﻿WEBVTT

00:00:00.120 --> 00:00:01.500
- Бул Австралия -

00:00:01.500 --> 00:00:04.740
тилекке каршы, интернети начар өлкө.

00:00:04.740 --> 00:00:06.660
Жумушу толугу менен интернеттен

00:00:06.660 --> 00:00:08.910
көз каранды адам катары,

00:00:08.910 --> 00:00:12.360
мен мунун абдан ачуу чындык
экенин айта кетейин.

00:00:12.360 --> 00:00:15.720
Үйдөн иштөө жаңы нормага
айлангандыктан, бул нааразычылыкты

00:00:15.720 --> 00:00:18.300
менин австралиялык мекендештерим
барган сайын көбүрөөк сезишүүдө.

00:00:18.300 --> 00:00:20.850
Австралияда интернеттин
начар болушунун себеби,

00:00:20.850 --> 00:00:24.000
анын аймагы чоң, калкы аз
өлкө болушунда.

00:00:24.000 --> 00:00:27.030
Бул кызмат көрсөтүүнү каалаган
интернет-компаниялар

00:00:27.030 --> 00:00:29.190
аз сандагы кардарлар
тобун тейлөө үчүн

00:00:29.190 --> 00:00:32.343
инфраструктурага көп каражат
коротушу керек дегенди билдирет.

00:00:32.343 --> 00:00:34.050
[интернеттин үнү]

00:00:34.050 --> 00:00:36.180
Муну Европанын кандайдыр бир
мамлекетине, же атүгүл

00:00:36.180 --> 00:00:37.950
Америка Кошмо Штаттарына
салыштырсак,

00:00:37.950 --> 00:00:39.980
ал өлкөлөрдө тартылган интернет
кабелинин ар бир милясына

00:00:39.980 --> 00:00:41.790
көбүрөөк адам туура келээрин,

00:00:41.790 --> 00:00:44.700
демек инвестициядан көбүрөөк
киреше алынаарын көрөбүз.

00:00:44.700 --> 00:00:47.460
Бирок, жакында эле Австралияда
жеке компания пайда болду.

00:00:47.460 --> 00:00:49.770
Ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,
австралиялыктарды жогорку

00:00:49.770 --> 00:00:52.740
ылдамдыктагы интернет менен камсыз
кылууну сунуштагысы келди,

00:00:52.740 --> 00:00:55.740
бирок өкмөт ага уруксат берген жок.

00:00:55.740 --> 00:00:58.500
Өкүнүчтүү...бирок эмнеге?

00:00:58.500 --> 00:01:00.060
Көрүнүп тургандай,
Австралиянын өкмөтү

00:01:00.060 --> 00:01:01.800
бул интернет көйгөйүн байкады

00:01:01.800 --> 00:01:03.720
жана анын өнүккөн экономикасы

00:01:03.720 --> 00:01:07.230
21-кылымда атаандаштыкка жөндөмдүү
бойдон калышы үчүн,

00:01:07.230 --> 00:01:10.050
өлкөдөгү ишканаларга жана үйлөргө
диал-ап байланышынан

00:01:10.050 --> 00:01:11.970
жакшыраак байланыш керек
экенин түшүндү.

00:01:11.970 --> 00:01:16.970
Ошентип, алар NBN же Улуттук кең
тилкелүү тармакты сунушташты.

00:01:17.070 --> 00:01:18.690
Теориялык жактан бул

00:01:18.690 --> 00:01:21.990
өз алдынча эң сонун
инфраструктура болчу.

00:01:21.990 --> 00:01:24.540
Бул заманбап оптикалык була
аркылуу бүтүндөй элди туташтырып,

00:01:24.540 --> 00:01:26.580
батыштагы замандаштарындай деңгээлде

00:01:26.580 --> 00:01:28.830
жүктөө жана жиберүү ылдамдыгын берет.

00:01:28.830 --> 00:01:32.520
Маселе, бул чоң мамлекеттик
инфраструктуралык долбоор болчу

00:01:32.520 --> 00:01:36.420
жана сөзсүз түрдө саясат
аралашып, баары ойрон болду.

00:01:36.420 --> 00:01:37.740
Жыйынтыгында Австралия

00:01:37.740 --> 00:01:40.110
мурдакы интернет инфраструктурасына
караганда

00:01:40.110 --> 00:01:42.240
балким жакшыраак системага ээ болду,

00:01:42.240 --> 00:01:45.480
бирок ага 56 миллиард
доллар коротулду.

00:01:45.480 --> 00:01:47.670
Кандай болгон күндө да,
жеке сектор ошондой баада

00:01:47.670 --> 00:01:50.910
жакшыраак тажрыйбаны сунуштоо
мүмкүнчүлүгүн көрдү,

00:01:50.910 --> 00:01:53.670
бирок ага «жок» деп коюшту,
анткени ал бүтүндөй

00:01:53.670 --> 00:01:55.710
NBN системасынын негизин бузат.

00:01:55.710 --> 00:01:57.720
Чындыгында интернет жагынан

00:01:57.720 --> 00:01:59.760
Австралияда бизнес жүргүзүү үчүн

00:01:59.760 --> 00:02:02.310
абдан пайдалуу жана пайдасыз
аймактар бар.

00:02:02.310 --> 00:02:04.770
Чоң шаарларда көптөгөн
кирешелүү ишканалар

00:02:04.770 --> 00:02:07.470
жана жыш жайгашкан турак жайлар
бар, бул абдан пайдалуу.

00:02:07.470 --> 00:02:10.780
Бир алачыкка жетүү үчүн миллион
долларлык кабель тартууга

00:02:10.780 --> 00:02:13.200
туура келген чет жерде бул
анчалык деле пайдалуу эмес.

00:02:13.200 --> 00:02:15.810
Өкмөт бүт тарапта
инфраструктураны камсыз кылуу

00:02:15.810 --> 00:02:18.480
жана шаарлардан алынган пайда
менен аймактагы жоготуулардын

00:02:18.480 --> 00:02:20.880
ордун толтуруу аркылуу
бул мүнөздүү теңсиздикти

00:02:20.880 --> 00:02:22.890
чечүүгө болот деп ойлоду.

00:02:22.890 --> 00:02:24.870
Жакшыраак кызмат көрсөтүүнү
пландап жаткан

00:02:24.870 --> 00:02:27.570
жеке компаниялар, албетте,
кирешелүү шаарларды гана

00:02:27.570 --> 00:02:28.980
тейлөөнү көздөшкөн.

00:02:28.980 --> 00:02:31.770
Бул өкмөттүн схемасын киреше
борборлорунан ажыратып,

00:02:31.770 --> 00:02:34.860
алар үчүн колдонгон бүтүндөй
нейтралдуу нарк моделин бузмак.

00:02:34.860 --> 00:02:37.560
Адилеттүү атаандаштыкка
эффективдүү бөгөт койгон

00:02:37.560 --> 00:02:38.970
бул чечим өзгөчө шаарлардагы

00:02:38.970 --> 00:02:40.960
интернеттин сапатына ыраазы
болбогондордун арасында

00:02:40.960 --> 00:02:42.810
чоң нааразычылыктарды жаратты,

00:02:42.810 --> 00:02:45.900
бирок бул сценарийде ар дайым
утулган тарап болот.

00:02:45.900 --> 00:02:48.030
Эгер ал компанияларга атаандашууга
уруксат берилгенде,

00:02:48.030 --> 00:02:50.580
мамлекеттик NBN рентабелдүү
эмес болуп калмак

00:02:50.580 --> 00:02:52.800
жана каржылык жактан жашай
албаган ишкананы каржылоо үчүн

00:02:52.800 --> 00:02:55.620
салык төлөөчүлөрдүн үзгүлтүксүз
колдоосу талап кылынмак.

00:02:55.620 --> 00:02:57.570
Эгер компанияларга атаандашууга
уруксат берилбесе,

00:02:57.570 --> 00:03:00.300
анда Австралия коомчулугу заманбап
дүйнөдө өлкөнүн интернет сапатынын

00:03:00.300 --> 00:03:02.610
атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн камсыз
кылынышында өкмөттөн көз каранды болуп калат.

00:03:02.610 --> 00:03:06.130
Эксперттер тарабынан иштелип чыккан
пландарды аткарууда анчалык

00:03:06.130 --> 00:03:09.720
компетенттүү эмес экенин көрсөткөн
өкмөттөн деп кошумчалай кетүү керек.

00:03:09.720 --> 00:03:10.553
Анан, албетте,

00:03:10.553 --> 00:03:12.960
эгер өкмөт эч кийлигишпесе,

00:03:12.960 --> 00:03:15.000
айылдагы адамдарга такыр интернет

00:03:15.000 --> 00:03:16.650
жетпей калган кырдаал түзүлөт.

00:03:16.650 --> 00:03:18.810
Ал тургай, шаар тургундарынын
жеке кызыкчылыгын ойлоп,

00:03:18.810 --> 00:03:22.950
техникалык инфраструктурага чоң
жана рисктүү салым жасагысы келбеген

00:03:22.950 --> 00:03:25.650
фирмалардан жапа чегүү
коркунучу туулат.

00:03:25.650 --> 00:03:28.410
Ошондо, бул варианттардын арасынан
кайсынысын тандамаксыз?

00:03:28.410 --> 00:03:31.440
Же балким, биздин кичинекей табышмакты
чечип, бизге жардам бере алаарсыз.

00:03:31.440 --> 00:03:34.380
Эгер бул тасма чеченсине берүү сыяктуу
көрүнсө, чындыгында ошондой эле.

00:03:34.380 --> 00:03:36.150
Бир күнү мен видеону бир
саатка жетпеген убакытта

00:03:36.150 --> 00:03:37.290
жүктөй алам деп үмүттөнөм.

00:03:37.290 --> 00:03:40.140
Бирок, жок дегенде, бул жеке
жана мамлекеттик кызматтардын

00:03:40.140 --> 00:03:43.620
ортосундагы динамикага кызыктуу
бир мисал боло алат.

00:03:43.620 --> 00:03:45.000
Эгер сиз эки касташкан өлкөнүн
ортосундагы кызыктуу

00:03:45.000 --> 00:03:47.460
динамиканы көргүңүз келсе,
Гавайиде эмне үчүн бир кезде

00:03:47.460 --> 00:03:51.300
өзүнүн өзгөчө валютасы болгондугу
тууралуу тасмабызды көрүңүз.

00:03:51.300 --> 00:03:52.653
Рахмат достор. Көрүшкөнчө!
