﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.028 --> 00:00:02.752
MRUniversity.com
Экономиканы үйрөнүңүз, 
дүйнөңүздү түшүнүңүз

2
00:00:04.019 --> 00:00:07.312
Экономика сөздүгү

3
00:00:07.374 --> 00:00:12.694
Натыйжалуу базар гипотезасы деген эмне

4
00:00:13.088 --> 00:00:15.832
Натыйжалуу базар гипотезасы деген эмне? 

5
00:00:15.832 --> 00:00:17.799
Гипотезадагы негизги ой - 

6
00:00:17.799 --> 00:00:20.935
бул акция бирдиги катары сатыкта 
турган баалуу кагаздардын баалары 

7
00:00:20.935 --> 00:00:25.617
буга чейин эле баарына жеткиликтүү 
болгон маалыматты чагылдырат;

8
00:00:25.617 --> 00:00:28.632
демек, эгер сиз жалпыга жеткиликтүү 
маалыматтын негизинде инвестиция салсаңыз,

9
00:00:28.632 --> 00:00:33.363
анда кыйла мезгилден соң баалуу кагаздар 
базарынан системалуу түрдө озуп кете албайсыз.

10
00:00:33.363 --> 00:00:35.642
Ушуну мындайча таразаласаңыз: 
орточо алганда, 

11
00:00:35.642 --> 00:00:39.148
кардарлар сатуучулардай эле көлөмдөгү 
маалыматка ээ, же тескерисинче. 

12
00:00:39.148 --> 00:00:43.313
Демек, баалуу кагаздар 
базарда байсалдуу сатылышы да,

13
00:00:43.313 --> 00:00:45.313
күйүп кетиши да мүмкүн. 

14
00:00:45.623 --> 00:00:48.045
Баалуу кагаздардын кирешесин 
алдын ала болжолдоо кыйын,

15
00:00:48.045 --> 00:00:52.478
анткени эски маалымат баалуу 
кагаздардын баасына эчак эле кошулган, 

16
00:00:52.478 --> 00:00:57.302
ал эми жаңы маалымат, аныктамага 
ылайык, күтүүсүз же сейрек учурайт.

17
00:00:57.302 --> 00:00:58.842
Буга бир мисал: 

18
00:00:58.842 --> 00:01:03.713
1986-ж. 28-январында Чыгыш стандарт 
убактысы боюнча саат 11:39да 

19
00:01:03.713 --> 00:01:07.258
Челленджер космос чөлмөгү жарылып, 

20
00:01:07.258 --> 00:01:09.258
андагы кишилер бүт набыт кеткен. 

21
00:01:09.258 --> 00:01:13.616
8 мүнөттөн кийин бул кабар Dow 
Jones'тун телеграф тейлөөсүнө жеткен. 

22
00:01:13.616 --> 00:01:16.947
Ал кезде ыкчам кат технологиясы жок 
болчу, жүрүмдөр жайыраак өтчү.

23
00:01:16.947 --> 00:01:19.914
Ошол күнү ал кемени 
курууга салым кошкон 

24
00:01:19.914 --> 00:01:21.465
Morton Thiokol, Lockheed, 
Martin Marietta жана

25
00:01:21.465 --> 00:01:23.978
Rockwell International сыяктуу бардык 
негизги контракт ээлеринин 

26
00:01:23.978 --> 00:01:26.671
баалуу кагаздары дароо
2-3%га төмөндөгөн, 

27
00:01:26.671 --> 00:01:29.413
ал эми бир гана Morton Thiokol 

28
00:01:29.413 --> 00:01:34.692
компаниясыныкы 11%дан 
ашык деңгээлге кулаган.

29
00:01:35.002 --> 00:01:38.216
Кийин билингендей, Morton Thiokol 
фирмасы кырсыктын эң негизги

30
00:01:38.216 --> 00:01:42.299
себеби болушу ыктымалдыгын эркин базар 
жаземдебей божомолдогон жана 

31
00:01:42.299 --> 00:01:46.738
бир нече сааттын ичинде эле бул 
маалымат базар баасында чагылдырылган. 

32
00:01:46.738 --> 00:01:50.002
Расмий иликтөө 6 айга чейин 
башталышы мүмкүн эмес болчу, 

33
00:01:50.002 --> 00:01:53.695
бул убакыт ичинде Morton Thiokol 
өндүргөн тыгыздатчу шакектер

34
00:01:53.695 --> 00:01:56.709
кырсыкка себеп катары байланыштырылган.

35
00:01:56.850 --> 00:01:59.074
Эми бул 1986-жыл эле да. 

36
00:01:59.074 --> 00:02:02.462
Азыркы тапта жаңы маалымат 
заманбап базарларды 

37
00:02:02.462 --> 00:02:06.571
саат же мүнөт ичинде эмес, 
секунд же миллисекунд ичинде, -

38
00:02:06.571 --> 00:02:08.571
көз ирмегенден да тезирээк 
убакытта, - өзгөртө баштайт. 

39
00:02:08.571 --> 00:02:13.171
Бул - натыйжалуу базар гипотезасын 
ого бетер кубаттуу тастыктайт.

40
00:02:13.171 --> 00:02:15.171
[музыка ойноодо]

