WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:02.772
Бай өлкөлөр эмнеден байыйт? 

2
00:00:02.812 --> 00:00:05.296
Бүгүн биз көпчүлүк кишилер 
бул суроого эмне үчүн

3
00:00:05.336 --> 00:00:07.505
туура эмес жооп берээри 
жөнүндө кеп салмакчыбыз. 

4
00:00:07.545 --> 00:00:14.942
[музыка ойноодо]

5
00:00:15.177 --> 00:00:18.059
Көпчүлүк кишилер өлкө мунай, пайдалуу 
кендер же айыл чарба жерлери сыяктуу 

6
00:00:18.099 --> 00:00:22.152
табигый ресурстарга ээ болсо эле, 
байыйт ко деп айтышат.

7
00:00:22.192 --> 00:00:26.243
Бирок бул чын болсо, Жапония абдан 
жакыр өлкө болмок 

8
00:00:26.283 --> 00:00:29.078
көптөгөн африкалык өлкөлөр 
ченемсиз бай болмок.

9
00:00:29.118 --> 00:00:32.791
Демек, ресурстар өлкөнү бай кыла 
албаса, анда эмне бай кылат? 

10
00:00:32.831 --> 00:00:34.076
Мен сиздерге эки окуяны айтып берейин.

11
00:00:34.116 --> 00:00:37.386
Бул - Франциянын түштүгүндөгү 
көпүрө жана суу кууру.

12
00:00:37.426 --> 00:00:40.062
Аны римдиктер болжол менен 
2000 жыл мурда курган. 

13
00:00:40.102 --> 00:00:43.252
Алар эң жөнөкөй ыкмаларды, 
таштарды жана аралашмаларды,

14
00:00:43.292 --> 00:00:46.540
айрым чыгырыктуу жөнөкөй жүк 
көтөргүч аспаптарды 

15
00:00:46.580 --> 00:00:48.180
жана көптөгөн жумушчуларды колдонушкан. 

16
00:00:48.220 --> 00:00:51.088
Бул курулуш 2 миң жылдан кийин 
деле былк этпей турат. 

17
00:00:51.128 --> 00:00:53.487
Бул болсо – Такома-Нэрроуз көпүрөсү.

18
00:00:53.527 --> 00:00:56.155
1940-жылы Вашингтон штатында 
эӊ алдыӊкы куралдарды 

19
00:00:56.195 --> 00:00:59.576
жана технологияларды колдонуу 
менен курулган. 

20
00:00:59.616 --> 00:01:03.171
Аларда жогорку сапаттуу болот, 
темир-бетон жана крандар бар эле, 

21
00:01:03.211 --> 00:01:06.335
бирок ал курулганына бир жыл 
боло элек жатып кулап түшкөн.

22
00:01:06.375 --> 00:01:08.934
Демек, ресурстар бул эки башка көпүрөнүн  

23
00:01:08.974 --> 00:01:11.591
ийгилигин же майнапсыздыгын түшүндүрбөйт. 

24
00:01:11.631 --> 00:01:13.972
Эмне түшүндүрөт? Стимулдар. 

25
00:01:14.012 --> 00:01:17.498
Римдиктер көпүрөлөрүн колдонуудан 
мурда дайыма сынап көрүшчү. 

26
00:01:17.538 --> 00:01:20.657
Алар береги чоң өгүз арабага 
толтура оор таштарды жүктөп,

27
00:01:20.697 --> 00:01:22.324
көпүрөдөн аны айдап өтүшчү.

28
00:01:22.364 --> 00:01:24.855
Эгерде көпүрө ошол оор жүктөн 
улам кулап түшпөсө,

29
00:01:24.895 --> 00:01:26.172
анда аны колдонуу коопсуз эле. 

30
00:01:26.212 --> 00:01:27.955
Мунун кызык жери бар:

31
00:01:27.995 --> 00:01:30.940
римдиктер көпүрөнү
долбоорлогон кишини 

32
00:01:30.980 --> 00:01:33.266
алгачкы ирет көпүрөдөн өтчү 
арабага отургузушчу. 

33
00:01:33.306 --> 00:01:35.772
Ошентип, ал киши мүмкүн болушунча

34
00:01:35.812 --> 00:01:38.084
өтө бекем көпүрө курууга умтулган. 

35
00:01:38.124 --> 00:01:40.212
Мындан улам кээ бир римдик көпүрөлөр 

36
00:01:40.252 --> 00:01:42.402
2000 жылдан кийин дагы эле сакталып турат,

37
00:01:42.442 --> 00:01:44.992
ал эми заманбап көпүрөлөрүбүздүн 
айрымдары кулап калган. 

38
00:01:45.032 --> 00:01:48.188
Биздин экинчи окуя Түндүк Корея менен 
Түштүк Кореянын ортосунда жайгашкан.

39
00:01:48.228 --> 00:01:50.887
Корей жарым аралында өтөт.

40
00:01:50.927 --> 00:01:53.091
Бул жерде түн ичинде спутниктен тартылган сүрөт.

41
00:01:53.131 --> 00:01:56.189
Мындан сиз Түштүк Кореянын коңшу Кытай 
сыяктуу эле жаркырап турганын көрөсүз, 

42
00:01:56.229 --> 00:01:58.771
анткени ал - гүлдөп-өнүккөн экономика. 

43
00:01:58.811 --> 00:02:02.815
Ошондой эле калкы бирдей, бирок 
таптакыр артта калган 

44
00:02:02.855 --> 00:02:05.569
Түндүк Кореяны көрө аласыз.

45
00:02:05.609 --> 00:02:07.569
Деги мындай айырмачылык эмнеден? 

46
00:02:07.609 --> 00:02:09.953
Ооба, бул эки өлкөнүн географиясы,

47
00:02:09.993 --> 00:02:13.499
климаты жана ресурстары бирдей. 
Демек, кеп анда эмес.

48
00:02:13.539 --> 00:02:17.786
1945-жылга чейин Түндүк жана Түштүк 
Корея бир өлкө болгон. 

49
00:02:17.826 --> 00:02:20.174
Демек, алардын тарыхы бир, тили бир,

50
00:02:20.214 --> 00:02:23.313
дини бир, маданияты бир. 
Демек, себеп мында да эмес. 

51
00:02:23.353 --> 00:02:27.320
Айырмасы мында: Түштүк Кореяда 
базар экономикасы бар

52
00:02:27.360 --> 00:02:30.271
жана ал 1970-жылдардан бери – 
демократиялык өлкө.

53
00:02:30.311 --> 00:02:32.189
Ал эми Түндүк Корея - 

54
00:02:32.229 --> 00:02:35.557
дүйнөдөгү акыркы коммунисттик 
диктатуралардын бири.

55
00:02:35.597 --> 00:02:38.243
Кайра эле белгилеп айтсак, 
айырмачылык - стимулдарда. 

56
00:02:38.283 --> 00:02:42.477
Базар демократиясы коммунисттик 
диктатурада жок 

57
00:02:42.517 --> 00:02:44.997
инновациялар менен инвестициялар 
үчүн стимулдарды жаратат;

58
00:02:45.037 --> 00:02:48.714
дал ушул стимулдар эмне үчүн ресурстарга 
жакыр Жапония чындыгында өтө бай,

59
00:02:48.754 --> 00:02:52.838
ал эми Африканын көптөгөн өлкөлөрү 
өтө жакыр экенин түшүндүрөт.

60
00:02:52.878 --> 00:02:55.544
Жапония – демократиялык өлкө, 
ал мыйзам үстөмдүгүнө ээ, 

61
00:02:55.584 --> 00:02:56.949
менчик укуктарын коргойт жана 

62
00:02:56.989 --> 00:03:00.879
бул институттар экономикалык 
өсүш үчүн стимулдарды жаратат. 

63
00:03:00.919 --> 00:03:03.603
Ал эми ар кандай тарыхый 
себептерден улам 

64
00:03:03.643 --> 00:03:06.919
көптөгөн өнүгүп келе жаткан 
өлкөлөрдө мындай институттар жок; 

65
00:03:06.959 --> 00:03:09.716
бул - алардын жарандарынын 
инвестицияга жана саамалыкка 

66
00:03:09.756 --> 00:03:11.204
стимулу азыраактыгын туюнтат. 

67
00:03:11.244 --> 00:03:13.626
Стимулдардын таасири ушунчалык 
күчтүү болгондуктан, 

68
00:03:13.666 --> 00:03:16.354
аны космостон көрүүгө болот. 

69
00:03:16.394 --> 00:03:18.761
Бул Econ Guy деген жигит ким? 

70
00:03:18.801 --> 00:03:21.736
Мен - Патрик Уолшмун.  Вермонт штатындагы 
Берлингтонго жакын жайгашкан 

71
00:03:21.776 --> 00:03:24.320
Сент-Майкл коллежинин экономика 
кафедрасынын доцентимин.

