﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:03.174
-Мен бул жерге эч кимге акчаны эмне кылып
сарпташ керектигин айтуу үчүн келбедим.

2
00:00:03.174 --> 00:00:05.478
Эгер сиз акча тапсаңыз,
аны каалагандай жумшайсыз.

3
00:00:05.795 --> 00:00:07.795
Бирок мен кишилерге жардам берүүдөн

4
00:00:07.795 --> 00:00:11.436
алгандай канааттанууну башка
эч нерседен алууга мүмкүн эмес 

5
00:00:11.436 --> 00:00:14.967
экендигине ушунчалык ынанам.

6
00:00:14.967 --> 00:00:17.838
-Чактын "жардам берип 
жашоо" философиясы

7
00:00:17.838 --> 00:00:19.289
- өзгөчө жекече мүнөздө.

8
00:00:19.289 --> 00:00:22.339
Турмушту азыртан жакшыртсакчы?
Эмнени күтүп жатабыз?

9
00:00:22.339 --> 00:00:24.788
-Чак сонун өрнөк көрсөттү.

10
00:00:24.788 --> 00:00:29.729
Ал "бардыгын берүү" деген принцибине
берилген бойдон калды.

11
00:00:29.729 --> 00:00:33.436
-Анын ою боюнча, эртең дайыма
акча көбүрөөк болот, 

12
00:00:33.436 --> 00:00:36.668
миллионерлер, миллиардерлер
жана көйгөйлөр көп болот,

13
00:00:36.668 --> 00:00:38.298
эртең ошол көйгөйлөр менен
алектене аласыздар.

14
00:00:38.298 --> 00:00:41.333
Келгиле, бүгүнкү көйгөйлөрдү
бүгүн эле чечели.

15
00:00:41.333 --> 00:00:45.078
-Урматтуу Чак, мен "Сизге рахмат"
деш үчүн гана жазып жатам.

16
00:00:45.078 --> 00:00:48.611
Үлгүңүздүн мени канчалык
толкундантып, иш-аракеттериңиздин

17
00:00:48.611 --> 00:00:53.191
менин жашоомду өзгөртүүгө канчалык
шыктандырганын айтып берүү кыйын.

18
00:00:53.923 --> 00:00:57.406
-Чак Фининин бүткүл байлыгы
35 жылдын ичинде

19
00:00:57.406 --> 00:01:00.361
8 миллиард доллардан ашты жана
бул акча бүткүл дүйнөдө

20
00:01:00.361 --> 00:01:03.835
нечен тагдырларды жана мекемелерди
өзгөртүү үчүн колдонулду. 

21
00:01:03.835 --> 00:01:05.835
Ал Atlantic Philanthropies уюмун

22
00:01:05.835 --> 00:01:08.983
өмүр бою кайрымдуулук
кылуу үчүн түздү.

23
00:01:08.983 --> 00:01:13.006
-Бүгүн берсеңиз, кандай натыйжа
болоорун өзүңүз көрө аласыз.

24
00:01:13.006 --> 00:01:15.006
Өлгөндө берсеңиз, эч
нерсени сезбейсиз.

25
00:01:15.006 --> 00:01:17.006
[күлкү]

26
00:01:17.429 --> 00:01:18.950
ЖАРДАМ БЕРИП ЖАШОО

27
00:01:18.950 --> 00:01:23.063
ЖАРДАМ БЕРИП ЖАШОО
Турмушту жакшыртуу

28
00:01:23.175 --> 00:01:26.362
ЖАРДАМ БЕРИП ЖАШОО
Баяндаган - Тимоти Хаттон

29
00:01:26.982 --> 00:01:31.052
-Мен биерге алгач Чак Финини
алып келгенде, эч нерсе жок эле.

30
00:01:32.066 --> 00:01:35.136
Азыр мында бардык
жерде имараттар бар.

31
00:01:35.728 --> 00:01:37.728
-Чак жана Atlantic
Philanthropies уюму

32
00:01:37.728 --> 00:01:39.899
долбоорду ишке ашырууда
башкы ролду ойношту.

33
00:01:39.899 --> 00:01:41.495
-Бул… ушул айнек таасири

34
00:01:41.495 --> 00:01:43.802
тетиги жактан келүүгө тийишпи?

35
00:01:43.918 --> 00:01:46.597
-Башынан баштап куруу,
сөздүн чыныгы маанисинде, 

36
00:01:46.597 --> 00:01:49.277
Чак Фининин кайрымдуулугунун
өзгөчөлүгү болуп калды.

37
00:01:49.277 --> 00:01:51.533
-Чак бизди кенен ойлонууга үйрөтөт.

38
00:01:51.533 --> 00:01:53.846
Ал бизге чоң өлчөмдөгү нерсени 

39
00:01:53.846 --> 00:01:56.408
кантип жасай аларыбызды
ойлонуп көрүүнү жана

40
00:01:56.408 --> 00:01:58.296
тагдырдык нерсени жасоону
дайыма айтып келет.

41
00:01:59.395 --> 00:02:02.434
-Өлкөдөгү өлүмдүн негизги себептери -

42
00:02:02.434 --> 00:02:05.302
жүрөк-кан тамыр жана рак оорулары.

43
00:02:05.302 --> 00:02:09.084
Ал эми азыр бул тармактарда
ийгиликке жетүү

44
00:02:09.084 --> 00:02:11.084
убактысынын келгенине ишенем.

45
00:02:11.084 --> 00:02:15.866
Биз кантип чечүү аргасын таба
алабыз жана аларды табабыз.

46
00:02:15.866 --> 00:02:21.237
-Бул "колдон келет" руху жана
жаракөрлүк Чактын ДНКсында бар.

47
00:02:21.237 --> 00:02:24.000
Ал Депрессия доорунда, 1931-ж.
Нью-Жерсидеги ирланд тектүү

48
00:02:24.000 --> 00:02:27.836
америкалык жумушчунун
үй-бүлөсүндө туулган.

49
00:02:27.836 --> 00:02:29.257
Акча тартыш болуп,

50
00:02:29.280 --> 00:02:32.520
ал Аскер-аба күчтөрүнө орто
мектептен соң түз эле кирген.

51
00:02:32.531 --> 00:02:35.587
-Ал аскер ардагери мыйзамына таянып,
Корнелл университетине өттү. 

52
00:02:35.587 --> 00:02:37.275
Ансыз өтмөк эмес,

53
00:02:37.275 --> 00:02:39.306
үй-бүлөсүнүн аны окутууга
мүмкүнчүлүгү жок эле.

54
00:02:39.800 --> 00:02:42.924
-Корнелл университети Чактын
ийгилигине жол ачты.

55
00:02:42.924 --> 00:02:44.637
Тубаса ишкер болгон Чак мырза

56
00:02:44.637 --> 00:02:47.974
өз билимин жана чет өлкөдөгү
тажрыйбасын пайдаланып,

57
00:02:47.974 --> 00:02:50.830
Атлантика флотундагы деңизчилерге

58
00:02:50.830 --> 00:02:54.875
ичимдик сатуу менен ишенимдүү
ишкердикти баштаган.

59
00:02:54.875 --> 00:02:57.874
-Аскер үчүн жакшы болсо, туристтер
үчүн деле жакшы болууга тийиш.

60
00:02:57.874 --> 00:03:00.605
Ошентип, биз туристтер үчүн да
ушундай иш баштадык. 

61
00:03:00.605 --> 00:03:03.440
Алар "эгер сиз ичимдик
сата алсаңыз, анда эмнеге 

62
00:03:03.440 --> 00:03:07.136
атыр сата албайсыз?" дешти, ошентип
биз өнүм түрлөрүн кеңейтип кирдик.

63
00:03:07.136 --> 00:03:12.390
-Анан "DFS - Салыктан эркин сатык"
ишкердик империясы жаралды.

64
00:03:12.390 --> 00:03:14.900
-70-жж. аягында ал дүйнөдөгү

65
00:03:14.900 --> 00:03:18.172
бажы алымсыз эң ири чекене
соода тармагына айланган. 

66
00:03:18.172 --> 00:03:21.809
Ал кезде жылдык товар жүгүртүү
3 млрд долларды түзгөн.

67
00:03:22.704 --> 00:03:28.375
80-жылдары Чактын үйлөрү Франциянын
түштүгү, Гавайи, Нью-Йорк, 

68
00:03:28.375 --> 00:03:32.003
Париждин чет жакасы, Лейквилл,
Коннектикутта бар эле...

69
00:03:32.003 --> 00:03:33.571
Бирөөсүн айтпай кеттим го.

70
00:03:33.571 --> 00:03:36.128
-Мен жыргал заманда чоңойдум.

71
00:03:36.128 --> 00:03:38.276
Үйүбүзгө коноктор келип,

72
00:03:38.276 --> 00:03:41.743
барбекю кылып, кечелер өткөрчү

73
00:03:41.743 --> 00:03:43.156
жана алар дайыма балдары
менен келишчү.

74
00:03:43.156 --> 00:03:45.566
Бул - ар дайым балдар менен
чоңдордун кечелери болор эле.

75
00:03:45.566 --> 00:03:47.566
-Алар Америка кыялын түшүндө
эмес, өңүндө көрүп жашашчу. 

76
00:03:47.566 --> 00:03:52.395
Бирок 50 жашында Чак ошол
байлыгынан түгөл чарчады.

77
00:03:52.395 --> 00:03:56.561
-1980-жылы мен ойлоно баштадым...
Деги мунун баары каякка алып барат,

78
00:03:56.645 --> 00:03:59.120
мунун баарын эмне кылам?..

79
00:03:59.120 --> 00:04:02.755
Билесизби... Өзүм быштак
менен помидор салынып,

80
00:04:02.940 --> 00:04:05.690
грилге какталган сэндвичке эле
каниет алам деген пендемин да.

81
00:04:05.690 --> 00:04:10.292
-Чак байлык менен ысырапчылыкты
көрсөткөндөн уялчу. 

82
00:04:10.292 --> 00:04:12.292
Менимче, бул сезим бара-бара
ого бетер күчөдү.

83
00:04:12.292 --> 00:04:15.204
-Бир күнү ал мага телефон чалып:
"Бир маанилүү жарыям бар:

84
00:04:15.204 --> 00:04:18.575
мен акчамдын баарын
берип салдым", - деди.

85
00:04:18.575 --> 00:04:20.701
Мен: "Бир тыйынга чейинби?"-
деп сурасам, 

86
00:04:20.701 --> 00:04:24.311
ал: "Мен баарын бир
фондго бердим", - деди.

87
00:04:24.311 --> 00:04:29.004
-1984-жылы, Ыраазычылык күнүндө
биз жолугуп, соңку келишимге 

88
00:04:29.004 --> 00:04:31.004
кол коюлду да, бардык
байлыгы өткөрүлдү. 

89
00:04:31.004 --> 00:04:33.128
Үй-бүлөгө макулдашылган
көлөм калтырылып,

90
00:04:33.128 --> 00:04:36.444
калганынын баары кайрымдуулук
фондуна кетти.

91
00:04:36.444 --> 00:04:38.159
Мен эскерттим: "Бул - кайтарылгыс.

92
00:04:38.159 --> 00:04:41.255
Түшүнүүгө тийишсиз, эгер сиз буга
барсаңыз, акча кайра берилбейт.

93
00:04:41.255 --> 00:04:44.182
Байлык түбөлүккө колдон чыгат, эгер сизге
жакпай калса, кайра кайтара албайсыз.

94
00:04:44.182 --> 00:04:45.744
Сиз муну чын эле каалайсызбы?"

95
00:04:45.744 --> 00:04:47.468
Анын итиркейи келе түштү,

96
00:04:47.468 --> 00:04:49.125
анткени ал эчак чечим кылып,
кадамын туура тапкан эле. 

97
00:04:49.125 --> 00:04:51.339
Ал: "Ооба, ооба, ооба,
муну жасайлычы", - деди.

98
00:04:51.339 --> 00:04:55.799
-Atlantic Philanthropies фондунун
алгачкы ири долбоору Ирландияда болду.

99
00:04:55.799 --> 00:04:58.674
-Ирландия ошол кезде кыйын
акыбалда эле жана

100
00:04:58.674 --> 00:05:00.674
Чак бул өлкөгө көмөктөшүү
мүмкүнчүлүгүн көрө алган.

101
00:05:00.674 --> 00:05:03.041
-Бул - чынында эле дээрлик
көөдөн туюмуна тете болду. 

102
00:05:03.041 --> 00:05:05.906
Жагдай бышып жетилип, эл даяр,

103
00:05:05.906 --> 00:05:08.751
маданият тиешелүү баскычта турган.

104
00:05:08.751 --> 00:05:10.039
-Лимерик университети - Чактын

105
00:05:10.039 --> 00:05:14.825
абдан маанилүү натыйжа берчү сынагы
башат алган окуу жай болгон.

106
00:05:14.825 --> 00:05:18.323
-1980-жж. ирланд университеттери
улуттук экономика менен бирге 

107
00:05:18.323 --> 00:05:20.544
оор абалда болчу.

108
00:05:21.439 --> 00:05:26.201
Фонддун гранттары Лимериктин чакан
кампусун кыймылдаткыч күчкө айлантты.

109
00:05:27.189 --> 00:05:29.443
-Университет программасынын Чакка
жаккан жери - мында имараттар,

110
00:05:29.443 --> 00:05:31.729
ал жерде кирпичтер жана
аралашмалар бар болчу - 

111
00:05:31.729 --> 00:05:34.047
сиз аларды тепсеңиз, сыласаңыз,
сезсеңиз болот - алар ошол жакта турчу

112
00:05:34.047 --> 00:05:37.823
жана ал аларды мында
коюуга жардам берген.

113
00:05:37.823 --> 00:05:40.576
-Университеттерге көмөктөшүү –
бул экономикага,

114
00:05:40.576 --> 00:05:43.077
өзүңүзгө, кошуналарга жардамдашуу.

115
00:05:43.077 --> 00:05:44.614
Бул - сиздин келечекке салымыңыз.

116
00:05:44.614 --> 00:05:46.333
-Биринчи болуп баштаса да,

117
00:05:46.333 --> 00:05:49.456
Чак Лимерикке капиталдык салымды
кантип колдонуу аргасын тапты.

118
00:05:49.456 --> 00:05:53.117
-Ал Лимерик университетинде
чакан өлчөмдө кылганын

119
00:05:53.117 --> 00:05:56.745
бүткүл Ирландияда жүзөгө
ашырууну чечти.

120
00:05:56.745 --> 00:06:00.762
Бул - өкмөттү милдеттенмеге
шыкактады же өкмөттүн башкы 

121
00:06:00.762 --> 00:06:03.415
милдеттенмелерди өз мойнуна
алуусуна көмөкчү болду.

122
00:06:03.415 --> 00:06:05.568
-Бир нече жыл ичинде Ирландияда

123
00:06:05.568 --> 00:06:08.764
жогорку билим берүү түп
тамырынан жаңырды.

124
00:06:08.764 --> 00:06:11.253
Чак "жардам берип жашоо"
идеясына сүңгүдү.

125
00:06:11.253 --> 00:06:14.703
1996-ж. аягында DFS сатылган соң,  

126
00:06:14.703 --> 00:06:17.234
фонддун акчасы абдан көбөйдү.

127
00:06:17.234 --> 00:06:20.156
Эми Чактын залкар долбоорлорго
чамасы жетти.

128
00:06:20.156 --> 00:06:22.156
-Ошол убакта го, ал мындай деп айтты:

129
00:06:22.156 --> 00:06:26.202
"Келгиле, көзүмдүн тирүүсүндө
аз убакытта баарын кылалы, 

130
00:06:26.202 --> 00:06:29.831
анткени мен аралашкым келет
жана айрым идеяларым да бар".

131
00:06:31.490 --> 00:06:35.450
-Вьетнам ондогон жылдарга созулган
согуштан бүлгүнгө учурап,

132
00:06:35.450 --> 00:06:37.450
чындап абалы оор эле.

133
00:06:37.450 --> 00:06:40.044
-Чак алгач Вьетнамга келгенде,

134
00:06:40.044 --> 00:06:43.030
вьетнам эли куттуу турмушка
татыктуу экенин сезди.

135
00:06:43.030 --> 00:06:46.470
Чакка көрсөтүлгөн биринчи
нерсе - ооруканалар болду. 

136
00:06:46.470 --> 00:06:49.630
Ал мындагы шарттардын өзгөчө
начардыгын көрөөр замат, 

137
00:06:49.630 --> 00:06:52.310
дароо эле: "Келгиле,
бир нерсе кылалы", - 

138
00:06:52.310 --> 00:06:53.683
деп жоопкерчиликтүү айтты.

139
00:06:53.683 --> 00:06:55.899
-Сиз маңдайыңыздагы оорулуу
кишилерди көргөндө:

140
00:06:55.899 --> 00:07:01.369
"О, кудай, кимдир-бирөө бул көйгөйдү
чечиши керек го", - деп ойлойсуз.

141
00:07:02.017 --> 00:07:04.017
-Он жылдын ичинде фонд Вьетнамдын

142
00:07:04.017 --> 00:07:06.537
саламаттык сактоо системасын
XXI кылымга алып келүү үчүн

143
00:07:06.537 --> 00:07:10.144
жүз миллиондогон доллардык
инвестиция жасаган.

144
00:07:10.144 --> 00:07:12.804
-Ал Вьетнамды тандады, анткени

145
00:07:12.804 --> 00:07:17.029
азыраак акча менен эле сиз көптөгөн
тагдырларга олуттуу таасир эте аласыз.

146
00:07:17.029 --> 00:07:22.935
Ишкер катары бул Чакты
катуу толкундатты. 

147
00:07:22.935 --> 00:07:25.029
Элет жеринде ооруканага
эч качан бара албай

148
00:07:25.029 --> 00:07:27.340
турган көптөгөн тургундар байырлашат.

149
00:07:27.340 --> 00:07:31.512
Ошентип, сиз баштапкы саламаттык сактоо
системасынын көйгөйлөрүн чечүүгө тийишсиз.

150
00:07:31.512 --> 00:07:35.068
-Аймактарда коммуналык ден соолук
борборлору делгендердин аты бар,

151
00:07:35.068 --> 00:07:38.802
заты жок болчу. Саламаттык
сактоо ушундан башталды. 

152
00:07:38.802 --> 00:07:41.281
Чак өзү аны көргүсү келди.

153
00:07:41.281 --> 00:07:43.564
-Кеселдердин өтө көптүгүн,
ураган имараттарды,

154
00:07:43.564 --> 00:07:46.369
жабдуу таңкыстыгын, полдо
уктап жаткандарды көрөсүз.

155
00:07:46.369 --> 00:07:49.203
Бирок биз үмүт шамы буга чейин
эле бар болгонун көрдүк.

156
00:07:49.203 --> 00:07:52.246
Дарыгерлер, кызматкерлер -
ишке өтө берилгендер экен.

157
00:07:52.246 --> 00:07:53.936
-8 аймакта 900дөн ашуун

158
00:07:53.936 --> 00:07:57.686
коммуналык ден соолук борборлору
фонддун каражатына курулган 

159
00:07:57.686 --> 00:08:02.711
же жаңыртылган, алар 9 миллион
кишини тейлейт.

160
00:08:02.711 --> 00:08:05.437
Мындагы кызматкерлер мыкты
машыгуудан өтүштү.

161
00:08:05.437 --> 00:08:09.368
-Алгачкы коммуналык ден соолук
борбору курулган соң,

162
00:08:09.368 --> 00:08:10.731
экинчиси, анан кийинкиси курулуп,

163
00:08:10.731 --> 00:08:13.218
ийгиликтер тез эле артты;

164
00:08:13.218 --> 00:08:17.253
көп өтпөй бүткүл аймак камтылды;

165
00:08:17.253 --> 00:08:19.720
анан башка аймактар
кабар ала башташты да, 

166
00:08:19.720 --> 00:08:21.909
жүрүм тим эле кар көчкүгө айланды.

167
00:08:21.909 --> 00:08:26.376
-"Атлантик" фондунан тышкары жайылган
жана Вьетнамдын саламаттыкты сактоо

168
00:08:26.376 --> 00:08:28.737
системасына таасирин улантып, 

169
00:08:28.737 --> 00:08:31.848
анын бир бөлүгү болуп калчу
туруктуу натыйжа ушул.

170
00:08:31.848 --> 00:08:36.002
-Бул саламаттык системасынын
болочокто да чыңдалаарын түшүнүү -

171
00:08:36.002 --> 00:08:39.080
муундан муунга өтчү
кошумча өбөлгө эмеспи.

172
00:08:39.080 --> 00:08:41.080
-Чак - нагыз өрнөк болду.

173
00:08:41.080 --> 00:08:43.080
Анын окуясы өтө шыктандырат.

174
00:08:43.080 --> 00:08:45.080
Microsoft компаниясы ийгиликтин
туу чокусуна жеткенде,

175
00:08:45.080 --> 00:08:47.539
мен "эми топтолгон
байлыкты коомго кантип

176
00:08:47.539 --> 00:08:50.182
кайтарууга болот?"
деп ойлоно баштадым.

177
00:08:50.182 --> 00:08:53.408
-Чактын сыңарындай эле Билл Гейтс
да өз ишкердик капиталын

178
00:08:53.408 --> 00:08:55.408
кайрымдуулук мүдөөсүнө жумшоодо.

179
00:08:55.408 --> 00:08:58.715
-Бул идея - илимдин жетишкендигин
жана саамалыгын 

180
00:08:58.715 --> 00:09:00.449
калктын турмуш деңгээлин көтөрүү

181
00:09:00.449 --> 00:09:04.950
жана өзүбүз жеткен кутту ар кимге
шыбага кылуу үчүн пайдаланууда турат.

182
00:09:04.950 --> 00:09:08.276
-Түштүк Африка апартеидден бошонуп,

183
00:09:08.276 --> 00:09:12.395
демократияга кадам таштап жатканда,
"Атлантик" фонду ал өлкөгө келди.

184
00:09:12.395 --> 00:09:15.545
-Мында биз кыял үчүн инвестиция
сурап жатканбыз.

185
00:09:15.545 --> 00:09:20.496
Аны өтмүш азабын, деградациясын,
басынтуусун жок кылып,

186
00:09:20.496 --> 00:09:23.350
ордуна бакубаттыкты тартуулоо
кыялы үчүн сурадык.

187
00:09:23.936 --> 00:09:28.608
-1994-жылы Түштүк Африканын
көпчүлүк калкы сабатсыз эле.

188
00:09:28.608 --> 00:09:32.442
Милдетибиз - Түштүк Африканын
көптөгөн тургундарына

189
00:09:32.442 --> 00:09:35.913
заманбап билимдин маанисин
түшүндүрүү болчу.

190
00:09:35.913 --> 00:09:38.658
Мына ошондуктан университеттер
абдан маанилүү эмеспи.

191
00:09:38.658 --> 00:09:39.883
-Түштүк Африкада "Атлантик" фонду

192
00:09:39.883 --> 00:09:43.735
ЖОЖду өзгөрүүнүн кыймылдаткычы,
адам капиталын эркин коё берүүнүн

193
00:09:43.735 --> 00:09:46.047
жолу катары дагы бир жолу тандады.

194
00:09:46.047 --> 00:09:49.046
Өкмөт да таасирди эселентип
көбөйтүү үчүн 

195
00:09:49.046 --> 00:09:51.046
грантка шайкеш аракет кылды.

196
00:09:51.046 --> 00:09:53.382
-Университетти бир убакта

197
00:09:53.382 --> 00:09:55.577
миңден ашык студент

198
00:09:55.577 --> 00:09:57.418
чогулган күнү көрсөңүз.

199
00:09:57.418 --> 00:09:59.760
Түштүк африкалык бул
кара жаштардын баары

200
00:09:59.760 --> 00:10:01.760
илимий иш менен алектенип,
сыймыктана окушууда.

201
00:10:01.760 --> 00:10:05.939
Түштүк Африкада апартеид доорунда мындай
болот деп эч ким күткөн эмес болчу.

202
00:10:05.939 --> 00:10:07.939
Биз бүт дүйнөнү таң калтырдык.

203
00:10:07.939 --> 00:10:11.468
[демонстранттар ырдап жатышат]

204
00:10:11.468 --> 00:10:12.938
-Университеттерден тышкары

205
00:10:12.938 --> 00:10:16.377
"Атлантик" фонду кумса коомчулугуна
жана ВИЧ/СПИДге каршы күрөшчүлөргө 

206
00:10:16.377 --> 00:10:20.369
алгачкы болуп колдоо көрсөттү.

207
00:10:20.369 --> 00:10:23.598
[демонстранттар ырдап жатышат]

208
00:10:23.598 --> 00:10:26.841
-Бул жигердүү ишмердик СПИДдин
ойрондогуч залалына 

209
00:10:26.841 --> 00:10:29.725
каршы күрөштө доор бурулушун
камсыз кылды.

210
00:10:29.798 --> 00:10:36.235
-2004-жылы Түштүк Африкада
бир дагы киши

211
00:10:36.235 --> 00:10:39.457
коомдук саламаттык сактоо тармагы
аркылуу дарыланган эмес эле.

212
00:10:39.457 --> 00:10:43.072
Азыркы тапта 2 миллион киши
бул тармакта дарыланууда

213
00:10:43.072 --> 00:10:46.544
жана ошол тейлөөнүн аркасында 
көптөгөн кишилер тирүү калды.

214
00:10:46.544 --> 00:10:49.500
Биз өзүнчө бир ыңкылапка
таасир тийгиздик.

215
00:10:49.500 --> 00:10:51.780
Эгерде фонддун туруктуу
колдоосу болбосо,

216
00:10:51.780 --> 00:10:55.399
анда бул ыңкылап жүзөгө
ашмак эмес болчу.

217
00:10:55.399 --> 00:10:57.794
-Менде белекке китеп алуу
мүмкүнчүлүгү болду.

218
00:10:57.794 --> 00:10:59.794
Бул - Чак Фининин өмүр баяны жана

219
00:10:59.794 --> 00:11:05.459
укмуштуу кишинин ажайып саякаты.

220
00:11:05.459 --> 00:11:08.814
"Ай-и-ий!" деп алдым. Укмуштай кызыктуу
өмүр жолу... Айтайын дегеним...

221
00:11:08.814 --> 00:11:13.678
сиз билесизби... бир эле киши өз өмүрүндө
ушунчалык зор иштерди аткарып койду!

222
00:11:13.678 --> 00:11:15.678
-Инвестиция банкири Амит Чандра

223
00:11:15.678 --> 00:11:18.552
40 жашка чейин каржылык
ийгиликтерди жараткан.

224
00:11:18.552 --> 00:11:20.367
Ийгилик эрте келди,

225
00:11:20.367 --> 00:11:25.958
бирок көөдөндө кандайдыр бир
боштук сезими бар болчу.

226
00:11:25.958 --> 00:11:28.191
-Чак Фининин кубаттуу окуясы

227
00:11:28.191 --> 00:11:31.949
Амит менен анын жубайын жаңы
нукка түшүүгө шыктандырды.

228
00:11:31.949 --> 00:11:36.756
-Биз бүткүл байлыгыбызды
мындайча түзүмдө бөлүштүрдүк:

229
00:11:36.756 --> 00:11:38.756
үй-бүлөбүз үчүн керегинче

230
00:11:38.756 --> 00:11:41.229
алып калабыз да,
калганы мындан ары 

231
00:11:41.229 --> 00:11:44.887
жалаң кайрымдуулукка
кетет, деп чечтик.

232
00:11:44.887 --> 00:11:47.466
Бул нуктун бир өңүтүнүн өтө
эле өзүмчүл жагы да бар.

233
00:11:47.466 --> 00:11:50.242
Менин азыркы канааттануум дал ушул
жолду эч тандабай койгонумдагы

234
00:11:50.242 --> 00:11:52.057
болжолдуу каниет алганыма караганда
алда канча бийик турат.

235
00:11:52.057 --> 00:11:55.390
-Чак Фини миллиарддаган
акчаларынын эң акыркысын

236
00:11:55.390 --> 00:11:59.517
кайрымдуулукка жумшаганда, аларды
тапкандан да зор ыракат алат.

237
00:11:59.517 --> 00:12:02.529
Бул - анын ышкысы жана кут тамгасы.

238
00:12:02.529 --> 00:12:05.294
-Бул дүйнөдөн кетээр алдында
эмне кылсаңыз болот?

239
00:12:05.294 --> 00:12:07.496
Урпактар үчүн планетаны мыктыраак 

240
00:12:07.496 --> 00:12:09.496
келечектүү жакшыраак жай
катары калтыралы.

241
00:12:09.496 --> 00:12:11.623
Мындан артык каниет
таптырчу нерсе жок.

242
00:12:11.623 --> 00:12:13.407
Бул - бардыгыбыз үчүн,
өзгөчө алганда,

243
00:12:13.407 --> 00:12:16.954
байлыкка ээ кишилер
үчүн таберик сөз.

244
00:12:16.954 --> 00:12:20.531
-Менимче, жеке өзүм үчүн... бул -
эч кандай кыйын болчу иш эмес.

245
00:12:20.531 --> 00:12:23.679
-Эл ичинде отурганда, айланаңызды
карап, мындай дейсиз:

246
00:12:23.679 --> 00:12:26.639
эгер жакшылыкка талап болуп
жатса, анда эмне үчүн 

247
00:12:26.639 --> 00:12:29.982
жасай алчу жакшылыгыңызды
азайтышыңыз керек?

248
00:12:30.982 --> 00:12:37.252
Байлыгыңызды элге көмөк кылууга жумшаңыз.
Акыры-түбү, ар дайым кишилер гана башкы мааниге ээ.
-Чак Фини

249
00:12:38.094 --> 00:12:42.971
"Атлантик" фонду акыркы грантын
2016-ж. декабрда берип,
1982-ж. бери жалпы 8 миллиард
доллардан ашык инвестиция салган.

250
00:12:43.427 --> 00:12:48.800
35 жылдан ашуун мезгилде Австралия,
АКШ, Бермуд аралдары, Вьетнам, Куба,
Ирландия, Түндүк Ирландия аймагы,
Түштүк Африка бул фонддун гранттарын алган.

251
00:12:49.337 --> 00:13:24.720
[музыка ойноодо]

