﻿WEBVTT FILE

1
00:00:01.057 --> 00:00:03.526
-Жеке менчик өзүмчүлдөй угулат. 

2
00:00:03.566 --> 00:00:05.526
Жеке менчик болгондун ордуна,

3
00:00:05.566 --> 00:00:08.793
бардыгы бөлүштүрүлсө, 
жакшыраак болот беле? 

4
00:00:08.833 --> 00:00:12.121
Жеке менчикке караганда 
жалпы менчик жакшы эмеспи? 

5
00:00:12.161 --> 00:00:14.354
Албетте, эл ушундай деп ойлойт.

6
00:00:14.394 --> 00:00:18.523
-Эгер баарыбыз көбүрөөк өз ара 
бөлүшсөк, коом жакшыраак болмок.

7
00:00:18.563 --> 00:00:19.743
- Бөлүшүү - бул баары.

8
00:00:19.783 --> 00:00:20.826
Бирок коё туруӊуз. 

9
00:00:20.866 --> 00:00:24.624
Коомдук дааратканалар сыяктуу жалпы 
коомдук менчик жөнүндө ойлонуп көрүңүз.

10
00:00:24.664 --> 00:00:28.796
Алар көбүнчө булганыч болот. Коомдук 
көчөлөр көбүнчө таштандыга толтура болот.

11
00:00:28.836 --> 00:00:31.673
Элдин коомдук жерге кантип таштанды 
таштаганын көрүп жүрөсүз. 

12
00:00:31.713 --> 00:00:34.262
Эми жумуштагы орток нерселерди ойлонуңуз. 

13
00:00:34.302 --> 00:00:37.028
Бул менин кеңсемдеги 
баарыбыз пайдаланган муздаткыч, 

14
00:00:37.068 --> 00:00:40.371
ичин караңыз. Абдан жийиркеничтүү! 

15
00:00:40.411 --> 00:00:41.487
Эми бул жерде эмне бар экенин караӊыз. 

16
00:00:41.527 --> 00:00:46.817
Бул быштактын мөөнөтү өткөн жылдын 
октябрь айында аяктаган.

17
00:00:46.857 --> 00:00:50.018
Бир нерсе баарына таандык болсо, 
ал эч кимге таандык эмес. 

18
00:00:50.058 --> 00:00:52.660
Ага эч ким ээлик кылбайт. Ага кам 
көрүүгө эч кандай стимул жок.

19
00:00:52.700 --> 00:00:54.238
Ал кыянаттык менен колдонулуп, бузулат.

20
00:00:54.278 --> 00:00:57.570
-Рассел Робертс, Жорж Мейсон 
университетинин экономика профессору, 

21
00:00:57.610 --> 00:01:01.225
жеке менчик сейрек учурларда гана туура 
эмес колдонуларын же бузуларын айтат.

22
00:01:01.265 --> 00:01:04.003
-Жеке менчик өзүмчүлдөй угулат. 

23
00:01:04.043 --> 00:01:06.520
Байлар башка кишилердин 
эсебинен жыргашат.

24
00:01:06.560 --> 00:01:08.429
-Бирок ал кыйла жакшы иштейт го.

25
00:01:08.469 --> 00:01:11.116
- Муну коомдук парктар же талаалар 
менен салыштырыңыз. 

26
00:01:11.156 --> 00:01:13.900
Таштандылар ушул жерде калып калат. 

27
00:01:13.940 --> 00:01:16.383
Адамдардын деңизден ашыкча балык 
кармашынын себеби да ушул. 

28
00:01:16.423 --> 00:01:18.948
Океан коомдук менчик, жалпы менчик. 

29
00:01:18.988 --> 00:01:21.535
Ошентип, көп жылдар бою балыкчылар колуна 
тийгендин баарын кармап келишкен. 

30
00:01:21.575 --> 00:01:23.367
Алардын көбөйүү үчүн жетиштүү 

31
00:01:23.407 --> 00:01:25.367
балык калтырууга стимулу аз болгон. 

32
00:01:25.407 --> 00:01:29.527
Ошентип, балыктардын саны 
кескин кыскарган. Мисалы...

33
00:01:29.567 --> 00:01:32.902
-...сиз балык уулап жан баккан 
үй-бүлөнүн башчысысыз дейли.

34
00:01:32.942 --> 00:01:34.797
-Бул жогорку класстын мугалими 
окуучуларына кишилердин иш-аракети 

35
00:01:34.837 --> 00:01:38.248
ушундай нукка түшкөнүн чагылдыруу 
үчүн сыноо уюштурууда.

36
00:01:38.288 --> 00:01:42.713
-Биздин балык - мына бул шоколаддуу 
конфет. Эми муну жейсиӊер.

37
00:01:42.753 --> 00:01:46.170
-Ар бир үстөлгө жабык стакандагы 
конфеттер бөлүшүүгө берилет.

38
00:01:46.210 --> 00:01:48.469
Эжей балдарга каалаганча таттуу алып, 

39
00:01:48.509 --> 00:01:50.469
анан кийинки балага бергиле, деди. 

40
00:01:50.509 --> 00:01:53.501
Калып калганы балык сыяктуу көбөйөт,

41
00:01:53.541 --> 00:01:55.501
анткени эжей аларды эки эселеп көбөйтөт.

42
00:01:55.541 --> 00:01:57.579
Анан эмне болду дебейсизби?

43
00:01:57.619 --> 00:02:03.717
Стаканды ал. Бизге көрсөт. 
Бош. Лорен Бош.

44
00:02:03.757 --> 00:02:05.717
-Конфеттер балык болчу болсо, 
жаман кабар болмок.

45
00:02:05.757 --> 00:02:10.744
Силер көлмөлөрүӊөрдөгү балыкты 
түгөттүӊөр. Бүттү, жок.

46
00:02:10.784 --> 00:02:13.675
-Мен бөлүшөйүн деп ойлогонмун, 

47
00:02:13.715 --> 00:02:17.135
бирок башкалар бөлүшпөйт го 
деп көбүрөөк алдым.

48
00:02:17.175 --> 00:02:20.499
-Экономисттер муну “коомдун трагедиясы” 
деп аташат. 

49
00:02:20.539 --> 00:02:21.800
- Сен ач көздүк кылдыӊ. 

50
00:02:21.840 --> 00:02:23.447
-Андан кийин эжей эрежелерди өзгөрттү. 

51
00:02:23.487 --> 00:02:27.908
Ар бир окуучу жеке көлмө сымал 
жеке стаканына ээ болду.

52
00:02:27.948 --> 00:02:30.686
-... бул - иш жүзүндө менчиктештирүүнүн 
маңызына төп аракет болду.

53
00:02:30.726 --> 00:02:33.510
-Оо, менчиктештирүү деген 
андай деле жаман эмес окшойт?

54
00:02:33.550 --> 00:02:35.679
Бул жолу эч ким ашыкча балык уулабайт. 

55
00:02:35.719 --> 00:02:38.069
Окуучулар көлмөлөрүндө 
жетиштүү балык калтырууга 

56
00:02:38.109 --> 00:02:41.067
аракет кылышат жана конфеттин 
жаңы муундары туулат.

57
00:02:41.107 --> 00:02:45.780
-Демек, мүлк биздики болсо, ага көбүрөөк 
кам көрөбүз деп айтып жатасызбы?

58
00:02:45.820 --> 00:02:47.701
-Албетте. 
[Пилдин добушу]

59
00:02:47.741 --> 00:02:51.274
-Соңунда, ушул эле принцип тиги 
пилдерди сактап кала алат. 

60
00:02:51.314 --> 00:02:54.916
Көптөгөн Африка өлкөлөрүндө 
пилдер баарына таандык. 

61
00:02:54.956 --> 00:02:56.659
Өкмөт аларды өлтүрүүгө тыюу салат, 
бирок полиция

62
00:02:56.699 --> 00:02:59.882
мунун бааарына көзөмөл жүргүзүшү 
үчүн түздүк өтө эле кенендик кылат.

63
00:02:59.922 --> 00:03:04.025
Ошентип, ач көз аткезчилер пилдерди 
атып, азууларын уурдашат.

64
00:03:04.065 --> 00:03:05.934
- Полициялар жетишпейт. 

65
00:03:05.974 --> 00:03:08.381
Пилдерди өлтүрүү туура эмес 
деп айтуу - жакшы ой,

66
00:03:08.421 --> 00:03:10.538
бирок ал ыкма эч майнап бербеди.

67
00:03:10.578 --> 00:03:13.003
-Аңчылыкка тыюу салынган бул өлкөлөрдө 

68
00:03:13.043 --> 00:03:15.895
пилдердин саны кескин кыскарган. 

69
00:03:15.935 --> 00:03:18.617
Бирок кээ бир жерлерде 
жергиликтүү айыл тургундары

70
00:03:18.657 --> 00:03:20.291
пилдерди менчиктөө укугуна ээ. 

71
00:03:20.331 --> 00:03:25.136
Ошентип, алар бир пил үчүн 10 000ге жакын 
долларлык аңчылык лицензиясын сатышат. 

72
00:03:25.176 --> 00:03:29.604
[мылтык атылды]

73
00:03:29.644 --> 00:03:31.447
-Оо, адреналин төбөнү кандай тепти!

74
00:03:31.487 --> 00:03:34.654
- Коё туруӊузчу. Деги пилдерди 
өлтүрүү пилдерди сактап калабы?

75
00:03:34.694 --> 00:03:37.875
-Ой-ий, ушунчалык ыплас иш, 
бирок ал ишке жарап жатпайбы.

76
00:03:37.915 --> 00:03:41.570
-Иштейт экен, анткени айылдагылар азыр 
"булар - өз пилдерибиз" дешет. 

77
00:03:41.610 --> 00:03:45.843
Мурда аткезчи болгон бул киши да азыр 
пилдерди коргоп кызмат өтөйт.

78
00:03:45.883 --> 00:03:47.843
-Айыл тургундары пайда табуу 
үчүн шыктангандыктан,

79
00:03:47.883 --> 00:03:50.901
пилдерди аткезчилердин 
аңчылыгынан коргошот. 

80
00:03:50.941 --> 00:03:52.433
Натыйжада, алар пилдерге 
өздөрү кам көрүшөт.

81
00:03:52.473 --> 00:03:54.784
Алар алтын жумурткалаган 
тоокту өлтүргүсү келбейт.

82
00:03:54.824 --> 00:03:57.817
- Айылдыктар пилдерге ээлик 
кылган бул өлкөлөрдө 

83
00:03:57.857 --> 00:04:00.282
пилдердин саны дээрлик үч эсеге көбөйгөн. 

84
00:04:00.322 --> 00:04:03.233
Ошентип, жалпы ээлик кылуу бир 
караганда жакшы көрүнгөнү менен... 

85
00:04:03.273 --> 00:04:05.062
-Ээлик кылуу - бул кам көрүү... 

86
00:04:05.102 --> 00:04:07.310
-көбүнчө бул ишти начарлатат.

