WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:04.417
[музыка ойноодо]

2
00:00:04.457 --> 00:00:06.573
«Алтын талаалар»

3
00:00:06.613 --> 00:00:13.031
Европанын фермерлерине берилген
субсидиялардын көшөгөсүн ачуу

4
00:00:13.071 --> 00:00:15.147
Чоң азык-түлүк дүкөнүндөгү европалыктар.

5
00:00:15.187 --> 00:00:18.282
Орточо эсептесек, биз таза 
кирешебиздин 1/6 бөлүгүн

6
00:00:18.322 --> 00:00:20.178
азык-түлүк, суусундук жана 
тамекиге жумшайбыз. 

7
00:00:20.218 --> 00:00:23.069
Булардын көпчүлүгү Европадагы 4 миллионго 
чукул дыйкан чарбаларында өндүрүлөт.

8
00:00:23.109 --> 00:00:25.279
Дүкөндөрдөгү товарларды сатып алганыбызда 
төлөнчү салыктан тышкары,

9
00:00:25.319 --> 00:00:29.284
биз жылына 55 миллиард еврого тете акчаны 

10
00:00:29.324 --> 00:00:31.872
дыйкан чарбаларды субсидиялоого төлөйбүз.

11
00:00:31.912 --> 00:00:34.710
Деги бул каражат каякка кетет? 

12
00:00:34.750 --> 00:00:38.294
Ондогон жылдар бою бул маалымат 
жашыруун сыр болуп келди.

13
00:00:38.334 --> 00:00:41.330
Бул баян - журналисттер менен активисттер 
тобу "Бирдиктүү айыл чарба саясатынан" 

14
00:00:41.370 --> 00:00:44.126
ким жана канча алганы боюнча 
чындыкты аныктоо үчүн 

15
00:00:44.166 --> 00:00:46.776
өкмөт менен дыйкан чарбалардын 
таасирдүү лобби өкүлдөрү менен

16
00:00:46.816 --> 00:00:48.776
кантип күрөшкөндүгүн чагылдырат.

17
00:00:48.816 --> 00:00:52.368
-Бул долбоорго жумшалган акчанын көлөмү 
менин көңүлүмдү бурду.

18
00:00:52.408 --> 00:00:54.368
Бул - салык төлөөчүлөрдүн акчасы. 

19
00:00:54.408 --> 00:00:58.196
Бул маселени изилдей баштаганымда,

20
00:00:58.236 --> 00:01:01.531
ал - Европа Биримдигинин бюджетиндеги эң 
зор көлөмдөгү бир жолку кенемте болгон.

21
00:01:01.571 --> 00:01:06.489
Бизде ондогон жылдар бою салык 
төлөөчүлөрдүн акчасы бул саясий чөйрөгө 

22
00:01:06.529 --> 00:01:10.417
жана ошол саясатты ишке ашырган 
дыйкандар менен компанияларга 

23
00:01:10.457 --> 00:01:15.850
коомдук көзөмөлсүз эле жөнөтүлүп келген.

24
00:01:15.890 --> 00:01:20.296
-Менимче, ачык-айкындуулук 
демократия үчүн өзгөчө маанилүү.

25
00:01:20.336 --> 00:01:23.786
Айкындыксыз демократиянын 
болушу мүмкүн эмес.

26
00:01:23.826 --> 00:01:28.581
Мен мында, Брюсселдеги көбүктө, айкындык 
үчүн күрөшүү керек экенин түшүндүм, 

27
00:01:28.621 --> 00:01:32.136
бул жерде Европа Биримдигинин 
саясаты өтө маанилүү.

28
00:01:32.176 --> 00:01:33.810
-Европада 

29
00:01:33.850 --> 00:01:36.424
"Бирдиктүү айыл чарба саясаты" 
боюнча кызуу талаш-тартыш жүрүп жатат 

30
00:01:36.464 --> 00:01:38.616
жана бул талкууда маалымат жетиштүү 
деп айтууга болбойт, 

31
00:01:38.656 --> 00:01:41.365
себеби "Бирдиктүү айыл чарба саясатын" 
жактаган 

32
00:01:41.405 --> 00:01:43.870
кишилердин басымдуу бөлүгү 

33
00:01:43.910 --> 00:01:46.803
каражаттар элет аймагын жана 
чакан дыйкан чарбаларды

34
00:01:46.843 --> 00:01:48.656
колдоо үчүн жумшалат деген ойдо.

35
00:01:48.696 --> 00:01:52.405
Чынында, каражаттын басымдуу 
бөлүгү чоң оюнчуларга 

36
00:01:52.445 --> 00:01:54.957
жана, айрым учурларда, Румыниянын айыл 
чарбасына өнөр жайлык ыкмаларды  

37
00:01:54.997 --> 00:01:59.588
уюштурууга инвестиция жасаган 
америкалык компанияларга жөнөтүлгөн.

38
00:01:59.628 --> 00:02:02.123
Белгилей кетчү жагдай, алар мыйзамсыз 
эч нерсе жасаган жок,

39
00:02:02.163 --> 00:02:05.490
иштер толугу менен мыйзамдын 
чегинде аткарылып жатат. 

40
00:02:05.530 --> 00:02:09.189
Бирок көп кишилер "Бирдиктүү айыл чарба 
саясаты" ушундай жол менен иштейт 

41
00:02:09.229 --> 00:02:11.807
деп күтүшкөн деп эсептей албайм.

42
00:02:11.847 --> 00:02:16.746
-Бул саясат чакан дыйкан чарбаларды 
коргоого жана бул аркылуу 

43
00:02:16.786 --> 00:02:20.169
элет аймагында жашагандардын жер 
которуусун токтотууга багытталат 

44
00:02:20.209 --> 00:02:23.538
деген мааниде маалымдалып,
иш жүзүндө, 

45
00:02:23.578 --> 00:02:27.157
акчанын көп бөлүгүн айдоо талааларга 
ээлик кылган  

46
00:02:27.197 --> 00:02:32.496
байларга же ири жер үлүштөрү 
муундан-муунга өтүп келген 

47
00:02:32.536 --> 00:02:37.835
ак сөөк үй-бүлөлөргө берилгенин көрүп,

48
00:02:37.875 --> 00:02:40.989
бул саясий долбоор боюнча талкуулар 
же саясаттагы талкуулар

49
00:02:41.029 --> 00:02:43.505
аймактагы абалга же чындыкка эч 
коошпой калганын байкасак болот.

50
00:02:43.545 --> 00:02:46.779
Ушундай жагдай түзүлгөндө, 
мен журналист катары 

51
00:02:46.819 --> 00:02:48.824
окурмандарыма, акчанын ээси болгон 

52
00:02:48.864 --> 00:02:51.992
салык төлөөчүлөргө баяндама 
даярдашым керек.

53
00:02:52.032 --> 00:02:54.896
-Бул долбоор журналисттерди, 
изилдөөчүлөрдү, 

54
00:02:54.936 --> 00:02:57.582
бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн жана 
компьютер программачыларын 

55
00:02:57.622 --> 00:03:01.998
адаттан тыш жана жаңычыл жалпы 
европалык желеге бириктирди.

56
00:03:02.038 --> 00:03:07.901
-Адатта, өз изилдөөңүздү бейөкмөт уюмдар 
жана саясатка байланышы барлар менен 

57
00:03:07.941 --> 00:03:11.007
бөлүшкүңүз келбейт. Бирок керектүү 
маалыматты бирге топтосок болот 

58
00:03:11.047 --> 00:03:15.099
деген чечим кабыл алдык. Андан 
кийин бул маалыматты ар бирибиз 

59
00:03:15.139 --> 00:03:18.468
өз максатыбызда колдоно беребиз, 
бири-бирибизди кайсы бир тыянакка 

60
00:03:18.508 --> 00:03:24.646
же саясий көз карашка милдеттендирбедик,

61
00:03:24.686 --> 00:03:27.534
демек, биз көз карандысыз бойдон калдык.

62
00:03:27.574 --> 00:03:30.484
-Эгерде биз журналист катары коомдук 
кызыкчылыкты коргогубуз келсе,

63
00:03:30.524 --> 00:03:34.592
эгерде европалык институттарда 
топтолгон бийликке каршы 

64
00:03:34.632 --> 00:03:37.478
олуттуу салмак болууну көздөсөк, анда
биз маселени чакан улуттук топтун,

65
00:03:37.518 --> 00:03:40.324
өзүбүздүн өлкөбүздүн деңгээлинде 
гана карабай,

66
00:03:40.364 --> 00:03:43.408
жалпы Европа деңгээлиндеги журналист катары

67
00:03:43.448 --> 00:03:47.131
иликтөөбүздү чектеш өлкөлөрдө дагы 

68
00:03:47.171 --> 00:03:49.464
жүргүзүшүбүз абзел.

69
00:03:49.504 --> 00:03:51.995
-Журналисттердин көпчүлүгү бир 
окуя жаатында материалды

70
00:03:52.035 --> 00:03:55.555
бир нече ай бою даярдоого, 
изилдөөлөрүн ар башка өлкөгө 

71
00:03:55.595 --> 00:03:59.393
2-3 ирет каттап улантууга мүмкүнчүлүк 
ала албастыгы эч жашыруун эмес.

72
00:03:59.433 --> 00:04:03.160
Ошондуктан, болушунча көбүрөөк маалыматты 

73
00:04:03.200 --> 00:04:06.551
оңой жана жеткиликтүү түрдө 

74
00:04:06.591 --> 00:04:10.307
чогултууга жетишүү өзгөчө маанилүү.

75
00:04:10.347 --> 00:04:13.458
-Эбегейсиз зор чийки маалыматты 
бир жерге топтоо

76
00:04:13.498 --> 00:04:16.418
жана аны жеткиликтүү кылуу үчүн биз 
интернет барагын түзүүнү чечтик.

77
00:04:16.458 --> 00:04:20.295
Ар ким эле, дүйнөнүн кайсы 
аймагында болбосун, 

78
00:04:20.335 --> 00:04:23.482
компьютер чычканын басаар замат 
ал барактан керектүү маалымат ала алат.

79
00:04:23.522 --> 00:04:28.155
-Менимче, Мануэл Кастелс бир нече 
жыл мурун ушул жаатта сөз кылган.

80
00:04:28.195 --> 00:04:31.837
Ал, албетте, интернет - кооптуу, 

81
00:04:31.877 --> 00:04:35.503
себеби ал өкмөткө жарандарга карата 
көзөмөлдү күчөтүүгө жол ачат, 

82
00:04:35.543 --> 00:04:38.025
арийне, интернет - ири мүмкүнчүлүк, 

83
00:04:38.065 --> 00:04:41.247
анткени ал жарандардын дагы өкмөттүк 
ишмердикке көзөмөлүн чыңдап салат, деген.

84
00:04:41.287 --> 00:04:43.914
-Мындай интернет барактарын колдонууга 
эптүү кылуудагы негизги түйшүк - 

85
00:04:43.954 --> 00:04:46.520
маалыматтын жүктөлүшүн кыйла узак күтпөстөн,

86
00:04:46.560 --> 00:04:50.272
кардарлардын маалыматты өтө тез 

87
00:04:50.312 --> 00:04:52.542
жана оңой табуусуна 

88
00:04:52.582 --> 00:04:54.191
жетишүү болуп саналат.

89
00:04:54.231 --> 00:04:57.287
Техникалык жагынан алганда,

90
00:04:57.327 --> 00:04:59.660
абдан көп маалыматты топтоп, аны 
тез жана жеткиликтүү кылып

91
00:04:59.700 --> 00:05:02.121
уюштуруп берүү - чын эле татынакай түйшүк.

92
00:05:02.161 --> 00:05:07.696
-Менимче, айкындык бул кыймылга - 

93
00:05:07.736 --> 00:05:11.719
жардамды адилет бөлүштүрүүнү 
көздөгөн саясий кыймылга 

94
00:05:11.759 --> 00:05:14.164
зор түрткү болду. 

95
00:05:14.204 --> 00:05:17.287
Ошол эле учурда, биз жардамды 
туура бөлүштүрүүгө 

96
00:05:17.327 --> 00:05:20.626
салым коштук жана бул аракетибиздин, 
- farmsubsidy.org аркылуу 

97
00:05:20.666 --> 00:05:24.131
жетишилген айкындыктын, - аркасында 
көптөгөн Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдө 

98
00:05:24.171 --> 00:05:26.669
маданият менен коомдун акчасы 
деген идеяга карата 

99
00:05:26.709 --> 00:05:29.234
абал өзгөрдү го деп үмүттөнөм.

100
00:05:29.274 --> 00:05:31.712
Деги, коомдун акчасын сарптап жатканда,

101
00:05:31.752 --> 00:05:34.006
ал эмнеге жумшалганын коомго так 

102
00:05:34.046 --> 00:05:36.215
айгинелетишиңиз гана акыйкатка төп.

103
00:05:36.255 --> 00:05:38.955
-Байкашымча, бул көйгөйдү калайык,

104
00:05:38.995 --> 00:05:40.261
муну ашкерелөөгө тийешемдин бар экенин 
эч билбеген 

105
00:05:40.301 --> 00:05:43.451
карапайым кишилер да, капысынан 
талкуулай башташты.

106
00:05:43.491 --> 00:05:45.997
Алар дыйкан чарбаларга болгон субсидиялар, 
Евробиримдиктеги саясат 

107
00:05:46.037 --> 00:05:49.372
жана акчаны коротуу жаатында сөз кыла башташты.

108
00:05:49.412 --> 00:05:50.685
Дал ушуга жетүүнү биз көксөгөн элек.

109
00:05:50.725 --> 00:05:54.023
Биз элдин - шайлоочулардын - демократиянын 
пайдубалы болуусу үчүн 

110
00:05:54.063 --> 00:05:56.023
айкындыкты каалап, келээрки шайлоо маалында 

111
00:05:56.063 --> 00:05:59.298
алар өз каалоосун туура таразалап, 
татыктуу добуш берүүлөрү үчүн 

112
00:05:59.338 --> 00:06:02.798
зарыл аспапты тартуулагыбыз келет.

113
00:06:04.878 --> 00:06:32.642
[музыка ойноодо]

