол системадан колунан 
келгенин өздөрүнө жулуп алышат.

57
00:02:50.399 --> 00:02:51.987
-Анан анын баары үчүн ким төлөйт?

58
00:02:52.027 --> 00:02:54.434
-Кутман таң, Жо.
-Сиз төлөйсүз, Жо - салык төлөөчү.

59
00:02:54.474 --> 00:02:58.465
Бул чатырчылар [Сент-Луистеги оор жумуш 
жасагандар], кайнаган ысыкта 

60
00:02:58.505 --> 00:03:01.372
чайыр эритишет. Ошентсе да, 
алар иштеп тапкан 

61
00:03:01.412 --> 00:03:03.372
ар бир 3 доллардын бири өкмөткө кетет.

62
00:03:03.412 --> 00:03:05.515
-Америкалыктар тамак-ашка, 
кийим-кечеге жана 

63
00:03:05.555 --> 00:03:09.211
турак-жайга кеткен акчадан 
көбүрөөк салык төлөшөт.

64
00:03:09.251 --> 00:03:11.574
-Эмити Шлэйс "Ач көз кол" 
деген китеп жазган, 

65
00:03:11.614 --> 00:03:14.655
анда өкмөт бизден эмне 
алаары жөнүндө баяндалат. 

66
00:03:14.720 --> 00:03:18.271
Өкмөт эмнени сизден алганын 
окуп алып, таң каласыз. 

67
00:03:18.311 --> 00:03:20.766
Мисалы, Сент-Луистик 
Билл менен Мэри Төрстон

68
00:03:20.806 --> 00:03:24.390
өздөрү кабардар болбостон 
туруп, салыкты дайыма төлөшөт.

69
00:03:24.430 --> 00:03:27.115
Эртең менен саат 4тө Биллдин 
ойготкучу өчөөрү менен 

70
00:03:27.155 --> 00:03:32.283
алар электр кубатына 5% төлөшөт. 

71
00:03:32.323 --> 00:03:35.236
Тишин жууп жатабы? 
Тиш пастасына эки салык. 

72
00:03:35.276 --> 00:03:38.573
Бул үчүн канализациялык төлөм. 
Анан ал душка түшкөндө...

73
00:03:38.613 --> 00:03:42.445
-... суу салыгы бар. 
Акча да ошол агым менен кетет.

74
00:03:42.485 --> 00:03:45.398
-Төрстондор бир жерге барыш үчүн 

75
00:03:45.438 --> 00:03:47.398
жүк ташуучу унаасы менен 
минивенине салык төлөшөт.

76
00:03:47.438 --> 00:03:50.112
Ал эми бензинди сатып алууда 
алар андан да көп төлөшөт. 

77
00:03:50.152 --> 00:03:53.531
Америкалыктар салыктарыбыздын көбүн 
төлөп берчү жай - бул жумуш оруну. 

78
00:03:53.571 --> 00:03:55.773
Билл - жанараак биз 
көргөн чатырчылардын бири.

79
00:03:55.813 --> 00:03:58.651
Ал жана кесиптештери жогору 
жакта чайыр эритип жатканда, 

80
00:03:58.691 --> 00:04:01.816
компаниянын кеңсесиндеги 
2 кызматкер алардын маянасынан

81
00:04:01.856 --> 00:04:05.244
канча акча кармап калуу 
керектигин эсептеп отурат.

82
00:04:05.284 --> 00:04:06.930
-Колду кысып калгандай сезилет, жарайбы?

83
00:04:06.970 --> 00:04:09.109
-Биллдин аялы Мэри медайым 
болуп иштегендиктен,

84
00:04:09.149 --> 00:04:11.109
Төрстондор нике салыгын да төлөшөт.

85
00:04:11.149 --> 00:04:14.981
-Алардын нике жазасы 1000 доллардан ашат.

86
00:04:15.021 --> 00:04:18.126
-Андан соң азык-түлүк салыгы,
 мүлк салыгы, коммуналдык салык,

87
00:04:18.166 --> 00:04:23.075
2 кабелдик телекөрсөтүү, телефондон 
7 салык, акырында күнөө салыгы бар.

88
00:04:23.115 --> 00:04:25.454
Ушул бөтөлкө сырага Билл төлөгөн 

89
00:04:25.494 --> 00:04:28.496
акчанын 43 пайызы - салыктар.

90
00:04:28.536 --> 00:04:30.496
-Бул америкалыктар салыкты төлөө үчүн 

91
00:04:30.536 --> 00:04:34.031
орточо эсеп менен жыл сайын 4 айга чейин 

92
00:04:34.071 --> 00:04:36.031
иштеши керек дегенди билдирет. 

93
00:04:36.071 --> 00:04:39.019
4 айдын ичинде сиз өзүңүз 
үчүн тер төкпөстөн, 

94
00:04:39.059 --> 00:04:42.460
ошол бардык кайрымдуу өкмөттүк 
программаларга төлөө үчүн иштейсиз.

95
00:04:42.500 --> 00:04:46.042
-Өкмөт эч качан демөөрчүлүк кылбайт, 
эч качан берешен болбойт, 

96
00:04:46.082 --> 00:04:50.772
эч качан кайрымдуу болбойт, 
анткени өкмөт бирөөгө бериши үчүн 

97
00:04:50.812 --> 00:04:52.372
башкалардан алышы керек да.

