﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:04.902
-Биз өкмөт өтө көп нерсе үчүн жооп 
бериши керек деп ойлойбуз. 

2
00:00:04.942 --> 00:00:07.017
Бирок анын коомдук турак-жай же 
америкалык индейлердин көйгөйү 

3
00:00:07.057 --> 00:00:10.115
сыяктууларды кантип чечип 
жатканын эске алсак, 

4
00:00:10.155 --> 00:00:12.553
кайсы бир жаңы арганы сыноо 
удулу келди десек болобу? 

5
00:00:12.593 --> 00:00:14.553
Бүгүн ыңкылап жүрүп жатат. 

6
00:00:14.593 --> 00:00:17.738
Жеке ишкерлер мурда 
өкмөттүн гана колунан келет

7
00:00:17.778 --> 00:00:19.870
деп калк айтчу иштерди сонун аткарууда.

8
00:00:20.972 --> 00:00:23.403
Ичүүчү суу сыяктуу негизги нерсени алалы. 

9
00:00:23.443 --> 00:00:25.403
Адатта муну өкмөт камсыздачу.

10
00:00:25.443 --> 00:00:27.817
АКШнын көпчүлүк бөлүгүндө 
шаардык суу мекемелери 

11
00:00:27.857 --> 00:00:30.830
суу түтүктөрүн дат бастыртып, түйшүк бар.

12
00:00:30.870 --> 00:00:33.136
Нью-Жерси штатындагы Жерси шаарында 

13
00:00:33.176 --> 00:00:34.606
суунун даамы өтө начарлап,

14
00:00:34.646 --> 00:00:37.000
кээде өкмөттүн сыноосунан өтпөй, 

15
00:00:37.040 --> 00:00:39.127
кымбаттап кетти.

16
00:00:39.167 --> 00:00:41.127
Шаар жумушчулары мэр Брет Шундлерге

17
00:00:41.167 --> 00:00:42.918
колдон келгени ушу болгонун айтышты. 

18
00:00:42.958 --> 00:00:44.998
Алар ал турсун баанын өсүшүн 
да басаңдата алышкан жок.

19
00:00:45.038 --> 00:00:47.216
-Биз: "Тарифтерди жогорулатпаш 
үчүн чыгымдарды 

20
00:00:47.256 --> 00:00:49.493
азайта аласыздарбы?" - десек,
алар: "Жок", - дешти.

21
00:00:49.533 --> 00:00:53.348
-"Мүмкүн эмес" - бардык 
аткаминерлердин сүйгөн жообу. 

22
00:00:53.388 --> 00:00:55.531
Шундлер болсо чектен тыш иш кылды. 

23
00:00:55.571 --> 00:00:59.676
Ал суу түтүктөрүн оңдоо үчүн тендер жарыялап, 
аны соода-сатык фирмасы утуп алды.

24
00:00:59.716 --> 00:01:02.034
Бир нече айдын ичинде бул фирма 

25
00:01:02.074 --> 00:01:04.774
өкмөттүн колунан эч келбеген 
түтүк оңдоо ишин бүтүрдү. 

26
00:01:04.814 --> 00:01:06.946
Бирок ичүүчү сууну сырттагы 
айрым жеке менчик 

27
00:01:06.986 --> 00:01:09.150
фирмага кантип ишенсе болот?

28
00:01:09.190 --> 00:01:10.357
-Чынын айтсак, биздин суубуз мурдагыдан 

29
00:01:10.397 --> 00:01:12.448
алда канча коопсуз жана таза.

30
00:01:12.488 --> 00:01:13.957
-Кийинки жылдарда алгачкы 
жолу шаар суусу 

31
00:01:13.997 --> 00:01:17.478
эң бийик стандарттарга төп болду; 
буга азыраак акча кетти. 

32
00:01:17.518 --> 00:01:21.289
Жеке фирма салык төлөөчүлөргө 
35 миллион доллар үнөмдөдү.

33
00:01:21.329 --> 00:01:22.325
Эгер алар иштин ышпалдасын чыгарсачы?

34
00:01:22.365 --> 00:01:24.287
-Анда алар кетирилет. Ойрондолот. 
Башым да оорубайт.

35
00:01:24.327 --> 00:01:26.845
Эгер ишти бузушса, анда башка 
бирөө менен келишим түзөбүз да.

36
00:01:26.885 --> 00:01:28.422
- Бул - мүдөөнү түшүнүүгө көмөкчүбү?

37
00:01:28.462 --> 00:01:30.525
Ооба. Түшүнүү үчүн эч бир нерсе 
иштен айрылуу азабы 

38
00:01:30.565 --> 00:01:33.298
сыяктуу түрткү боло албас, дешет эмеспи.

39
00:01:33.338 --> 00:01:34.688
-Айырмасы ушунда. 

40
00:01:34.728 --> 00:01:37.752
Өкмөт - бул монополия, 
демек, анда эч нагыз атаандашы

41
00:01:37.792 --> 00:01:41.394
саамалыктуу же тырышып 
иштөө үчүн эч түрткү да жок. 

42
00:01:41.434 --> 00:01:44.705
Бул кишилер мурда Жерси шаардык 
суу мекемесинде иштешчү; 

43
00:01:44.745 --> 00:01:47.338
ал мекеме суу түтүк эч оңдолбойт деген. 

44
00:01:47.378 --> 00:01:49.813
Эми фирма бүтпөс өксүктү бүтүрүүдө.

45
00:01:49.853 --> 00:01:51.278
Сиздер азыр көбүрөөк иштеп жатасыздарбы?

46
00:01:51.318 --> 00:01:53.857
Ооба. Дайым кыймылда болосуз, 
ар күнү - ар башка жумуш.

47
00:01:53.897 --> 00:01:55.857
-Демек, сиз буга чейин жалкоолонуп келдиңиз беле?
Кандай десем...

48
00:01:55.897 --> 00:01:59.600
-Бош отурмай, кофе ичмей болчу беле?
-Кандай айтсам, кээде болчу, ооба, 

49
00:01:59.640 --> 00:02:01.249
шаар мекемесинде иштегенибизде.

50
00:02:01.289 --> 00:02:03.249
-Пайда жеке фирмаларга 
чыгымдарды азайтып, 

51
00:02:03.289 --> 00:02:06.368
сапатты жогорулатуу үчүн 
кубаттуу стимул берет. 

52
00:02:06.408 --> 00:02:10.503
Өкмөт башкарчу ишканаларда буга 
тете шыктантчу түрткү жок.

53
00:02:10.543 --> 00:02:13.984
Демек, көп учурларда жеке 
ишканалар өкмөттүк кызматтарды 

54
00:02:14.024 --> 00:02:17.344
салттык баасынан арзан аткарууга жөндөмдүү 
экени - таң калычтуу болбоого тийиш.

