﻿WEBVTT

00:00:00.200 --> 00:00:01.400
Салам, бул мен Кевин!

00:00:01.400 --> 00:00:03.550
"Көрүнбөс кол" берүүсүнө кош келиңиздер.

00:00:03.550 --> 00:00:06.030
Айтыңызчы, сиз качандыр бир кезде
өзүңүздүн колдо жасалган

00:00:06.030 --> 00:00:08.610
жыпар жыттуу тиш чукугуч
дүкөнүн ачкыңыз келди беле?

00:00:08.610 --> 00:00:10.890
Албетте, муну баарыбыз эңсечүбүз.

00:00:10.890 --> 00:00:12.990
Ишкер болуу кандай сонун.

00:00:12.990 --> 00:00:14.860
Бирок көп адамдар ишкердүүлүктүн

00:00:14.860 --> 00:00:18.060
ар кандай рыноктук экономиканын
эң маанилүү бөлүгү

00:00:18.060 --> 00:00:19.990
экенин билишпейт.

00:00:19.990 --> 00:00:22.160
- Акыр-аягы, чындап кызыктуу
сөздү баштадың.

00:00:22.160 --> 00:00:23.760
- Сени кызыктырганына кубанычтамын,
Фиона.

00:00:23.760 --> 00:00:25.790
- Кевин, окуумду бүтүргөндөн кийин

00:00:25.790 --> 00:00:27.220
мен ишкер болгум келет.

00:00:27.220 --> 00:00:28.053
- Чын элеби?

00:00:28.053 --> 00:00:31.010
- Ооба, ошондо мен өзүмө-өзүм жетекчи
болуп, эч кимден көз-каранды болбойм.

00:00:31.010 --> 00:00:31.920
- Бул абдан жакшы.

00:00:31.920 --> 00:00:35.130
- Негизи ишкердүүлүк бул
бир гана өзүң каалагандай

00:00:35.130 --> 00:00:37.240
күн тартиби менен жашоо эмес.

00:00:37.240 --> 00:00:41.400
Ишкерлер экономикада укмуш
орчундуу ролду ойношот.

00:00:41.400 --> 00:00:43.000
- Ой, баарынын кызыгын
кетире бербечи.

00:00:43.000 --> 00:00:45.070
- Негизи ал туура айтып жатат.

00:00:45.070 --> 00:00:46.420
Жана бул абдан сонун.

00:00:46.420 --> 00:00:49.340
Ишкердүүлүк - адамдарга
жардам берүүнүн жаңы жана баалуу

00:00:49.340 --> 00:00:50.580
жолдорун издөө.

00:00:50.580 --> 00:00:52.560
Бул мүмкүнчүлүктөрдү ачуу,
маселелерди чечүүнүн

00:00:52.560 --> 00:00:55.990
жана баалуулуктарды жаратуунун
ыкмаларын издөө.

00:00:55.990 --> 00:00:58.210
- Демек, мен ишкердикти жөн гана
бир иш-аракет, адамдар кыла турган

00:00:58.210 --> 00:01:01.560
бир жумуш катары эмес,
бүтүндөй ой жүгүртүү катары

00:01:01.560 --> 00:01:03.320
көрүшүм керек окшойт.

00:01:03.320 --> 00:01:06.430
- Ооба ой жүгүртүү ыкмасы
катары ишкердик

00:01:06.430 --> 00:01:09.750
инновацияга, умтулууга жана
чыгармачылыкка басым жасайт.

00:01:09.750 --> 00:01:12.830
Камсыз кылынбаган муктаждыктарды
байкап, аныктоо жана анан

00:01:12.830 --> 00:01:16.490
аларды камсыз кылуу
түшүнүгүнө ээ болуу керек.

00:01:16.490 --> 00:01:20.100
- Ишкерлер маселелерди да чечишет
жана материалдык байлыкты да жасашат.

00:01:20.100 --> 00:01:22.510
Пайдага умтулуу менен ишкерлер
адамдарга керектүү

00:01:22.510 --> 00:01:26.020
товар жана кызматтарды өндүрүү үчүн,
өндүрүш факторлорун, т.а.

00:01:26.020 --> 00:01:29.070
жерди, жумушчу күчүн жана
капиталды бириктиришет.

00:01:29.070 --> 00:01:30.890
Бул тобокелдүү, анткени алардын

00:01:30.890 --> 00:01:33.650
чечимдери башкалар үчүн баалуу
болгондо гана ийгиликке жетишет.

00:01:33.650 --> 00:01:36.920
Ийгиликтүү өнүмдөрдөн
байлык келип чыгат.

00:01:36.920 --> 00:01:38.430
- Келгиле, ушул тууралуу сүйлөшөлү.

00:01:38.430 --> 00:01:41.670
Экономикада байлык дегенде

00:01:41.670 --> 00:01:45.000
биз түшүнгөндөн бир аз
башкачараак маани камтылат.

00:01:45.000 --> 00:01:48.190
- Бул жөн гана акча жана мисалы...
Тейлор Свифт менен каалаганда

00:01:48.200 --> 00:01:49.440
көңүл ачуу мүмкүнчүлүгү, туурабы?

00:01:49.440 --> 00:01:51.750
- Жок, бул негизи сонун болмок.

00:01:51.750 --> 00:01:52.800
- Ооба да.

00:01:52.800 --> 00:01:55.740
Байлык - экономикалык товарлардын
наркынын өлчөмү.

00:01:55.740 --> 00:01:57.040
Жана силер билгендей...

00:01:57.040 --> 00:01:58.410
- Нарк субъективдүү.

00:01:58.410 --> 00:02:00.050
Ооба, мен муну билем.

00:02:00.050 --> 00:02:00.940
- Дал ошондой.

00:02:00.940 --> 00:02:03.520
Демек, акча кимдир бирөөнүн
байлыгын билдирсе да,

00:02:03.520 --> 00:02:05.370
бул болгону абстракция.

00:02:05.370 --> 00:02:08.810
Адамдар үчүн чыныгы байлык - бул
алардын чындап баалаган нерселери.

00:02:08.810 --> 00:02:10.010
- Менин ноутбугум сыяктуу.

00:02:10.010 --> 00:02:12.950
- Ооба, мындан тышкары,
үйүңүз, велосипедиңиз,

00:02:12.950 --> 00:02:17.100
1989-жылдагы Donruss Diamond Kings
бейсбол карталарынын толук жыйнагы.

00:02:17.500 --> 00:02:19.680
- Сен үчүн ушул гана баалуу.

00:02:19.680 --> 00:02:22.400
- Муздаткычыңыздагы тамактар,
ал тургай сиздин билимиңиз.

00:02:22.400 --> 00:02:25.300
Мунун баары сиздин
жашооңузду жакшыртат.

00:02:25.300 --> 00:02:27.220
- Байлыктын дүйнөдө табигый түрдө

00:02:27.220 --> 00:02:30.240
өзүнөн-өзү болбой турганын
түшүнүү керек.

00:02:30.240 --> 00:02:32.310
Аны жасоо керек.

00:02:32.310 --> 00:02:33.143
- Койо турсаңар.

00:02:33.143 --> 00:02:34.770
Табигый байлыктар тууралуу
эмне дейсиңер?

00:02:34.770 --> 00:02:37.960
Азык-түлүк эсептелсе, дарактагы
алма да байлык эмеспи?

00:02:37.960 --> 00:02:39.380
- Жок, андай эмес.

00:02:39.380 --> 00:02:42.060
Ошондо да алмаларды жей
алуу үчүн, кимдир бирөө

00:02:42.060 --> 00:02:45.010
даракка чыгып, аларды
териши керек.

00:02:45.010 --> 00:02:47.510
Көчөт тигүү, түшүм жыйноо,
даярдоо, мергенчилик,

00:02:47.510 --> 00:02:51.070
уюштуруу, курулуш сыяктуу иштер
аркылуу биз наркты жаратабыз.

00:02:51.070 --> 00:02:54.330
- Жана наркты жаратууда ишкерлер
негизги ролду ойношот.

00:02:54.330 --> 00:02:55.163
- Ооба.

00:02:55.163 --> 00:02:57.440
Ишкерлер башкалар үчүн баалуулуктарды
жасоо аркылуу

00:02:57.440 --> 00:02:59.440
өздөрү үчүн баалуулук жасашат.

00:02:59.440 --> 00:03:01.830
- Ишкердиктин эң кызыктуусу да ушунда.

00:03:01.830 --> 00:03:03.990
Мен үчүн элдин жашоосун
жакшыртуу менен жашоомо

00:03:03.990 --> 00:03:06.000
акча табуу абдан маанилүү.

00:03:06.000 --> 00:03:06.810
- Мунуң жакшы.

00:03:06.970 --> 00:03:11.340
Анткени ишкердүүлүк - экономикалык
өсүштүн негизги пайдубалы.

00:03:11.520 --> 00:03:12.353
- Чын элеби?

00:03:12.353 --> 00:03:13.840
Бул мен ойлогондон да орчундуу экен.

00:03:13.840 --> 00:03:14.910
- Ал тамашалап жаткан жок.

00:03:14.910 --> 00:03:18.070
Экономикалык эркиндик аркылуу
ишкердикти кубаттаган коомдор

00:03:18.070 --> 00:03:20.790
андай кылбагандарга караганда
ылдамыраак өсүшөт.

00:03:20.790 --> 00:03:23.950
- Ошондой эле, ишкердик ачылыштар
менен жетишкендиктер жаңы жана

00:03:23.950 --> 00:03:28.670
жакшыраак өнүмдөрдүн жана процесстердин
пайда болушунда бири-бирин толуктайт.

00:03:28.690 --> 00:03:32.600
Ишкерлер, ал тургай, толугу менен
жаңы тармактарды да жаратышат.

00:03:32.600 --> 00:03:35.220
20 жылга жетпеген убакытта биз
эптеп кат жазышкан телефондордон

00:03:35.220 --> 00:03:39.770
бүт жашообузду башкарууга шарт
түзгөн телефондорго өттүк.

00:03:39.770 --> 00:03:41.200
- Рахмат, Стив Джобс!

00:03:41.200 --> 00:03:44.140
- Чындыгында, ишкердик ушунчалык
тез өнүгүп жаткандыктан,

00:03:44.140 --> 00:03:46.060
сиз бул тасманы көргөнгө чейин,

00:03:46.060 --> 00:03:48.680
бул телефон да балким эскирип калат.

00:03:48.680 --> 00:03:51.460
- Туура, бул ошондой эле,
ишкерлерге каптамалар,

00:03:51.460 --> 00:03:54.600
экран коргоочулар жана тиркемелер
сыяктуу башка өнүмдөрдү

00:03:54.600 --> 00:03:57.580
жана кызматтарды жасоого
мүмкүнчүлүк түзөт.

00:03:57.580 --> 00:03:59.940
- Демек, бир ишкерлер башка ишкерлерге

00:03:59.940 --> 00:04:02.210
мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылышат.

00:04:02.210 --> 00:04:03.043
- Ооба!

00:04:03.043 --> 00:04:05.190
Жана бул үзгүлтүксүз процесс.

00:04:05.190 --> 00:04:07.830
Ишкердикти колдогон коомдор

00:04:07.830 --> 00:04:10.030
эски тармактарды жаңыга алмаштыруу
мүмкүнчүлүгүн берет,

00:04:10.030 --> 00:04:13.700
анткени ишкерлер жаңыларын ойлоп табышат.
Бул орун алган сайын,

00:04:13.700 --> 00:04:16.550
жаңы жумуш орундары түзүлүп,
көбүрөөк байлык өндүрүлөт,

00:04:16.550 --> 00:04:21.200
жана адамдарга чыгармачылык жөндөмдөрүн
бүтүндөй жаңыча ишке ашырууга шарт түзөт.

00:04:21.200 --> 00:04:24.670
Мисалы, мен YouTube үчүн тасмаларды
тартуу аркылуу акча таба баштадым.

00:04:24.670 --> 00:04:27.790
Мурда мындай мүмкүнчүлүктөр
жок болчу.

00:04:27.790 --> 00:04:30.670
- Экономист Йозеф Шумпетер
бул процессти

00:04:30.670 --> 00:04:32.520
жаратман бүлгүн деп атаган.

00:04:32.520 --> 00:04:34.320
Ишкерлер жаңы жана
мыктыларын түзгөн сайын

00:04:34.320 --> 00:04:37.350
эски жумуш орундары жана
өнөр жай ишканалары жок болот.

00:04:37.350 --> 00:04:40.470
Бул рыноктун өзүнүн жашоо мерчими.

00:04:40.470 --> 00:04:44.300
- Эми мен экономикада канчалык чоң
роль ойноорумду билгенден кийин,

00:04:44.350 --> 00:04:45.770
иштегенге даярмын.

00:04:45.770 --> 00:04:47.430
Эртерээк өзүмө өзүм
жетекчи болгум келет.

00:04:47.430 --> 00:04:50.880
- Ишкер катары сиздин жетекчиңиз
болбошу мүмкүн,

00:04:50.880 --> 00:04:53.240
бирок анын ордуна,
эгер ийгиликтүү болсоңуз,

00:04:53.240 --> 00:04:57.150
сизде көп сандагы жетекчилер -
кардарларыңыз болот.

00:04:57.150 --> 00:05:00.100
Эркин рынокто сиздин кардарларыңыз
өнүмдөрүңүздү

00:05:00.100 --> 00:05:04.040
сатып алуу же албоону жана кандай
баадан алууну тандоого укуктуу.

00:05:04.040 --> 00:05:06.110
Бул туура стимулдарды жаратат жана

00:05:06.110 --> 00:05:08.650
кардарларыңыздын муктаждыктарына
тез жана натыйжалуу

00:05:08.650 --> 00:05:11.810
жооп берүү үчүн керектүү
маалыматты берет.

00:05:11.810 --> 00:05:15.170
- Демек, баалар, пайда жана
зыяндар чындыгында бизнеске

00:05:15.170 --> 00:05:17.830
эмне кылуу керек экенин айтып
турган сигналдар болуп саналат.

00:05:17.830 --> 00:05:19.440
- Туптуура.

00:05:19.440 --> 00:05:22.480
- Адамдардын сиздин өнүмүңүз үчүн
канча төлөөгө даяр экенин көрсөткөн

00:05:22.480 --> 00:05:25.210
баа сигналдары менен ал иштин
алып келген пайда же зыяны

00:05:25.210 --> 00:05:28.390
сиздин башка адамдарга баалуулук
жаратып, жакшы жумуш жасап же

00:05:28.390 --> 00:05:32.110
жасабай жатканыңызды көрсөткөн
кайтарым байланыш кызматын аткарат.

00:05:32.110 --> 00:05:34.940
- Бирок эсиңизде болсун, бул

00:05:34.940 --> 00:05:37.290
сиз жана кардарларыңыз өз
тандооңуздарды эркин жасай

00:05:37.290 --> 00:05:39.370
ала турган рынокто гана мүмкүн.

00:05:39.370 --> 00:05:41.860
- Баса, сенин бизнес идеяң кандай?

00:05:41.860 --> 00:05:44.110
- Колдо жасалган жыпар жыттуу
тиш чукугуч дүкөнү.

00:05:44.110 --> 00:05:44.943
- Эмне?

00:05:44.943 --> 00:05:46.790
Мен сенин биринчи кардарың болом.

00:05:46.790 --> 00:05:49.280
Эгерде биз ишкердикти жакшы нерсе
деп ойлосок жана чындыгында да

00:05:49.280 --> 00:05:52.300
ошондой, анда биз ишкердикти
көбүрөөк колдошубуз керек,

00:05:52.300 --> 00:05:56.160
ишкерлерди жана экономикалык
эркиндикти кубаттоо аркылуу.

00:05:56.160 --> 00:05:57.850
Сиздерчи?

00:05:57.850 --> 00:05:59.830
Сиздер ишкер болууну каалайсыздарбы?

00:05:59.830 --> 00:06:03.400
Кандай бизнес баштагыңыз келгенин
айтып, комментарий калтырыңыз.

00:06:03.400 --> 00:06:06.940
Бул даректен ишкердик жөнүндө көбүрөөк
маалымат алыңыз: courses.fee.org

00:06:06.940 --> 00:06:09.770
жана Экономикалык билим берүү
фондунун баракчасына кириңиз

00:06:09.770 --> 00:06:13.270
ал жерден ишкер катары ой жүгүртүүнүн
жашооңузду кантип түп тамырынан

00:06:13.270 --> 00:06:15.860
өзгөртөөрү тууралуу көптөгөн
маалыматтарды табасыз.

00:06:15.860 --> 00:06:18.740
Өзүңүздүн жеке бизнесиңизди
баштагыңыз келбесе дагы.

00:06:18.740 --> 00:06:20.822
Көргөнүңүз үчүн рахмат.

00:06:20.822 --> 00:06:23.239
[жай музыка]
