WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:02.454
Franklin Templeton сунуштайт

2
00:00:02.494 --> 00:00:04.986
Демейдеги инвесторлор үчүн
жүрүм-турумдук каржы

3
00:00:05.026 --> 00:00:06.752
Узак мөөнөттүү инвестициялык

4
00:00:06.792 --> 00:00:09.281
ийгилигиңизге жардам берүү үчүн
жоболордон кабардар кылуу.

5
00:00:09.321 --> 00:00:11.793
Бүгүнкү сабак - жеткиликтүүлүктүн
бир беткейлиги.

6
00:00:11.833 --> 00:00:16.357
Жеткиликтүүлүктүн бир беткейлигин
түшүндүрүү үчүн акулаларды алалы.

7
00:00:16.397 --> 00:00:21.205
АКШда акуланын кол салуу ыктымалдыгы
11 миллион 500 миңден 1ге барабар.

8
00:00:21.245 --> 00:00:24.575
Чынында, кишилер акуланын
кол салуусуна караганда,

9
00:00:24.615 --> 00:00:27.009
бугунун сүзүп салганынан же
жээктеги кумга көмүлүүдөн 

10
00:00:27.049 --> 00:00:28.675
көбүрөөк өлүшөт.

11
00:00:28.715 --> 00:00:31.867
Жагдай ташынын биздин пайдабызга
оогонун ачык-айкын көргөн соң,

12
00:00:31.907 --> 00:00:34.645
камырабай сууга түшө
берсек болчудай. 

13
00:00:34.685 --> 00:00:38.476
Бирок анча шашылбай коё туруңуз.

14
00:00:38.516 --> 00:00:41.357
Эгер сиз жаңы эле "Discovery" каналынан
"Акула аптасы" берүүсүн көргөн болсоңузчу?

15
00:00:41.397 --> 00:00:44.672
Баса, аны жай саратанда
көрсөткөндү эп көрүшөт.

16
00:00:44.712 --> 00:00:46.672
Анда азыр оюңузду көбүрөөк
эмне ээлеп турат?

17
00:00:46.712 --> 00:00:50.242
Коопсуз экениңизге ынандырган
лотерея оюну сымал

18
00:00:50.282 --> 00:00:53.819
статистикалык маалыматпы,
же тюлендин этин самаган  

19
00:00:53.859 --> 00:00:56.254
килейген түштүк
африкалык акулабы?

20
00:00:56.294 --> 00:00:59.528
Жээкте кум менен ойноо деңизде сүзүүгө
караганда күтүүсүздөн жагымдуураак

21
00:00:59.568 --> 00:01:04.139
сезилиши мүмкүн. Бул - кыймыл-аракеттеги
жеткиликтүүлүктүн бир беткейлиги.

22
00:01:04.179 --> 00:01:07.859
Акыл-эсиңиз акула чабуулдарынын
өтө сейрек болоорун түшүнүп турат,

23
00:01:07.899 --> 00:01:09.897
бирок эгер сиз жакында болбосо да,

24
00:01:09.937 --> 00:01:12.814
өтө кайгылуу окуя тууралуу
жаңылык уккан болсоңуз,

25
00:01:12.854 --> 00:01:16.205
анда ал сиздин чечимиңизге күчтүүрөөк
таасир тийгизиши мүмкүн.

26
00:01:16.245 --> 00:01:20.068
Жеткиликтүүлүктүн бир беткейлиги адамдын
инвестиция чечимине да таасир этет.

27
00:01:20.108 --> 00:01:23.010
Мисалы, 2008-жылы дүрбөлөң түшкөн
баалуу кагаздар рыногу баалуу

28
00:01:23.050 --> 00:01:26.953
кагаздарга салым жасоонун тобокелдиги
тууралуу айкын эскерүүлөрдү калтырды.

29
00:01:26.993 --> 00:01:30.626
Эстен чыккыс жарааттай болду.
Айрым инвесторлор бул окуяларга 

30
00:01:30.666 --> 00:01:33.485
инвестициядан качып, накталай
акча сактоо менен жооп беришти.

31
00:01:33.525 --> 00:01:37.527
Алар өзүн коопсуз сезгиси келген. Бирок
салынган акчалар аз киреше бергендиктен,

32
00:01:37.567 --> 00:01:41.082
көптөгөн инвесторлор ордунда эле
жер тээп туруп калгандай сезишти.

33
00:01:41.122 --> 00:01:43.082
Ал эми алардын сатып алуу
жөндөмүн азайткан 

34
00:01:43.122 --> 00:01:45.234
инфляциянын чыныгы коркунучун
мындай коёлу.

