﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.012 --> 00:00:03.437
Экономикалык эркиндик жана экономикалык өсүш

2
00:00:03.477 --> 00:00:06.822
Эмне үчүн кээ бир жерлер бай, 
башкалары жакыр? 

3
00:00:06.862 --> 00:00:09.990
Эмне үчүн кээ бир чоң шаарлар түн 
ичинде жарык, башкалары караңгы? 

4
00:00:10.030 --> 00:00:13.280
Булар - экономиканын тарыхындагы 
эң маанилүү 

5
00:00:13.320 --> 00:00:14.982
жана туруктуу табышмактардын айрымдары.

6
00:00:15.022 --> 00:00:19.172
Адам Смит 1776-жылы ушул 
карама-каршылыктарды байкап,

7
00:00:19.212 --> 00:00:21.945
"Элдердин байлыгы" аттуу китебинде

8
00:00:21.985 --> 00:00:23.728
ушул суроолорду берген. 

9
00:00:23.768 --> 00:00:27.617
Смиттин ою боюнча, бул 
айырмачылыктардын себеби 

10
00:00:27.657 --> 00:00:29.436
жөнөкөй эле: экономикалык эркиндик.

11
00:00:29.476 --> 00:00:32.140
Смиттин айтымында: 
«Мамлекетти эң төмөнкү жапайычылыктан

12
00:00:32.180 --> 00:00:35.269
эң жогорку жыргалчылыкка 
чыгаруу үчүн тынчтык, 

13
00:00:35.309 --> 00:00:37.119
жеңил салыктар жана сабырдуу, 

14
00:00:37.159 --> 00:00:42.402
адилет башкарууга жетишилсе,
башка кыпындай иш да керек эмес».

15
00:00:42.442 --> 00:00:46.325
Бакубаттык үчүн өкмөттүн тынчтыкты жана 
адилеттүүлүктү камсыз кылган мамлекеттин 

16
00:00:46.365 --> 00:00:50.068
чектелген кийлигишүүсү эле керек 
деген Смиттин ою туурабы? 

17
00:00:50.108 --> 00:00:51.525
Биз аны кантип биле алабыз?

18
00:00:51.565 --> 00:00:53.525
"Дүйнөнүн экономикалык 
эркиндиги" баяндамасы 

19
00:00:53.565 --> 00:00:56.269
өлкөнүн саясаты жеке 
тандоого, жеке менчикке жана 

20
00:00:56.309 --> 00:00:59.838
ыктыярдуу алмашууга - Адам Смит 
жактаган экономикалык системага

21
00:00:59.878 --> 00:01:02.832
канчалык шайкеш келээрин өлчөйт.

22
00:01:02.872 --> 00:01:04.832
Биз бул көрсөткүчтөрдү 

23
00:01:04.872 --> 00:01:07.084
өлкөнүн экономикалык эркиндигин баалоо 
үчүн колдонуп, андан кийин  

24
00:01:07.124 --> 00:01:10.246
эконмикалык эркиндиктин экономикалык өсүш менен 
кандай байланышы бар экенин көрө алабыз.

25
00:01:10.286 --> 00:01:14.421
Келгиле, бул рейтингдин 
негизинде өлкөлөрдү 

26
00:01:14.461 --> 00:01:16.732
эң аз эркинден эң эркинге 
чейинки 4 топко бөлүп көрөлү.

27
00:01:16.772 --> 00:01:19.031
Эң аз экономикалык эркиндикке 
ээ болгон өлкөлөрдө 

28
00:01:19.071 --> 00:01:22.398
жан башына ИДӨ эң төмөн, 
ал эми эң эркин

29
00:01:22.438 --> 00:01:25.863
өлкөлөрдө жашоо деңгээли 8 эсе жогору.

30
00:01:25.903 --> 00:01:28.623
Эгер сиз бул жыйынтыктар география же 

31
00:01:28.663 --> 00:01:32.167
маданият сыяктуу өңүттөргө 
байланыштуу деп ойлосоңуз, 

32
00:01:32.207 --> 00:01:34.442
анда Корей жарым аралын карап көрөлү.

33
00:01:34.482 --> 00:01:36.442
Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын 

34
00:01:36.482 --> 00:01:40.485
маданияты, географиясы жана 
жаратылыш ресурстары окшош. 

35
00:01:40.525 --> 00:01:45.438
Эми жарым аралды түн ичинде 
карап көрөлү. Эмнени көрдүңүз?

36
00:01:45.478 --> 00:01:47.582
1953-жылы Корея экиге бөлүнгөн. 

37
00:01:47.622 --> 00:01:49.582
Түштүк тарабы көбүрөөк 
экономикалык эркиндикти тандаса,

38
00:01:49.622 --> 00:01:53.909
Түндүк жеке эркиндиктин 
дээрлик бардык түрлөрүн жок кылды.

39
00:01:53.949 --> 00:01:57.225
60 жылдан кийин Түштүк 
Кореядагы орточо киреше 

40
00:01:57.265 --> 00:02:00.600
Түндүк Кореяга салыштырмалуу 
10 эсе жогору болду. 

41
00:02:00.640 --> 00:02:03.070
Эми өз үйүбүзгө - АКШга жакындайлы. 

42
00:02:03.110 --> 00:02:05.851
Мэриленд жана Батыш Вирджиния.

43
00:02:05.891 --> 00:02:09.567
"Түндүк Американын экономикалык 
эркиндиги" баяндамасына ылайык, 

44
00:02:09.607 --> 00:02:16.071
экономикалык эркиндик боюнча Мэриленд 
18-орунда, Батыш Виржиния 40-орунда турат.

45
00:02:16.111 --> 00:02:17.857
Эмне үчүн Батыш Виржиниянын

46
00:02:17.897 --> 00:02:20.497
салык кодекси ишкерлердин ишин оорлотот?

47
00:02:20.537 --> 00:02:22.915
Мисалы, сиз бул сүрөттө Мэриленд 

48
00:02:22.955 --> 00:02:25.767
тарабында турган имараттар - алар алгач 

49
00:02:25.807 --> 00:02:28.359
Батыш Виржинияда негизделген 
компанияга таандык.

50
00:02:28.399 --> 00:02:31.698
Ал чек арадан өткөн соң, салыктары жана 
чыгымдары азыраак болуп, анын өсүшүнө, 

51
00:02:31.738 --> 00:02:35.765
көбүрөөк иш орундарын түзүүгө жана 
жыргалчылыктын өсүшүнө шарт түздү.

52
00:02:35.805 --> 00:02:38.172
Штаттын бардык жерлеринде 
ушундай болду жана 

53
00:02:38.212 --> 00:02:41.581
бакыбаттыктагы бул 
айырмачылыктарды өлчөөгө болот. 

54
00:02:41.621 --> 00:02:44.002
Натыйжада Мэриленддеги 
жан башына түшкөн киреше - 

55
00:02:44.042 --> 00:02:48.944
Батыш Виржинияга караганда 
10 000 доллардан да жогору.

56
00:02:48.984 --> 00:02:52.150
Албетте, алар Адам Смиттин 
кеңешине кулак салышы керек болчу. 

57
00:02:52.190 --> 00:02:53.593
Ал туура багыт берген. 

58
00:02:53.633 --> 00:02:57.874
Экономикалык жашоодо кишинин жеке 
эркиндиги экономикалык өрүшкө жетелейт. 

59
00:02:57.914 --> 00:03:00.569
Демек, сиз өсүү жана 
бакубаттык жөнүндө ойлосоңуз, 

60
00:03:00.609 --> 00:03:04.196
анда экономикалык эркиндикти 
көз жаздымда калтыра албайсыз.

